Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Алгачкы карлыгачтардын бири – Талип Майриков

Редакциябызга келген Токтосун карыя токсон жашты тоголотуп койгон чагы экен. Атасы Талип Майриков өз учурунун билимдүү кишиси болуп, кезинде “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезитинде иштегендиги, мектеп уюштуруп элдин сабатын ачканы тууралуу материал алып келиптир. Баарынан да бизди кубантканы “Эркин Тоо” гезитинин алгачкы сандарын сары майдай сактап жүргөндүгү болду. Кылымга жуук жашап койсо дагы акыл-эси сергек, баскан турганы чыйрак кутман карыянын бул макаласын окурмандарыбызга сунуш кылабыз.

Менин атам Майриков Талип 1900-жылы азыркы Арашан айылында туулган. Кыргыз тузем мектебин бүтүрүп, Верный шаарындагы (азыркы Алма-Ата) мугалимдердин институтуна кирет. Аны 1921-жылы бүтүрүп чыгып, өзү окуп бүтүргөн тузем мектебине мугалим болуп келет. Эки жылдан кийин Бишкек шаарындагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда иштейт.

М.Талип 1926-жылдын 17-январынан баштап “Эркин Тоо” гезитине чакырылып, иштей баштайт. Көп узабай адабий кызматкерлер бөлүмүнүн башчысы болот. Газета адегенде араб тамгасы менен бир жумада эки жолу чыгып турган. М. алипке жооптуу милдеттер кошула берет. Айылдарда жаш балдарды мектепке тартуу, мугалим кадрлары менен камсыз кылуу, класстарды китеп жана башка окуу куралдары менен толуктоо –жаш журналист, окутуу-чу М.Талипке жүктөлгөн. Балдар арасында окуу тарбия иштерин жүргүзүү, андагы кемчиликтер, жетишкендиктер боюнча М.Талип өзүнүн макалаларын чыгарып турган. Улам бир ишке дайындалган сайын жаш адис М.Талип талыкпай иштеп өзүнүн ишке болгон жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган. Ал иштердин башында Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков турган. Бул инсандар Кара-кыргыз автономиялуу облусунун пайдубалын түптөөчүлөрдөн болгон. М.Талип дагы ошолор менен бирге чыккан мугалим журналист болгон.

М.Талип 1925-жылы февраль айында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин Эл комиссарлар советинин округдук инспекциясынын башчылыгына дайындалат. 1926-жылдан баштап башталгыч класстардын окутуу программаларын иштеп чыгат жана аларга керектүү материалдарды кошуп чыгарат. Башталгыч класс­тарда балдарды окутуунун методикасын иштеп чыккан.

1935-жылдан баштап репрессия башталат. Камалгандардын ичинде юстиция министри Ташы Кудайбергенов 10 жылга кесилип Сибирге айдалган. Москва шаарында иштеп жана окуп жаткан Айтматов Төрөкулду Чоң Таштын Ата-Бейитиндеги аңга бир топ группадагы адамдар менен атып өлтүрүп көмгөн. Кээ бирлерин 10-15 жылдык мөөнөт менен Сибирге айдаган. Кыргыздын чыгаандарынын бири Ж.Садаев шаар башчысы болгон. Ал мугалимдерди билимин өркүндөтүүчү институтуна келип мындай деген: “Азыр биздин өкмөттө акыбал кыйын болуп жатат. Күнөөсү жоктор суракка алынып, Сибирге айдалып же болбосо атууга кетип жатат. Мени дагы суракка чакырып жатышат. Мени дагы камайт окшойт. Ошондуктан, силер аман-эсениңерде айыл-айылыңарга баргыла. Мектептерди ачып кыздар-балдарды окуткула. Азыр жаштардын баары сабатсыз. Ошолорду окуткула”, – дептир.

Эки айдан кийин эле Ж. Садаевди камап, 10 жылга кесип жиберген. Анын аялы бир баласы Марс менен калган.

М.Талип ошондон кийин өз айылы Босбөлтөк колхозуна келип, бир кампадагы буудайды алдырып, ал кампаны ремонттон чыгарып, колхоз тарабынан стол, парта алдырып башталгыч мектеп ачып, 4-класска чейинки балдарды окута баштаган.

Мухамбет Дөгдүров Караколдогу мугалимдердин техникумун бүтүрүп, кабарчы-журналист катары Тоң районунда белгилүү болуп калган. Квартирасы жок болгондуктан, ал Талиптин 3 бөлмөлүү жер үйүндө эки жыл жашаган. Ал Талип менен биргеликте орус тилинен кыргыз тилине география, тарых китептерин кыргыз тилине которуп, орус тилинде келген инструкцияларды, буйруктарды кыргызчага которуп кыргыздын облустарына, райондоруна жеткирип турушкан. Ошол учурда айылдарда көпчүлүк балдар мектепке тартылбагандыктан сабатсыз болушкан. Мектеби бар жерлерде дагы окуу китептери жок болгон. Жазууга кагаз, дептерлер дагы жетишсиз болгон. Ошол учурда өкмөттө каражат акча жокко эсе болгон. Ошондуктан, өкмөт тарабынан “Союз кошчу” деген уюм түзүлгөн.

М.Талип ошол мектептин директору болгон. Мугалимдери Адис Керимов, анын аялы Б.Бегалиева болгон. Ал мугалимдер айылды кыдырып биринчи класска балдарды тартып, окута баштаган. Алардын биринчи окуучулары Ж.Абасканова, С.Кошокбекова, М.Азаматова болгон.  9 жыл өткөндөн кийин ал мектеп 7 жылдык болуп чоңойгон. Андан кийин мектеп салынып 9-10-класстар ачылган.

Ошентип, айылдагы балдардын кыздардын баарын окуткан. Андан кийин мугалимдик кесипти балдарына берип, өзү Босбөлтөк колхозунун текшерүү комиссиясынын башчысы болуп шайланат. 1955-жылы ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыгат. 1966-жылдан кийин катуу оорудан каза болот.

Ата Мекендик согуштун убагында контр болуп айдалып, атууга же 10-15 жылга кесилгендердин бардыгы акталган. Бирок, алар акталганда алардын дээрлик баары каза болгон. Жалаң эле биздин Чоң-Таштагы Ата-Бейиттен 50-60 кишинин өздүк билеттери казганда табылган. Алар кыргыздын туңгуч жетекчилери эле.

Токтосун ТАЛИПОВ

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар