Урматтуу кылым жашаган “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясы!
Мен 1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында Казакстандын Семипалатинск ядролук полигонунун аймагында кызмат өтөгөнмүн.
Кийинкилер билбесе да, улуу муундагылар жакшы билишет, Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин, Советтер Союзу Семипалатинскини ядролук куралдарды сыноочу аймакка айландырган. Ондогон жылдар бул аймакта жер алдында жана жер үстүндө ядролук куралдарды сыноолор болуп турган.
Негизинен сыноонун күчү 1946-жылы Япониядагы Нагасакиге ташталган атом бомбасынын күчүнөн 20 эсеге көп болгон. Бул бизге жеткен маалымат боюнча эле, а мүмкүн сыноонун күчү андан да жогору болгондур, ал алигиче аскердик жашырын сыр.
Мен кызмат өтөгөн аба мейкиндигинин коргоо аскер бөлүгү лазердик нур чыгарган аскердик жабдуулар, техникалар (высотомер, дальномер, комплекс П-80, Дубрава 1,2, локаторлордун түрлөрү, радиостанциялар, передатчик, приемниктер ж.б.) менен куралданган эле. Офицерлер биз колдонгон аскердик техникалар, лазердик жабдуулар ден-соолукка зыян экенин ачык эле айтышчу. Бирок, ага карабай биз Ата Мекен алдындагы кызматыбызды абийир менен аткардык.
Казакстанда полигон жайгашкан аймакта жашаган жарандарына, ал эми Россияда Семипалатинскиде кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына социалдык жактан жеңилдиктер берилген. 50 жаштан пен-сияга чыгышат, жылыга курорт, санаторийге барышат. Дене организмдерин калыбына келтирүү үчүн бир жылдык пособиеден тышкары пенсиясына кошумча каражат берилет.
Семипалатинск аймагында жашагандарда нурлануунун деңгээли канчалык болгонун изилдеп, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуу үчүн Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Семипалатинск шаарында ра-диациялык медицина илимий-изилдөө институту иштейт.
1976-жылы Таластан эки автобус толо 18 жашка толгон уландар барып, Семипалатинск шаарына түштүк жана анда 1978-жылга чейин кызмат өтөдүк. Кийин кайтканда ар бирибизге өзүнчө карточкаларды берген. Убагында анын канчалык баалуу кагаз экенин билбеппиз. Көрсө, ядролук курал сыноодон өткөн аймакта кызмат кылуунун канчалык зыяндуулугу, анын кесепети кандай болору минтип жылдар өтүп, пенсия жашына келген маалда билинет экен. Аны айтканда эмне, нурлануунун азабын тартып жатабыз. Калп айтпасам, Семипалатинск аймагында аскерде кызмат өтөгөндөрдүн дээрлик 70 пайызынын көзү өтүп кетти.
2005-жылдан Семипалатинск аймагында кызмат кылган кыргызстандыктарга союз мезгилинде көрсөтүлүүчү жардамдар токтотулган. Ага чейин Чернобыль катышуучулары менен бирге каттоодо турчубуз. Азыр деле турабыз. Менин каттоо номерим 2969. Мыйзам жана каражат жок деген шылтоо менен эч кандай жардамдар көрсөтүлбөйт, социалдык пакет каралган эмес. Чындыгында, биз ядролук курал сыналган аймакта кызмат кылгандыктан, чернобылчылар менен бирдей эле жеңилдиктер каралышы керек болчу.
Учурунда баарыбыз союзга кызмат өтөгөнбүз. Коңшу мамлекеттерде иштеген мыйзам бизде да иштеши, социалдык жактан корголушу керек болчу. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке да кайрылганбыз. Бирок ушул мезгилге чейин эч бир депутат биздин маселени коомчулукка алып чыккысы келбейт.
Мен Ата Мекен үчүн кан-жанымды арнап, Семипалатинскиде кызмат кылганымы колко кылбайм. Бирок нурлануунун кесепетинен улам ден соолук четинен кетип жатат. 60 жашымда 36 жылдык эмгек стажысы менен 2171 сомго пенсияга чыктым. Көбөйүп отуруп, азыр 5,5 миң сом болду. Семипалатинск полигонунда аскерде кызмат өтөгөн адам үчүн ушул акча эмнеге жетет? Мен мамлекеттен жашоо-тирлик үчүн акча талап кылбайм, бирок союз мезгилинде ядролук курал сыноодон өткөн аймакта кызмат кылган адам катары дары-дармек жана дарылануу үчүн соцпакет сураганга мыйзамдуу укугум бар деп эсептеймин. Менин жана мага окшоп Семипалатинскиде кызмат кылгандардын укугу мыйзам менен корголууга тийиш.
Эсенбек МАЛАБЕКОВ,
Бишкек шаары