Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагында катталган кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган күч-каражаттардын жардамында 56 турак үйдүн короо-жайы тазаланып бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Аркыт айылында Кара-Жыгач — Сары-Челек авто жолунун болжол менен 2,5 чакырым аралыгы, Сарай-Сай сайынан түшкөн сел суулары сайдан ашып, 500 метр аралыкта ички чарбалык авто жолун каптаган. Мындагы суу жууп кеткен тилкелер калыбына келтирилип, жол каттамында унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.