Депутат Замирбек Мамасадыков Ноокен районунун Достук айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жолугушуунун журүшүндө эл өкүлү Замирбек Мамасадыков мандат алгандан кийинки эки жарым жыл ичинде аткарган депутаттык ишмердүүлүгү боюнча отчёт берди.
«Мен Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанып жатып бир гана убада бергем. Убакытты текке кетирбейм, эл аралайм, көчө-көчө кыдырып, элди угам — деп. Ошол убадамды аткарып эл менен жолугушуп, көйгөйлөрүн аткаруу бийлигине жеткирдим. Айрым маселелерди гранттардын, кайрымдуулук уюмдардын колдоосу менен ишке ашырдым,» — деди эл өкүлү.