Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кетти. Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Анын айтымында, азыркы учурда президент Садыр Жапаров башкы прокурор кызмат ордуна прокуратура системасынын кызматкерлеринин ичинен талапкерлерди карап жатат.

Эскерте кетсек, Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматын 2020-жылдын октябрынан бери аркалап келген.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар