Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Жогорку Кеңеш Зулушевди башкы прокурорлук кызматтан бошотууга макулдугун берди

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын башкы прокурорун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотууга президенттин сунуштамасын колдоп беришти.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар