whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүВенада Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум башталды

Венада Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум башталды

Форум президент Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталып, андан соң Акылбек Жапаровдун куттуктоо сөзү менен коштолду.

МинКаб жетекчисинин айтымында, форум Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмү үчүн да эсте каларлык болот. Анткени биринчи кезекте Аймактык маанидеги долбоор – Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу талкууланат.

«Форум туруктуу өнүгүүгө карай маанилүү кадам жана бизди жашыл жана гүлдөгөн дүйнөгө алып баруучу жаркын жолдун башталышы болот. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген, жашыл келечектин флагманы болууга багытталган долбоорго чоң кызыгуу көрсөткөн форумдун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирем. Форум тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн гана эмес, стратегиялык өнөктөштүктүн жана чечкиндүү биргелешкен аракеттердин да уникалдуу аянтчасы болуп калаарына ишенем”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бул энергетикалык форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор катышууда.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар