Талас жылуулук ишканасынын директору Ильяс Алибеков менен от жагуу сезону артта калган кезде жылдагыдан узактыгы менен айырмаланган кыш түйшүгү туурасында баарлаштык.
– Ильяс Эркинович, былтыркы кыш катуу суугу менен эсте калды эле. Быйылкысы анча суук болбой, чегинен ашкан жок десек чилденин кеткиси келбей, узарганы кандай таасир жаратты?
– Ырас, сиз айткандай быйылкы кыш өткөн жылдарга салыштырмалуу узак болгонсуду. Ошентсе дагы кыштын сынагынан кыйналбай эле чыктык. Болгону, сынак бизге кошумча сабак болду. Мындай кырдаалда эске алып коюучу жагдайларга көңүлдү көбүрөөк бурушубуз керек.
– Өзүңүз айткан жагдайларды чечмелеп бербейсизби: Эмнеге көбүрөөк көңүл буруу керек?
– Албетте, биринчи кезекте даярдыктын сапатына. Эгерде кышка даярдыкты сапаттуу жүргүзүп, от жагылчу сезонду толук камылга менен баштасак аяздуу кыш канчалык создугуп кетсе дагы жылуулуктун берилишин үзгүлтүксүз, чуру-чуусу жок камсыздоого болору дагы бир жолу далилденди.
Былтыркы сезонго карата Кыргыз жылуулук энерго мамлекеттик ишканасы оңдоо иштерине жакшы кам көргөнүбүзгө көмөк берип, жакшы шарт түзгөн. Убагынан кечикпей баштаган даярдыктын натыйжасында оңдоо иштерин сапаттуу аткарууну камсыздаганбыз. Баягы сууктарда кошумча от казандарды орнотуп алганыбыздын пайдасын көрдүк. Анын натыйжасында жылуулук берүү учурунда бузулуп, токтоп калуулар болгон жок. Үзгүлтүксүз жылуулук берилди.
– Сынактын “экинчи” сабагы” эмнеде?
– Сынактын дагы бир сабагы- ошол эле даярдыктын мөөнөтүнөн кечиктирбей баштоо. Ошондуктан быйылкы жылдын кыш мезгилине даярдыктар азыртан эле, шыр башталды. Себеби, өзүңүз билгендей энергетика тартыштыгы мезгил өткөн сайын күчөп жатат. Башкы бөлүмгө кайрылып жатабыз. Алар канчалык эрте акча бөлүшсө иш ошончолук эрте башталат. Бизде эң көйгөйлүү маселе – трассанын эскилиги. Бул бизден кошумча күч жана убакытты талап кылат.Биринчи кезекте сөз жок оңдоого муктаж болгон тармактан баштайбыз.
– Эскилерин жаңыртуу жагы кандай?
– Акырындап болсо дагы трассаны жаңыртуу аракети жүрүп жатат. Былтыр 680 метр жери алмаштырылган. Жер астында жалпысынан 9000 метрге жакын тармак барын эске алсак, алдыдагы иштин көлөмү канчалык экени билинет.
– Жаңыртылган аймактарда жылуулуктун берилиши кандай болот экен?
– Түтүктөрү жаңыга алмашкан аймактарда жылуулук жакшы жетип, жоготуу болгон жок.
– Абал кыйыныраак жерлер барбы, кыйындыктын башкы себеби эмнеде?
– Элдин баары бирдей эмес экен да. 59-кварталдагы бир үйдөн арыз түшө берет. Сарыгулов атындагы көчөдөгү 75-77 номурлуу эки үйдүн да жылуулук абалы бир аз начарыраак. Эгер жашоо-чулар жабдыктарын алып берсе, ишти толук бекер жасап беребиз деп да чакырык кылып жатабыз. Ал сунушка макул болуп, түтүк, жабдууларын алмаштыргандар жакшы натыйжанын үзүрүн көрүп жатышат. Көпчүлүк үйлөрдө “квартиранттар” жашагандыктан тиешелүү төлөмдүн акчасы убагында чогулбайт.
Былтыр Бердике Баатыр көчөсүнөн эки үй жылуулук тармагына кошулду. Быйыл жогорку бөлүмдөн жаңы от казан берилет деген чечим бар. Анткени, Таласта жаңы үйлөр курулуп жатат. Алар кошулат. Бизде такай эки от казан иштейт. Бири – запаста. Эми бардык отказандардын абалдары жакшы. Баарын жаңыртканбыз. Трассалар оңдолсо отунга да үнөмдүүрөк болот. Менин иштегениме төрт жыл болду. Ушул жылдар аралыгында кадр маселесинде мүчүлүштүктөр болгон жок. Ич ара алмашуулар болду. Бирок, кызматкерлердин себепсиз кетиши болгон жок.
Негизги милдет жылуулук берүү болгондуктан өз милдетин так аткарган, жоопкер, тажрыйбалуу адистерди баалашыбыз керек. Буюрса, даярдык иштери 90 пайызга аткарылып калды. Элге кайрыларым – жылуулук үчүн төлөмдү убагында төлөсөңүздөр эле ишибиз мындан дагы таасирдүү, тез жүрөт.
– Өндүрүлө турган карыздардын абалы кандай?
– Биз жылына кеткен жылуулук үчүн төлөмдү 100 пайыз чогултуп алып жатабыз. Тээ, мурунку жылдардан калып келген эки миллиондон ашык карыз бар болчу. Аракетибиздин аркасы менен ал карыздар да жылына 20 пайыздын тегерегинде жабылып жатат. Мэрия тарабынан коюлган пландын негизинде иш алып барып жатабыз. Биздин юристибиз “үмүт үздүрбөгөн” эски карыздарды чечүү жолдорун карап жатат.
Акыры келип, ишканабыз өнүгүү жолуна түшүп, адамдар жылуу үйдө, бакубат жашайт деген ишенимде иш улап жатабыз.
Козубек Иманкулов, “Кыргыз Туусу”