Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына заманбап муниципалдык соода борбору курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Комплексин куруу үчүн 15 га жер тилкеси берген. Долбоордун жалпы суммасы 250 млн. сомду түзөт. Соода-сатык комплекси ишке берилсе 2,5 — 3,5 миңге чейин жаран жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө.
Белгиленгендей, курулуш иштери 2023-жылдын октябрында башталган.