whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешЖогорку Кеңеш Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун колдоду

Жогорку Кеңеш Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун колдоду

Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу тууралуу үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев темир жолдун маршруту, суммасы, каржылоосу жөнүндө маалымат берди. Ал темир жол Торугарттан кирип, Макмал аркылуу Жалал-Абадга өтүп, андан ары Өзбекстан тарапка кирип кетерин белгилеп, темир жолдун картасын көрсөттү.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүн тактап, аны тездетүүгө чакырды. Буга «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев долбоор 2024-жылдын октябрында башталарын маалымдады. Депутаттар Дастан Бекешев жана Надира Нарматова «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн зор маанисин белгилешти. Эл өкүлү Чингиз Айдарбеков темир жолду Кыргызстандын балансына өткөрүү шарттарына токтолду.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар