19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында мамлекеттик мектептерди куруунун кезектүүлүк тартиби жөнүндө” токтом долбоору каралды. Демилгечилердин бири, депутат Эльдар Абакиров жыл сайын Кыргызстанда жалпы билим берүү мектептерине болгон муктаждык көбөйүп жатканы, анын өзү окуучулардын санынын олуттуу өсүшүнө байланыштуу экенин билдирди.
“Ушундан улам Финансы министрлигине 2025-жылдын аягына чейин 2,5 эседен көп окуучу билим алган (кызыл классификацияга киргизилген) мектептердин курулушун жана ремонтун аяктоо үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону, ошондой эле 2026-жылга бюджеттин божомолунда 2,5 эседен аз тартыштыкта окуган (сары классификацияга киргизилген) мектептердин ремонтун жана курулушун аяктоо үчүн каражат бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштайбыз», – деди Эльдар Абакиров.
Мектеп куруу маселеси минтип парламентте көтөрүлүп жатканы турулуу иш. Эгер Кыргызстан келерки жылдардан 12 жылдык билим берүү системасына өтө турганын эске алсак, анда мектеп жана мектептин кошумча имараттарына гана муктаждык өспөстөн, ошону менен бирге мугалимдерге жана окуу китептерине болгон муктаждык да жыл санап өсүп, көйгөй жарата берери бышык. Мунун өзү мамлекеттик бюджеттен билим берүү системасына кошумча каражатты да талап кылары айтпаса да түшүнүктүү.
Өткөн жумада парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары Талант Иманакун уулу 2024-жылы республика боюнча 65 мектеп курула турганын, мындан тышкары капиталдык ремонттон өтө турган 30 мектеп бар экендигин, жалпысынан быйылкы жылга 430 объектке каржылоо ачылгандыгын, анын арасында мектептер, бала бакчалар, таза суу, спорт аянтчалары, маданий жайлар да бардыгын билдирген. Анын айтымында, өткөн жылы 105 мектеп пайдаланууга берилип, 40 мектеп 2024-жылга өткөн.
Минтип жыл сайын мектептер салынып, эскилери капиталдык ремонттон өтүп, мунун баары республикалык бюджеттен каржыланып жатканы, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, экономика жандана баштаганын билдирет. Ушундан улам бир окуяны айта кетейин. 2001-жылы Тойчубек Касымов Чүй облусуна губернаторлукка келди да, ала жаздан баштап, дыйканчылык иштерин колго алды. Ар жума сайын журналисттерди жанына алып, облуста жүрүп жаткан айыл чарба жумуштары, өнөр жайы менен тааныштырууну салтка айландырды. Ошентип, кезек Панфилов районуна келди. Панфилов районуна Самат Керимкулов жаңыдан аким болуп барган. Ал айыл чарба жумуштары менен катар айрым бир көйгөйлөр тууралуу губернаторго айтып берүүнү туура көрсө керек, тааныштыруу планын бир аз башкача түзүптүр. Губернатор баш болгон журналисттер тобун тосуп чыгып, тоо тарапка алып жөнөдү.
Четки Эркин-Сай айылынын чок ортосундагы курулушу бүтпөй турган мектептин жанына токтодук. Журналисттер, телеоператорлор губернатор менен акимди курчап калышты. С.Керимкулов губернаторго бир карап алып, бул мектептин курулушу 1990-жылдары башталып, курулушу бүтпөй турганын, айыл эли мектепке муктаж экенин журналисттерге айта баштады. Губернатор акимдин сөзүн бөлүп: “Самат, журналисттер бүгүн бүтпөй жаткан мектептин курулушу менен эмес, талаачылык жумуштары менен таанышканы келген. Урматтуу журналисттер, бүтпөй турган мектептер темасына башка күнү кайрылабыз, атайы келебиз. Ал тууралуу бул жолку телерепортажыңарда көрсөтпөсөңөр да болот. Самат Казбекович, убакытты кетирбей, райондун талааларын кыдырып, айыл чарба жумуштары кандай жүрүп жатканы менен таанышалы” деди эле, аким сөзүн чорт үзүп, журналисттерди иш сапарды улантууга чакырды.
Ошентип, курулушу бүтпөй турган мектеп менен жарым-жартылай таанышып, кайрадан машиналарга отурдук. Губернатор Т.Касымов акимге кайрылып: “Биз 10-20 журналистти ээрчитип алып, курулушу бүтпөй жаткан объекттерди көргөнү эмес, райондогу айыл чарба жумуштары менен таанышканы келдик. Облустагы, анын ичинде райондогу бүтпөгөн курулуштар тууралуу маалымат үстөлүмдө жатат. Бул сен көрсөткөн мектептен кабарым бар. Мектептин бүтпөй турганын көрүп, жүрөгүң сыйрылып турганын түшүнүп турам, бирок сен экөөбүз канча каалабайлы, республикалык бюджетте акча жок болгон соң, бул курулушту бүтүрө албайбыз. Ал эми айыл чарба жумуштарын кандай болбосун илгерилетип, элдин курсагын тойгузуу сен экөөбүздүн милдетибиз. Азыр эл кыйналып, күнүмдүк оокатын кантип кылабыз деп отурган маалы. Мындан ары бизди курулушу бүтпөй жаткан мектеп, бала бакчага алпарганыңы токтот”, – деди.
Акыркы үч жылда улам жаңы мектептердин ачылышы болуп, улам жаңы мектептердин пайдубалы түптөлө баштаган сайын дайыма ошол окуя эске түшөт. Кыргызстандын экономикасы үчүн ошондой өтө оор жылдар болгон. Мектеп курмак түгүл, кантип кара курсакты тойгузабыз деген санаа менен жашаганбыз.
Азыр өнүгүү жолуна түшө баштадык. Мына быйыл Кыргызстан боордош азербайжан элине белек катары Агдам районунун Хыдырлы айылына эки кабаттуу мектеп куруп бермей болду. Кыргызстандын бул кадамы эки өлкөнүн ортосундагы достук, бир туугандык байланыштардын андан ары бекемделип, саясый-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар андан ары чыңдала беришине салым кошо турганы
шексиз.
Ал эми өлкө аймагындагы мектептердин курулушу жөнүндө сөз кылсак, аймак-аймак боюнча мониторинг жүргүзүп, мектептер кайсы жылы салынганы, канча окуучуга ылайык курулганы, учурда абалы кандай экени, азыркы мезгилде канча окуучу окуй турганы, республика боюнча бүтпөй турган мектеп курулуштардын саны, абалы, биринчи кезекте кайсы районго, кайсы айылга жаңы типтеги мектептер керектиги тууралуу маалыматтарды алып, ошонун негизинде Архитектура, курулуш агенттиги жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги мектептерди курууну пландаштыруусу зарылбы деп ойлойсуң.
Дагы бир маселе, мектептердин курулушунун сапаты тууралуу. Өткөн жылы ноябрда Талас районунун Арал айылында жаңы мектептин ачылышы болгон. Мектептин курулушу 2016-жылы башталып, 2023-жылы курулушу аяктаган экен. Арадан жыл өтпөй, мектепти курууда кеткен кемчиликтер ачыкка чыга баштаган. Мектептин чатыры туура эмес жабылгандыктан, жаан жааганда чатырдан суу кирип, класс ичи көлчүккө айланган. Электр зымдары иштен чыккан. Коридор гипсокартон менен капталгандыктан, анын сапаты да суроо жараткан. Кыскасы, мына ушуга окшогон кемчиликтерден улам, мектепти ким курган да, аны кимдер кабыл алган деген суроо жаралат.
Ооба, мамлекетте мектеп курууга, өнүгүүгө каражат бар. Бирок, ал сапатсыз мектеп куруу, мамлекеттин каражатын талаага чачуу эмес да. Мектепти курууга кеткен 160 миллион сом талаада жатыптырбы?!
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”