Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 14-июнда Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда глобалдык жана регионалдык иштердеги учурдагы кырдаалга баа берди, ошондой эле тышкы саясий ведомствонун алдына тиешелүү милдеттерди койду. Алардын баары башкы максатты: өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүнү, анын коопсуздугун камсыздоону жана россиялык үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун жогорулатууну көздөйт.
Көп уюлдуу дүйнө
Россиянын Президенти дүйнө ыкчам өзгөрүп жатканын билдирди. «Эми глобалдуу саясатта да, экономикада да, технологиялык атаандашууда да мурдагыдай болбойт. Улам көп мамлекеттер суверенитетти, жетиштүүлүктү, улуттук жана маданий иденттүүлүктү бекемдөөгө умтулушууда. Авансценага глобалдуу Түштүктүн, Чыгыштын өлкөлөрү чыгууда, Африканын Латын Америкасынын ролу өсүүдө. Биз тээ совет мезгилинен бери эле дүйнөнүн бул региондорунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып келгенбиз, бирок, бүгүн динамика таптакыр башка жана бул орчундуу болуп калууда. Анда масштабдуу интеграциялык долбоорлордун бүтүндөй катары активдүү жүзөгө ашырылып жаткан Евразияда трансформациянын ыргагы да байкалаарлык тездөөдө», – деп белгиледи Владимир Путин.
Президент терең, системалуу өзгөрүүлөр оптимизмди жана үмүттү жаратканына, себеби, эл аралык иштерде, эл аралык укукка урматтоону, кеңири өкүлчүлүктүүлүктү кошо алганда, көп уюлдуулук, көп тараптуулук принциптерин бекемдөө эң татаал проблемаларды жалпы пайдага биргелешип чечүүгө, суверендүү мамлекеттердин элдердин бакубаттуулугунун жана коопсуздугунун кызыкчылыктарында өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берерине ишенимин билдирди.
Россиянын лидеринин пикири боюнча, мамлекеттердин көп уюлдуу дүйнөдөгү өз ара аракеттенүүсүнүн параметрлери жөнүндө, эл аралык мамилелердин бүтүндөй системасын демократиялаштыруу жөнүндө эл аралык дискуссия жүрүп жатат. «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги боюнча коллегалар менен биз көп уюлдуу дүйнөдөгү эл аралык мамилелер жөнүндө биргелешкен документти макулдаштык жана кабыл алдык. Өнөктөштөрдү бул тематика боюнча башка эл аралык аянтчаларда да, биринчи кезекте ШКУда жана БРИКСте да сүйлөшүүлөр-гө чакырдык», – деди РоссиянынПрезиденти.
Жалпы бөлүнгүс коопсуздук
«Биз бул диалог БУУда да, анын ичинде базалык, бардыгы үчүн өтө маанилүү тема – бөлүнгүс коопсуздук системасын түзүү боюнча олуттуу өнүгүү алышына кызыкдарбыз. Башкача айтканда, дүйнөлүк иштерде бирөөлөрдүн коопсуздугу башкалардын коопсуздугунун эсебинен камсыздалышы мүмкүн боло албаган принципти бекемдөөгө», – деп билдирди Владимир Путин.
Россиянын Президенти XX кылымдын аягында курч аскердик идеология-лык конфронтация аяктагандан кийин дүйнөлүк коомчулукта коопсуздук тармагында ишенимдүү, адилет тартипти орнотуунун уникалдуу шансы болгонун эске салды. Бирок, АКШ башында турган батыш державалары “кансыз согушта” алар жеңишти жана дүйнөнү кантип курууну өз алдынча аныктоого өздөрүн укуктуу деп эсептешти. Мындай дүйнөгө көз караштын иш жүзүндөгү көрүнүшү Түндүк атлантикалык блокту мейкиндикте жана убакытта чектелбеген кеңейтүү долбоору болуп калды. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында жана 90-жылдарынын башталышында блокко жаңы катышуучуларды кошпоо жөнүндө алгач Советтер Союзуна, андан кийин Россияга берген убадалар жөнүндө унутуп эле калышты. Россиянын Европада конструктивдүү коопсуздук системасын түзүү жөнүндө келишүү аракеттери жоопсуз калды.
Ал ортодо Европада жана дүйнөдө коопсуздукту жана гүлдөп-өсүүнү камсыздоо үчүн жападан-жалгыз туура катары жарыяланган батыштык схема иш жүзүндө иштебей турганы жетишерлик тез түшүнүктүү болуп калды. Балкандагы трагедияны эстейли. Мурдагы Югославияда топтолгон ички проблемалар – албетте, бар болчу, алар тыштан одоно кийлигишүүдөн улам кескин курчуп кетти. Ошондо эле натолук дипломатиянын татаал ич ара конфликттерди чечүүдөгү өтө алгылыксыз жана майнапсыз башкы принциби – атап айтканда: тараптардын аларга кандайдыр-бир себептерден улам өтө жага бербеген бирөөсүн бардык нерселерге айыптоо жана ага бүткүл саясий, маалыматтык жана аскердик кубатты, экономикалык санкцияларды жана рестрикцияларды пайдалануу – бардык тарабынан көрүндү. Ошол эле мамилелер дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө: Иракта, Сирияда, Ливияда, Ооганстанда жана башкаларда колдонулду, биз сиздер менен ал жөнүндө жакшы билебиз.
Азыр Батыш Жакынкы Чыгыштын ишине тумшугун салууга умтулууда. Бир убакта бул багытты монополдоштуруп алган жана анын натыйжасы азыр баарына түшүнүктүү жана айкын. Түштүк Кавказ, Борбор Азия. Эки жыл мурда Мадридде НАТОнун саммитинде альянс эми Евро-Атлантикада эле эмес, Азия-Тынч океан регионунда да коопсуздук маселелери менен алектене тургандыгы жөнүндө жарыялашты. Ал жакта да аларсыз иш жүрбөчүдөй. Мунун артында региондун алардын өнүгүүсүнө бут тоскусу келген өлкөлөрүнө кысымды күчөтүү аракети турганы айкын. Белгилүү болгондой, бул тизмеде алдыңкы орундардын биринде Россия турат.
Ушуга байланыштуу Владимир Путин коопсуздуктун эл аралык системасын жаңыдан түзүү зарыл деп билдирди. Бул бардык кызыкдар өлкөлөр менен бирге Евразиядагы коопсуздукту камсыздоонун варианттарын иштеп чыгууну талап кылат.
Бул үчүн эмнелерди жана кайсы принциптерде жасоо керек?
Биринчи – коопсуздуктун мындай болочок системасынын бардык потенциалдуу катышуучулары менен диалогду жолго салуу. Ал үчүн алгач Россия менен өз ара аракеттенүүгө ачык жана конструктивдүү мамлекеттер менен зарыл маселелерди иштеп чыгуу керек.
Экинчи – коопсуздуктун болочок архитектурасы аны түзүүгө катышууну каалаган бардык евразиялык өлкөлөр үчүн ачык экенин билүү маанилүү. «Бардыгы үчүн» деген, албетте, европалык да, НАТОнун өлкөлөрү үчүн да дегенди билдирет. Биз бир континентте жашап жатабыз, эмне гана болбосун географияны өзгөртүүгө болбойт, канткенде да бирге жашоого жана бирге иштөөгө туура келет.
Үчүнчү. Евразиялык коопсуздук системасын алдыга жылдыруу үчүн Евразияда учурда иштеп жатышкан көп тараптуу уюмдар менен диалог процессин олуттуу активдештирүү керек. Кеп баарынан мурда Союздаш мамлекет, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму, Евразиялык экономикалык бирлик, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму жөнүндө жүрүп жатат.
Төртүнчү. Евразиядагы жамааттык коопсуздуктун эки тараптуу жана көп тараптуу кепилдиктеринин жаңы системасын кеңири талкуулоону баштоого убакыт келди деп эсептейбиз. Мында ишти келечекте тышкы державалардын евразиялык региондо аскердик катышуусун акырындап жок кылууга багыттоо керек.
Бешинчи. Коопсуздуктун жана өнүгүүнүн евразиялык системасынын маанилүү бөлүгү катары сөзсүз экономика, социалдык бакубаттуулук, интеграция жана өз ара пайдалуу кызматташуу маселелери, жакырчылыкты, теңсиздикти жоюу, климат, экология, пандемия жана глобалдык экономикадагы кризистер коркунучтарына көңүл буруу механизмдерин иштеп чыгуу сыяктуу жалпы проблемаларды чечүү болуп калууга тийиш. Бардыгы маанилүү.
Украина кризиси
Россиянын Президенти Украина менен байланышкан кризис – бул алардын ортосундагы кайсы-бир проблемалардан келип чыккан эки мамлекеттин, өзгөчө эки элдин конфликти эмес экенин белгиледи. Украинадагы окуялар – XX кылымдын аягы – XXI кылымдын башталышындагы дүйнөлүк жана европалык өнүгүүнүн, Батыш атайын аскердик операция башталганга чейин алда качан жүргүзүп келген жана жүргүзүп жаткан агрессивдүү, наадандык жана толук авантюралык саясаттын түз натыйжасы.
Украинанын, биринчи кезекте, анын чыгыш региондорунун миллиондогон жашоочулары 2014-жылы төңкөрүшкө каршы чыгышкан. Киевдеги жаңы бийлик өз кезегинде, 1954-жылы бардык, жада калса ошол кезде Советтер Союзундагы аракеттеги мыйзамдардын жана процедуралардын бардык ченемдерин бузуу менен РСФСРдан Украинага берилген Крымдагы орус тилдүү калкка сокку урууну даярдай баштады. Мындай кырдаалда, албетте, Россия крымдыктарды жана севастополдуктарды коргоосуз калтыра алмак эмес. Алар өз тандоосун жасашты жана белгилүү болгондой, 2014-жылдын мартында Крым менен Севастополдун Россияга тарыхый кайра кошулуусу болуп өттү.
Реалдуу тынчтык процессинин ордуна, реинтеграция саясатынын жана Киевде ал жөнүндө айтканды жакшы көрүшкөн улуттук жарашуу саясатынын ордуна Донбассты сегиз жыл аралыгында аткылап турушту.
2022-жылдын 24-февралында Россия атайын аскердик операциянын башталышы жөнүндө жарыялоого аргасыз болду. Ошондо Россиянын жарандарына, Донецк жана Луганск республикаларынын жашоочуларына, украиналык коомчулукка кайрылуу менен Россия Федерациясынын Президенти бул операциянын максатын – Донбасста адамдарды кор-гоону, тынчтыкты калыбына келтирүүнү, Украинаны демилитаризациялоону жана денацификациялоону жана аны менен мамлекетибизден коркунучту алыстатууну, Европадагы коопсуздук чөйрөсүндө балансты калыбына келтирүүнү белгиледи.
Стамбул сүйлөшүүлөрү
Россиянын Президентинин сөзү боюнча, тараптар чынында эле алар негизинен Москваны да, Киевди да канааттандырган келишимдерге келе алышкан. Бул келишимдер Стамбулда кагазга түшүрүлгөн жана украиналык сүйлөшүүлөр делегациясынын башчысы тарабынан парафирленген. Демек, Киевдин бийлигин маселенин мындай чечилиши канааттандырган.
Документ «Украинанын туруктуу нейтралитети жана коопсуздук кепилдиктери жөнүндө келишим» деп аталган. Ал компромисстик мүнөзгө ээ болгон, бирок, анын олуттуу пункттары биздин принципиалдуу талаптарыбыздын нугунда жүргөн, жада калса атайын аскердик операциянын башталышында негизги катарында жарыяланган маселелерди чечкен.
Бирок, россиялык аскерлерди Киевден алып кеткенден кийинки күнү эле Украинанын жетекчилиги Бучадагы белгилүү кутумду уюштуруу менен сүйлөшүү процессине катышуусун токтотуп койду жана келишимдердин даярдалган вариантынан баш тартты. Бүгүн бул балит кутум эмне үчүн керек болгону түшүнүктүү – сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген натыйжалардан баш тартууну эптеп түшүндүрүү үчүн. Тынчтыкка жол кайрадан четке кагылган.
Россиянын Президентинин сөзү боюнча, бул Киевге сапарынын жүрүшүндө эч кандай келишимдерсиз, Россияны согуш талаасында жеңүү, анын стратегиялык жеңилишине жетишүү керектиги жөнүндө түз эле айтылган Улуу Британиянын Премьер-министрин кошо алганда, батыш кураторлору тарабынан көрсөтмө боюнча жасалган.
Ок атууну токтотуу шарттары
Владимир Путин Россия эртең эле сүйлөшүүлөр столуна отурууга даярдыгын билдирди. Мындай сүйлөшүүнү баштоо үчүн шарттар жөнөкөй жана төмөнкүдөй. Украин аскерлери толугу менен Донецк, Луганск элдик республикаларынан, Херсон жана Запорожье облустарынан чыгарылууга тийиш. Киевде мындай чечимге даяр экендигин билдирер, ошондой эле НАТОго кирүү планынан баш тартуу жөнүндө расмий билдирер замат россиялык тараптан токтоосуз, ошол эле мүнөттө ок атууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө буйрук берилет.
Президент Россиянын принципиалдуу позициясы – Украинанын нейтралдуу блоктон тыш ядролук куралсыз статусу, анын демилитаризациялануусу жана денацификациялануусу, анын үстүнө бул параметрлер менен 2022-жылы Стамбул сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө эле баары жалпысынан макул болушкан. Албетте, орус тилдүү жарандардын Украинадагы укуктары, эркиндиктери жана кызыкчылыктары толук өлчөмдө камсыздалууга, жаңы аймактык реалийлер, Крымдын, Севастополдун, Донецк, Луганск элдик республикаларынын, Херсон жана Запорожье облустарынын Россия Федерациясынын субъектилери катарында статусу таанылууга тийиш.
«Россия Украинадагы согушту реалдуу аяктоого мүмкүндүк берүүчү вариантты сунуштоодо деп эсептейм, башкача айтканда, биз тарыхтын кайгылуу баракчасын жабууга жана кыйын болсо да, кадам артынан кадам таштап, акырындык менен Россия жана Украина менен жана жалпысынан Европада ишеним жана жакшы кошуналык мамилелерди калыбына келтире баштоого чакыруудабыз», – деп белгиледи Владимир Путин.