Кыргызстандын грек-рим күрөшү (U-23) боюнча курама командасы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен экөө алтын, бирөө күмүш жана төртөө коло медаль:
- Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) — алтын;
- Артык Орозбеков 130 кг чейинки салмакта — күмүш;
- Акыл Сулайманов (60 кг ), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Алибек Бердиев (77 кг) — коло медаль.
Курама команда улук машыктыруучу Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.