Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек АКМАТОВ менен маек
– Алмазбек Шаршембиевич, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө 19-июнда өлкөнүн парламентинде каралган отчетунда сиз 81 аудитордук иш-чаранын өткөрүлгөндүгүн белгиледиңиз, ал 1,7 миңден ашуун түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдү камтыды. Бул аудиттердин жүрүшүндө кайсы негизги жыйынтыктар жана финансылык тартип бузуулар аныкталды?
– Жүргүзүлгөн аудитордук иш-чаралардын жүрүшүндө 10,8 млрд. сом суммасында калыбына келтирүүгө тийиш болгон көптөгөн финансылык тартип бузуулар аныкталган. Анын ичинен көрүлгөн чаралардын натыйжасында тиешелүү бюджеттерге 4,0 млрд. сом калыбына келтирилген, бул бузуулардын жалпы суммасынын 37 пайызын түзөт.
– Отчеттук жылда өткөрүлгөн Аудитордук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча кандай финансылык тартип бузуулардын түрлөрү аныкталды?
– Аудитордук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча финансылык тартип бузуулардын ар кандай түрлөрү аныкталган, алардын ичинде:
– бюджеттердин долбоорлорун түзүүдө жана кароодо бузуулар – 11,3 млн. сом. Алардын ичинен 9,0 млн. сом же 80,0 пайызы жергиликтүү бюджеттердин түзүлүшүнө жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча аныкталган;
– Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун жана мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттердин бюджеттерин аткарууда – 7,4 млрд. сом;
– Кыргыз Республикасынын мүлкүн пайдаланууда – 1,2 млрд. сом. Классификациянын бул түрү боюнча бузуулардын 782,5 млн. сомун же 65%ын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча аныкталган бузуулар ээлейт;
– эсеп жана отчеттук тартипти бузуу – 2,1 млрд. сом;
– мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар – 72,6 млн. сом;
– ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдерин бузуу — 895,9 миң сом.
– Сиздин отчетто ошондой эле тиешелүү бюджеттерди толтуруунун кошумча булактары жана сарамжалсыз пайдаланылган ресурстар жөнүндө да айтылат. Ушул аспектилер жөнүндө кененирээк айта
аласызбы?
– Ооба, Эсептөө палатасы тарабынан 2023-жылы жүргүзүлгөн аудитордук иш-чаралардын, эксперттик-аналитикалык иштердин жыйынтыгы менен тийиштүү бюджеттерди толтурууга мүмкүн болгон 186,1 млрд. сомдук кошумча булактары (бюджеттин резервдери) аныкталган. Баса белгилей кетсек, бул сумма финансылык тартип бузуулардын категориясына кирбейт, бирок айрым иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжасында тийиштүү бюджеттерди толтурууга мүмкүн болгон каражаттар катары кабыл алынат. Андан тышкары 38,6 млрд. сом суммасында рационалдуу эмес жана натыйжасыз пайдаланылган финансылык жана башка ресурстар (бюджеттин жоготуулары) табылган.
Ошондой эле жол-жоболук мүнөздөгү бузуулардын 1 422 фактысы аныкталган.
– Шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча кандай тыянак чыгарууга болот?
– 24 шаардын жана 384 айыл өкмөтүнүн мэрияларынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жүрүшүндө 1,8 млрд. сом суммасындагы финансылык тартип бузуулар, ошондой эле 4,3 млрд. сом суммасындагы резервдер жана жоготуулар аныкталган. Аныкталган финансылык тартип бузуулардын жалпы суммасынан 1,0 млрд. сом калыбына келтирилген, бул калыбына келтирилүүгө тийиш болгон сумманын 82,0 пайызын түзөт. Аныкталган резервдердин жана жоготуулардын жалпы суммасы – 406,4 млн. сом.
– Сиздин баяндамаңызда негизги орунду финансылык тартип бузуулар боюнча чара көрүүгө тартылган башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселеси каралган. Мунун баары алардын чечимдеринде кандайча чагылдырылган? Бул суроону депутат Гуля Кожокулова да берди. Анын пикири боюнча, Эсептөө палатасынын деталдуу жана маңыздуу аудитине карабастан, текшерүүнүн субъекттери жылдан жылга мурунтан кайталанып келаткан тартип бузууларга барышат. Бул жагынан кандай маалымат бар?
– Аудит субъекттери тарабынан Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштарын аткаруу үчүн 87 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган, андан тышкары 31 кызмат адамы ээлеген кызматынан бошотулган.
Эсептөө палатасы тарабынан укук коргоо органдарына аудиттин 3,6 млрд. сом суммасындагы 107 материалы
жөнөтүлгөн.
Анын ичинен:
– прокуратура органдарына – 2,1 млрд. сомго аудиттин 74 материалы;
– улуттук коопсуздук органдарына – 1,2 млрд. сомго аудиттин 29 материалы;
– ички иштер органдарына – 327 млн. сомго 4 материал жөнөтүлгөн.
Укук коргоо органдары тарабынан кароонун жыйынтыгы менен, аудиттин 28 материалы боюнча жазык иши козголгон, анын ичинен:
– 6 жазык иши сотко жөнөтүлгөн;
– 12 жазык иши токтотулган;
– 3 жазык иши боюнча өндүрүш иши убактылуу токтотулуп турат;
– 7 жазык иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары, аудиттин 18 материалы боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Аудиттин 11 материалы боюнча прокурордук көңүл буруу актысы чыгарылган, анын жыйынтыктары боюнча келтирилген зыяндын суммасы ордуна коюлган. Ошондой эле, 18 кызматтагы адам тартип жоопкерчилигине тартылган. Аудиттин 5 материалы боюнча прокуратура органдары тарабынан бузуу фактылары аныкталбаган катары тиешелүү маалым каттар түзүлгөн, ал эми аудиттин 3 материалы ведомствого караштуулугу боюнча кароо үчүн, башка укук коргоо органдарына кайрадан жөнөтүлгөн. Аудиттин 1 материалы боюнча улуттук коопсуздук органдары тарабынан жазык иши козголбостон туруп, бузуу фактылары четтетилген. Калган материалдар укук коргоо органдары тарабынан кароо баскычында турат.
– Баарын төкпөй-чачпай түшүндүрүп бергениңизге рахмат. Финансылык тартипти жакшыртуу жана келечекте мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн кандай пландар жана чаралар көрүлүп жатат?
– Биз бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, финансылык тартип бузууларды жоюу жана финансылык тартипти жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча аракеттерибизди улантабыз. Ошондой эле аныкталган көйгөйлөрдү четтетүү жана финансылык процесстердин ачыктыгын жогорулатуу үчүн мамлекеттик бийлик органдары менен жигердүү өз ара аракеттенүү
пландаштырылууда.
– Маек куруп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Маектешкен Адылбек ЧАРГЫНОВ