Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Жолу жакшынын иши да жакшы

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандын алгачкы күндөрүнөн жол курууга өзгөчө көңүл бөлүнүп, олчойгон кредит алып, стратегиялык Бишкек – Ош жолун реконструкцияладык. 456,7 млн. доллар корогон бул жолдун тегерегинде убагында ар кандай сөздөр айтылды. Анын баарын кайталап отурбайын, миллиондогон акча сарпталып, ал акча үстөгү менен төлөнчү кредит болгон соң, жол сапаттуу курулса болмок.

Тилекке каршы, арадан аз убакыт өтпөй жолдун сапаты суроо жаратып, ошондон бери жыл сайын ал жолдун ой-чуңкурун түздөп, өзүбүздү алдаган болобуз. Бүгүнкү күндө Бишкек – Ош жолунун капиталдык ремонт талап кылып калган участоктору көп. Ушуларды ойлогондо 456,7 млн. долларга бери дегенде 5-6 завод же фабрика курсак, ал жыл сайын мамлекеттин казынасына миллиондогон киреше алып келерин ойлоп, аттиң дейсиң.

2014-жылы долбоордук наркы 850 млн. долларга бааланган 433 чакырымдык Түндүк-Түштүк жолу башталган, быйыл ишке берилмек, эмнегедир алигиче бүтө элек. Бирок, анын айрым участокторунун абалы азыртадан суроо жаратып, жолчулардын өзүн түйшүккө салып жатат. Сыягы, жолду долбоорлоодо ката кетиришип, кура келгенде, ал каталыктар оркоюп чыгып жаткан сыяктанат.

Кыскасы, соңку 33 жылда курулган жолдор катнашууну жеңилдетип, түйшүгүбүздү азайтмак тургай, тескерисинче, көйгөй жаратып жатат. Жаңылбасам, эгемендик алгандан бери өлкө аймагындагы республикалык маанидеги жолдорду курууга баш-аягы 3 млрд. доллардан ашуун каражат сарпталды окшойт. Жол – жашоонун өзөгү, экономиканын күрөө тамыры, андыктан аны курууга эч ким каршы эмес. Бирок, Кыргызстанды белчесинен карызга батырып курулган жолдор сапаттуу болбой, сапатсыз бүткөрүлүп жатканы Москвадан билим алган жана ондогон жол адистерин даярдаган мага окшогондорду түйшөлтсө керек.

Ушундан улам, Кыргызстандагы жолдордун мисалында урматтуу президентибиз Садыр Жапаровго кайрылып, алардын сапатсыз курулуп жаткандыгынын бирден бир себеби – курулуш иштеринин долбоору (ПОС) жана курулуш өндүрүшүн уюштуруу долбоору (ППР) жоктугу экендигин айткам. Жол курган фирмалар курулуш нормаларын жана эрежелерин (СНиП) сактабагандыгынан улам, жолдор сапатсыз бүткөрүлүп, кабыл алган комиссия анын баарына көз жумуп жатат.

Мамлекет башчыга түздөн-түз кайрылганым, Садыр Нургожоевич ак жолтой президент болуп, элдин энчиси болгон “Кумтөрдү” мамлекетке кайтарып алды. Адилет, акыйкат, калыс саясат жүргүзүп, коррупцияны ооздуктап, криминалды жойду. Анын жетекчилиги менен жасалган алгылыктуу иштерден улам, бюджетибиздин кирешеси көбөйүп, мектептерди, жолдорду республикалык бюджеттин эсебинен курууга мүмкүнчүлүктөр жаралып жатат. Ушундан улам республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка жолдор сапаттуу курулсун деген ой эле.

Жакында президентке жазган катыма транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б.Базаралиевден жооп келиптир. Анда: “Катта көрсөтүлгөн Бишкек-ЖЭБ-2 автомагистраль жолу министрликтин балансына таандык эмес, ошол себептен анын курулуш иштерине тиешеси жоктугун маалымдайт. Ошондой эле бардык иш кагаздар (долбоорлоо сметалык документтер) КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августунун №538 токтому менен бекитилген “Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндөгү” жобонун негизинде аткарылат.

Ал эми министрликтин курамындагы анын ведомстволук уюмдары тарабынан аткарылган курулуш иштери бардык нормаларды жана эрежелерди сактоо менен СНиПтин чегинде аткарылат” делет.

Кызык, Бишкек-ЖЭБ-2 автомагистраль жолу министрликтин балансында болбосо эле, министрлик жоопкерчиликтен четке чыга бергени эмнеси. Мен 64 жылдык иш тажрыйбасы бар жол адисимин. Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 10-июлундагы буйругу менен бекиген “КР 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” (ППР) токтому бар. Токтом — мыйзамдан кийин эле аткарылууга жаткан юридикалык документ.

ППРдин  негизги максаты — төгүлгөн асфальт аралашмасынын сапатын текшерүү болуп эсептелинет. ППРди курулуш мекемесинин иштөө шартына жана жол механизмдеринин санына жараша долбоорлоочулар жасап, кол коюлуп, мөөр басылып, бир нускасын ДЭУга өткөрүп бериши керек. Жол сапатын текшерүү да долбоордо так көрсөтүлөт. Менин оюмча, курулуш мекемеси ППРди жасай албайт болушу керек. Андай болсо, бул милдет “Кыргыз жол долбоорлоо институтуна” берилиши керек. Институтта сабаттуу, тажрыйбалуу адистер бар, алар СНиПтин талабына ылайыктап, кынтыксыз кылып, ППРди жасап бере алышат. Ал эми СНиПтин талабы боюнча ППРсыз асфальт аралашмасы төгүлбөөгө тийиш. Төгүлсө, айып салынып, иш дароо токтолушу кажет. Союз убагында, мына ушул эң жөнөкөй тартип кынтыксыз сакталчу жана ошондуктан асфальт төшөлгөн жолдор сапаттуу бүткөрүлчү. Союз убагында курулган жолдордун канчалык сапаттуу экенине азыр да күбө болуп жүрөбүз. Айрым трассаларда, шаарлардын көчөлөрүндө союз убагында төшөлгөн асфальттар күнү бүгүнкүдөй сакталып, азыр деле кызмат кылып жатат. Эгер ал жолдорго тийбесе, дагы да 20-30 жыл кызмат кыла турганына кепилдик бар.

Тилекке каршы, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин жол куруучу компаниялар өзүлөрүн өзү билип, өтүгүн төргө илип, душман жасабай турган ишти жасап, чет элден алынган миллиондогон каражаттарга жолдорду сапатсыз куруп жатышат.

Буга алыс барбай эле мисал айтсам, Бишкек-ЖЭБ-2 автомагистралы асфальт төшөлгөнүнө бир жылга жетпей бузулуп, ремонт талап кылып жатат. Мына ППРдин жоктугу. Ош – Баткен – Раззаков жолунун Ноокаттагы тилкеси да анын кейпин кийди. Дегинкиси, бул жолдун башынан эле багы жок экен. Депутаттар он кайталап барып, өкмөт деңгээлинде транспорт министрине кайра-кайра жолду сапаттуу курууга тапшырмалар берилип жаткандыгына карабастан, анын асфальтынын бир сыйрасы төшөлгөндө эле сапатсыз бүткөрүлгөнү ачыкка чыгып, жолдун айрым участоктору жарактан чыга баштаганы интернетте уу-дуу сөз болду.

Мындай көрүнүштөр курулуш нормалары жана технологиялары сакталбагандыгынын кесепетинен улам болуп жатат. Муну ачык айтып коюшубуз керек.

Убагында өкмөт башкарган, транспорт министрлигин башкарган, парламент жетектеген аксакалдарыбыз арабызда жүрөт. Тилекке каршы, ошолордун бири да унчукпай, министрлер, жол куруучу компаниялар тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтерди айтпай, билмексен болгону мени капалантат. Жол сапатсыз салынып жатса, аны ачык айтып койгондун эмнеси жаман?

Жол куруу — бул өтө татаал процесс. Ал өтүүчү тилкенин кыртышын аныктап, жерди тегиздеп, шагыл төгүп, аны улам кайталап таптап, асфальт төшөөгө чейинки технологияны, курулуш нормаларын кынтыксыз аткармайын, сапаттуу жол курууга таптакыр мүмкүн эмес. Бул сааттын буроолорундай так иштеши керек. Эгер кокусунан курулуш нормаларынын бири аткарылбай калса, ал каталык эртең жаңыдан асфальтталган жолдун үстүнөн калкып чыгат.

Жол куруудагы катачылыктар бардык учурда кетет. Айталы, жолго шагыл төгүп таптап жатканда да, кийин асфальт төшөлгөндө да. Себеби, жол куруучулар май үнөмдөйбү, же жалкоолонобу, бир-эки сыйра таптамыш болуп, таптабай коюшат. Асфальтталган жолдор чөгүп, бат эле уңкур-чуңкур болуп, жарабай калганы мына ошондон. Асфальт төшөлүп жаткандагы таптоо да абдан маанилүү. Оболу 5 тонналык таптагычтар асфальт жаткырылган жолду 4-5 сыйра таптап, андан кийин 10 тонналык асфальт таптагыч, ошондон кийин гана 20 тонналык таптагыч таптоого тийиш. Көп учурда ушул эң жөнөкөй курулуш нормалары да сакталбай жатканын көрүүгө болот.

Министрдин орун басары Б.Базаралиевдин ППРди билбегенине таңым бар.

Учурда Бишкек шаарында жана республикабыздын аймактарында жол куруу иштери кызуу темп менен жүрүп жатат. Мунун өзү колдоого алаарлык нерсе. Жол — жашоонун өзөгү, экономиканын күрөө тамыры болгон соң, жайкы убакытты текке кетирбей, ар бир күндү туура пайдаланып, мүмкүн болушунча көбүрөөк жолдорду асфальттап калышыбыз абзел. Бирок, асфальттайт деген ушул экен деп, жол куруу нормаларын сактабастан, ППРсиз эле оңду-солду асфальттай берүүнүн кажети жок. Курулуш нормалары, СНиП, ПОС, ППР сакталбаса, анда бул акчаны талаага чачкандык болуп саналат.

Эгер жолдор сапаттуу курулса, анда ал жолдор союз убагында төшөлгөн асфальттай болуп, баланча президенттин тушунда курулган жол делип, бери дегенде 40-50 жыл кызмат кылат. Андыктан, жол куруудагы башкы ураан: сапат, сапат жана сапат болууга тийиш.

Абдылда ТУРГУМБАЕВ,
техника илимдеринин кандидаты, профессор

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар