Ысык-Көл – кыргыз көлү шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка тартынбаган.
Замандар кербенчидей чубап өтүп,
Чарчаса саясында салкындаган, – деп Алыкул Осмонов акын атабыз бекеринен жазбаса керек.
Курорт, санаторий, балдар лагери, эс алуу жайлары, конок үйлөрүнүн борбору болгон Ысык-Көл районуна өткөн жылы жайкы сезондо алыскы-жакынкы өлкөлөрдөн 2 млн. ашык туристтер, эс алуучулар келген болсо, үстүбүздөгү жылы жайкы эс алуу сезонго даярдыктар кандай болду экен деген максатта райондун акими Жапарбек Ормоновго бир нече суроолор менен кайрылдык.
– Жапарбек Туратович, биз биринчи суроону административдик реформадан баштасак. Ысык-Көл районунун айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берсеңиз?
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 “2026-жылга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ №370 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 11-январындагы №3 тескемесинин негизинде, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 16-январында №11-т тескемеси менен Ысык-Көл райо-нунун аймагындагы шаар, айыл аймактарында административдик-аймактык реформанын жүрүшү тууралуу маалыматтык түшүндүрүү жана көмөк көрсөтүү иштерин алып баруу боюнча райондук жумушчу топтун курамы, жол картасы, райондун айыл аймактарынын жана шаардын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча иш-аракеттердин кадамдык планы бекитилди.
Ысык-Көл району боюнча административдик-аймактык реформага чейин 13 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болсо, айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен 5 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлдү.
– Ошондо кайсы айыл өкмөттөр биригип, аталыштары кандай болуп калды?
– Ооба, бириккен айылдар боюнча айта турган болсом, Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк, Сары-Камыш, Тамчы, Кош-Көл айылдары биригип, Тору-Айгыр – Тамчы айыл аймагы болуп калды. Борбору Тамчы айылы. Калктын саны – 11 731.
Ал эми, Чок-Тал, Өрнөк, Сары-Ой, Бает, Кара-Ой айылдары биригип, Шайыбек ата айыл аймагы болуп, борбору Чоң-Сары-Ой айылы болуп калды. Калкынын саны – 14545.
Чолпон-Ата шаарына Бостери, Бактуу-Долоноту айылдары кошулду. Жыйынтыгында шаардын калкынын саны 25885 болду.
Садыр Аке айыл аймагына Корумду, Булан-Сөгөттү, Кашат, Григорьевка, Пристань, Кожояр, Семеновка айылдары биригип, борбору Темир айылы, калкы 27209ду түздү.
Жусуп Абдрахманов айыл аймагына Чет-Байсоорун, Көк-Дөбө, Жаркынбаев, Кароол-Дөбө, Өрүктү, Орто-Өрүктү, Чоң-Өрүктү айылдары биригип, борбору Ананьево
айылы болуп калды. Калкынын саны 20061ди түзөт. Айыл аймактар түзүлүп, каттоодон өтүшүп, толук кандуу иштеп жатышат.
– Ысык-Көл облусундагы курорт, санаторий, лагерь, эс алуу үйлөрүнө өтө бай аймак бул Ысык-Көл району. Мына жайкы сезон башталды. Даярдыгыңыздар кандай?
– Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2024-жылдын 19-мартындагы №7 «2024-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жөнүндөгү» токтому менен тиешелүү мекеме-ишканаларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана рекреация объектилеринин жетекчиликтерине туристтик мезгилге даярдык көрүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу боюнча так тапшырмалар берилген.
Ошондой эле, ар бир маселе боюнча жума сайын тиешелүү аппараттык жыйындар өткөрүлүп, протоколдук тапшырмалар берилип, көзөмөл жүргүзүлүүдө.
– Жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүүдө саркынды сууларды тазалоочу жайлары талапка жооп бербеген эс алуу үйлөрүнө уруксат берилбей жатты эле. Жыйынтыгы кандай болду?
– Чындыгында, Ысык-Көл району боюнча жалпы 847 рекреация объектилери бар. Алардын 144 ири эс алуу жайлары (пансионат, лагерь, санаторий), 703 конок үйлөрү бар.
Алардын 100ү саркынды сууларды тазалоочу жайы менен камсыз болуп, 118и башка саркынды сууларды тазалоочу жайларга кошулган. Ал эми, 634 объект септик менен иш алып барат. Район боюнча жалпы 126 пляж бар.
“Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу” долбоорунун алкагында Чолпон-Ата шаарына, Бостери жана Кара-Ой айыл аймактарынын калктуу конуштарын камтуу менен саркынды сууларды тазалоочу жайын куруу долбоору иштеп жатат. Бул долбоордун алкагында аталган аймакта жайгашкан эс алуу жайлары, конок үйлөрү саркынды сууларды тазалоочу курулмаларга кошулуп, сапаттуу тейлөө ала алат.
Ал эми, 2024-жылдын 8-майында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн тиешелүү комиссия курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткарбагандыгы жана даярдыгы боюнча паспорт албагандыгы “Смена”, “Белек”, “Чолпон-Ата”, “Дальный кардон”, “ДОЦ Улан”, “Кооператор” эс алуу жайларын жана “А.Чалжанов” конок үйү жабылып, 2024-жылдын жайкы туристтик мезгил учурунда туристтик кызмат көрсөтүү укугунан ажыратты.
Ошондуктан, жайкы сезонго карата ар бир эс алуу жайлары тыкыр көзөмөлдөн өтүп, учурда жайкы сезонго эс алуучуларды кабыл алууга даяр.
Андан сырткары, бүгүнкү күндө АБР (Азиялык өнүктүрүү Банкы) долбоорунун алкагында, Чолпон-Ата, Кара-Ой Бостери айылдарынын канализациялык түтүктөрүнүн курулушу, насостук станцияларынын салынышы жана Чолпон-Ата шаарына жаңы заманбап калдык сууларды тазалоочу жайынын (Очистной сооружения) курулушу пландалган. Жалпы долбоордун наркы 65,5 млн. доллар акча каражаты каралган.
– Райондун туристтик потенциялын жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу, келген эс алуучуларга шарт түзүү боюнча бүгүнкү күндө тиешелүү иш-аракеттер көрүлүп жатса керек?
– Ооба, район аймагындагы эс алуу жайларга:
– Тиешелүү субъектилеринде эс алуучулар үчүн кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, имараттардын сырткы келбетин талаптагыдай ирээтке келтирүү иштери, коопсуздук маселелерине көңүл буруп, тиешелүү көл жээкте куткаруучу жана керектүү белгилер (буйларды), куткаруу шаймандар жана сууга түшүү эрежелери тууралуу маалымат такталар менен камсыздоо, туристтик мезгил учурунда таштандыларды убагында тазалоо жана көл жээктерде таштандылар үчүн урналарды орнотуу, жалпы тазалыкка көңүл буруп, жыл бою ижарага алынган көл жээктин тазалыгына жоопкерчилик алуу, саркынды сууларды тазалоочу жайларды толук ирээтке келтирүү жана ремонт иштерин жүргүзүү жана даярдыгы боюнча милдеттүү түрдө паспорт алуу иштерин колго алынган.
Андан сырткары, Ысык-Көл райондук ооруканада тиешелүү дарыгерлердин жана тез жардам унаасы жетишсиз болгондуктан, жайкы туристтик мезгил учурунда медицина тармагына жардам катары, биринчи жардам көрсөтүүгө медициналык кабинеттерди ачып, дарыгерлер менен камсыздоо, мүмкүнчүлүккө жараша эс алуу жайдын өзүнүн тез жардам унаасы менен камсыз болуу иштери аткарылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу иштеринин алкагында, Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Бор-Бор”, “Золотые пески” жана “Ысык-Көл каганат” эс алуу жайларынын 100 метрлик көл жээктериндеги мыйзамсыз капиталдык курулуштар, майда тамактануу жайлары жана барлар алынып, тиешелүү иш-аракеттер көрүлдү.
Жалпысынан мыйзамсыз жана стихиялуу жайгашып, санитардык нормаларга ылайык келбегендигине байланыштуу 50дөн ашык объектилер демонтаждалды.
– Райондун аймагындагы ички жолдорду куруу иштери жүрүп жатканын билебиз. Ушундай жол куруу иштери сезонго чейин же жайкы сезондон кийин жасалса болбойт беле?
– Албетте болмок, бирок 30 жылдан ашык убакыт каралбай калган жолдор менен жүрүү кыйынга турат эмеспи. Бизде бардык учурда жол куруу, кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Азыр мурдагыдай эптеп эле асфальтты төгүп кете бермей жок, анын сапатына катуу көңүл бурулат. Ошондуктан, жол куруу иштери акырындап жасалса дагы, сапаттуу жасалып жатат.
Тактап айтканда, жол тармагында бүгүнкү күнү 6 км асфальттоо иштери аяктады, эми дагы 16 км жолдорду асфальттоо иштери күтүлүүдө.
2024-жылы Корумду – Балбай республикалык жолун реконструкциялоо иштери башталды. Аталган жолду реконструкциялоо долбооруна 80 км вело жол, жол чырактары каралган. Долбоордун ишке берилүүсү спорттук туризм тармагына чоң өбөлгө түзүп, келген туристтердин агымынын көбөйүшүнө салым кошот.
Ошону менен катар, Тамчы айыл аймагынын Кош-Көл айылынын курорттук жолдорун реконструкциялоо пландалууда. Чолпон-Ата шаарынын ички жолдорун реконструкциялоого 13,5 млн. сом жергиликтүү бюджеттен каралып, Чолпон-Ата шаарынын Жумабаев көчөсүнө 350 м, Чкалова көчөсүнө 540 м асфальт төшөөгө даярдык иштери жүргүзүлүп, 400 м тротуар жасалууда.
Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 5 км ички жолдорун реконструкциялоого тиешелүү иш кагаздары даярдалууда.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”