Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Өзүңдү карабасаң өтүңдү алдырасың

Көп учурда туура тамактанууга маани бербейт экенбиз. Мунун өзү түбү барып ар кандай өнөкөт ооруларга чалдыктырарын башка түшкөндө билет экенбиз. Айталы, өттө таш пайда болуу оорусу. Бул акыры барып операция жолу менен өттү алдырып салууга аргасыз кылган оору экен.  Муну мен өз башыман өткөргөндүктөн улам айтып жатам. Дагы бир байкаганым ооруканага жаткандардын көпчүлүгү мага окшоп өтүн алдыргандар болуп чыкты. Ушундан улам Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жогорку категориядагы хирургу, медицина илимдеринин кандидаты Жыргалбек МАМАСАЛИ уулуна айрым суроолор менен кайрылдым.

– Айтсаңыз, өттөгү таштар кандайча пайда болот? Биз адамдар бир жериңе барып чогулуп калгандай таш деле жебейбиз…

– Ырас таш жебейбиз, бирок ошол ташты пайда кылуучу ашты өкүртө жейбиз да. Болгондо да майлуу, куурулган, туздуу, ачуу тамактарды жейбиз. Анан көпчүлүгүбүз аз кыймылдайбыз. Ушунун баары өттө таштын пайда болушуна алып келет. Өттө таштын бар экендиги алгач көп билинбейт, анан таш чоңойгондо же көбөйгөндө азапты көрсөтө баштайт. Адамдын дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлүп, ичтин оң жак тарабы чыдатпай ооруйт. Оозго кычкыл даам келе баштайт. Өттө пайда болгон майда таштар чоңоюп, боорго таасир бере баштайт. Кээ бир учурларда өттөн ылдый жайгашкан органдарга – карын астындагы безге, он эки эли ичегиге, башка ичегилерге түшүп кетип, тамак-аш сиңирүү системасы бузулат. Ушул учурда башка органдарга зыян келтирбеши үчүн өттү алып салууга туура келет. Анан дагы өт полипи зыяндуу шишик түрүндө да кездешет. Аны дагы хирургиялык жол менен гана
дарылайбыз.

– Негизи өт кандай милдеттерди аткарат?

– Өт тамак сиңирүү менен байланышкан кызматтарды аткарат: тамактын карындан ичегилерге өтүүсүн камсыз кылат, тамактын сиңиши үчүн зарыл болгон пепсин затынын ишин жөндөйт. Өт кислоталары болсо ичке ичегинин иштешин активдештирет. Бактериялардын пайда болушунун алдын алат. Ошондой эле белоктордун сиңиши үчүн маанилүү ферменттерди жөнгө салат. Андан сырткары өт бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Холестерин, билирубин сыяктуу заттарды бөйрөк тазалай албайт, алар организмден өттүн жардамы аркылуу бөлүнүп чыгат.

– Өттө таш пайда болуу оорусунун алдын алуу үчүн эмне керек?

– Эң биринчи туура тамактануу зарыл. Анан адам ар дайым кыймылда болуп, өзүнө бир саат болсо да көңүл буруп, ар кандай  көнүгүүлөрдү жасап жүрсө, бул оорунун алдын алса болот.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар