Бул жолу “Мекендеш” рубрикабыздын каарманы кинорежиссёр, чет өлкөлөрдө көп жыл эмгектенип, жашап жүргөн белгилүү журналист Жаңыл ЖУСУПЖАН. Ал илгери «Азаттыкта» иштеп жүргөндө башка өлкөлөрдө жашаган кыргыздар темасына көп кайрылып, алардын басып өткөн оор тагдырын, турмушун чагылдырып келген. Каарманыбыз Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Түркияда жашаган Памир кыргыздары тууралуу көп жазды. Учурда каргашалуу Үркүн окуясы жана Арал деңизи боюнча фильмдерди тартып жаткан кесиптешибиз менен алгачкы баарлашуубуз тил туурасында болмокчу.
«Таза сүйлөбөгөнүм үчүн орус тилинен «4» алчумун»
– Мен алыскы Ат-Башы айылында туулгам. Атам орус тил мугалими болуп иштейт эле. Апам ошол айылда балдар бакчасын ачып, элди балдарын бала бакчага берүүгө үгүттөгөн биринчи аял болгонун кийин билдим. Алтыга чыкканымда биз Фрунзеге көчүп келдик. Ал кезде борбор калаабыздын 95 пайызы орустар болчу. Классташтарым өз ара орусча сүйлөшсө аларга анчейин аралаша албай жүрдүм. Анын үстүнө алар шаардыктарча кийинген, интеллигенция өкүлдөрүнүн балдары эле. Азыр ойлосом ошол учурда бизге мугалимдер өтө илбериңки мамиле жасап, негедир кыйкырып, урушушчу эмес экен. Мени шаардагы жалгыз кыргыз мектепке беришти, бирок апам «Орус тилин үйрөн, антпесең кийин көчө шыпырып каласың» деп көп айтчу. Кыргыздар чакан улут болгондуктан апамдын бул кеңеши туура эле болуптур деп коём азыр. Кызыгы, ошол кезде бизге ата-энебиз негедир орустар менен ойногонго тыюу салышчу. Ошондон улам көчөдөн аларга көп аралашпай үйгө түз келчүбүз.
Ошентип жүрүп орус тилин 10-класска барып араң өздөштүрдүм окшойт. Ага чейин мугалим «Сенин орусча акцентиң бар» деп мага начар баа койгон күндөр болгон. Көрсө, бул өзүбүздү өзүбүз басмырлоо эле болгон экен. Кийин англис тилин үйрөнгөндө да «Мен акценти жок сүйлөшүм керек» деген ойдо болдум. Азыр антип ойлобойм. Себеби, адамдын айтаар сөзү, аны угаар кишиси болсо, акцент анчалык маанилүү эмес экен.
«Уулум экөөбүз «кошелёктон» кармалганбыз»
– Математикадан алыс болгондуктан мектепте кыргыз адабияты менен катар орус адабиятын терең окуткан класска кирдим. Кийин университетте дүйнөлүк адабият менен тааныштым. Ал учурда окуу жайлардагы лекциялар да орус тилинде окулчу. Байыркы немис эпосу – «Нибелунген», байыркы грек поэмалары – «Одиссея», «Иллиада», орто кылымды чагылдырган «Гаргантюа жана Пантагрюэль» повесттери сыяктуу дүйнө адабиятын университетте үзүп-үзүп окудук. Себеби, китепканада китептердин бирин тапсак, көбүн таба алчу эмеспиз. Англисче, немисче китептерди алымдын келишинче окучумун, бирок, бул тилдерде жеткиликтүү сүйлөй алчу эмесмин. Ошентип жүргөнүмдө бир жылы кыргыз элинин Бүткүл дүйнөлүк курултайы өтүп калып мени котормочу катары чакырышты. Көрсө, англис тилин мыкты билгендер кыргызча билишпейт экен. Ошондо алгачкы жолу англисчеден кыргызчага түз которуп, өзүмө өзүм маашырландым. Ошентип окуумду Алматыда бүтүрдүм.
Кийин «Азаттык» радиосунун кабарчылыгына конкурс жарыяланып, жүздөн ашык адамдан экөөбүз өттүк. Мен англис, кыргыз тилдерин жакшы билгендиктен Германияда иштеп калдым. Ал учурда менчилеп чет өлкөлөргө чыккан адамдар жокко эсе болчу. Көп жылдар бою «Азаттык» радиосунун Германиядагы, Чехиядагы кызматында иштедим. Өзүм ал жакта болгонум менен көңүлүм, ой-санаамдын баары дайыма бул жакта – Мекенибизде болду. Эмгек өргүү, эс алуу учурларында өзүм билет алып Кытай, Түркия, Тажикстанга барып, ал жактагы кыргыздардын жашоо-турмушун чагылдырып турдум. «Кайсыл жерде жашасаң ошол жердин ырын ырда» дегендей анан чех тилин үйрөндүм. Орусча сүйлөшүп калсак бизди чехтер орус деп жаман көрүшчү. Ошого биз кыргызча сүйлөйлү деп уулум менен «мороженое» дегенди «балмуздак», «посольствону» «элчилик» деп сүйлөп калдык. Агам менен сүйлөшкөндө да «элчилик» десем абдан таң калган. Кийин уулум экөөбүз Чехиянын борбордук аянтында кыргызча сүйлөшүп жатсак капчык, сумка саткан сатуучу «Силер орусча билесиңерби?» деп сурап жатпайбы. Мындай суроого биз таң кала түштүк. Көрсө, ал болгар сатуучу биздин көнүмүш адат менен капчыкты «кошелёк» деп айтканыбызды угуп калыптыр.
«Чагатай тилин билем»
– Азыр француз тилин жаңыдан үйрөнө баштадым. Албетте, бул тилди өздөштүрүү деле оңой эмес. Бирок, өткөндө өзүмдүн кино долбоорум боюнча бирөөгө французча сонун эле айтып бергендей болдум. Тилдерди үйрөнүү бир чети турмуштук аргасыздыктан да болду. Себеби, чет өлкөлөрдө ар кандай төлөм кагаздары келет. Аны убагында төлөбөсөң олчойгон айып пулдар чыгат. Анын үстүнө тилди жакшы билбеген чет өлкөлүк аялзатын алдап коюу оңоюраак.
Англис, француз, немис тилдеринен тышкары мен чагатай тилин билем деп мактана кетейин. Бул тил Борбор Aзияда илгерки чек аралар жок мезгилдеги элдердин орток тили. Ошол кезде биздин аймакты башкарган Чыңгызхандын экинчи уулу Чагатайдын атынан улам бул тил чагатай тили болуп калыптыр. Муну айтканым, биз кээде кино тартканы Хива, Үргөнч, Каракалпакстан, Өзбекстанга барганда алардын сөздөрүнө түшүнүп, ал тилдерди аралаштырып сүйлөй берем. Азыр Арал деңизи боюнча кино тартып жатабыз. Биздин аймактарда тил боюнча көп кыйынчылык деле жок. Ошентсе да али көп нерсени үйрөнүшүм керек.
Алыс барбай эле кыргыз, казак тилдерин алсак экөөнүн түбү бир. Бирок, СССР убагында эки республика деп бөлүп койгондуктан эки эл бири-биринен алыстап баратат. Азыр Казакстандан, Өзбекстандан Ысык-Көлгө каттамдар ачылды. Бири-бирибиз менен катташып, балдарыбыз бир-эки жумадан коңшу өлкөлөрдүн мектептерине барып, тил жагынан жакындашсак анын эч зыяны болбойт.
(Уландысы бар)
Мелис СОВЕТ уулу, «Кыргыз Туусу»