Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Планетабыздын бүгүнкүсү жана эртеңкиси үчүн жалпы камкордук

7-9-июлда Кытайдын чыгышындагы Шандунь провинциясынын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн “Жашыл өнүгүү жолу боюнча жанашып жүрүү, адам менен жаратылыштын табигый жанаша жашоосун алдыга жылдыруу” урааны астында болуп өткөн жашыл өнүгүү боюнча форумунун маңызы мына ушул теманын айланасында жүрдү.

Форум ШКУнун Жакшы кошуналык, достук жана кызматташтык боюнча комитети, Кытай Эл Республикасынын Экология жана курчап турган чөйрө министрлиги, Шаньдун провинциясынын элдик өкмөтү жана ШКУнун катчылыгы тарабынан биргелешип уюштурулду. Ага катышкан Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн 350гө жакын өкүлдөрү экологиялык өнүгүүнү, технологиялык инновацияларды жана климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүнү талкуулашты.

ШКУнун катчылыгынан белгилешкендей, бул аталган уюмга төрагалык Кытайга өткөндөн кийинки биринчи иш чара болуп калды.

Форумдун максаты жана башкы темалары

Ачылыш сессиясынан соң иш чара 3 форумчага бөлүнүп, биринчиси: “ШКУнун экология жылы – 2024”, экинчиси: “Жашыл жана жогорку сапаттагы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн технологиялык инновациялар” жана үчүнчүсү: “Жашыл төмөнкү көмүртектүү трансформацияга көмөктөшүү үчүн климаттык аракеттер” темалары астында жүрдү.

ШКУ өлкөлөрүнүн жашыл өнүгүү боюнча форуму Уюмга мүчө-мамлекеттердин жана аларга байланышкан өлкө­лөрдүн жашыл өнүгүү тармагындагы кызматташуусунун иш жүзүндөгү тажрыйбасын жана кызматташуусунун келечегин талкуулоо менен жашыл төмөн көмүртектүү өнүгүүсүнө көңүл буруу аракетин билдирет. Форум тажрыйба, технологияларды  алмашуу жана кызматташууну өнүктүрүү жолу менен климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө биргелешкен көңүл бурууга жана туруктуу өнүгүүгө багытталган маанилүү иш-чара болуп саналат.

Ички жана аймактык экологиялык проблемаларды чечүү үчүн ШКУ өлкөлөрү курчап турган чөйрөнү экологиялык коргоо жана жашыл өнүгүү тармагында кызматташууга бекем эрк көрсөтүшүүдө. 2023-жылдын июлунда ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин Нью-Дели декларациясында курчап турган чөйрөнү коргоо, курчап турган чөйрөнүн экологиялык коопсуздугу тармагында кызматташуу жана климаттын өзгөрүүсүнө көңүл буруу чоң мааниге ээ экени белгиленген жана 2024-жыл “ШКУнун экология жылы” деп жарыяланган.

Талкууларда ШКУнун өлкөлөрүнүн экологиялык пландоо, саясий чаралары жана практикалык мисалдары козголду. Ар жылдык иштердин жүрүшү жана натыйжалары менен бөлүшүлдү. Тармактагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, проблемалар жана келечеги жөнүндө диалогдор жүргүзүлдү.

Жашыл жана жогорку сапаттагы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн технологиялык инновациялар: экологиялык технологияларга жана жашыл төмөнкү көмүртектүү технологияларга керектөөлөрдү эске алуу менен өнөр жайлык кызматташууга көңүл буруу айтылды. Жашыл төмөнкү көмүртектүү технологиялар тармагындагы изилдөөлөрдүн жана инновациялардын натыйжалары менен алмашуу, кызматташуу моделин талкуулоо жана жашыл аймактык экономикалык кызматташуунун жогору деңгээлин жана терең өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу демилгеленди.

Эксперттердин пикирлери боюнча, форум ШКУнун мамлекеттери ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жана жашыл өнүгүү боюнча биргелешкен аракеттерге өбөлгө болду.

Форумдун ишине Төрагадан каалоо

Форумдун ачылышында Кытайдын Элдик саясий консультативдик кеңешинин бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин форумдун катышуучуларына кайрылуусун окуп берди. Анда Си Цзиньпин белгилегендей, экологиялык чөйрөнү коргоо жана жашыл өнүгүүгө көмөктөшүү – бул ШКУнун өлкөлөрүнүн консенсусу. Акыркы жылдарда Кытай калктын бакубат жашоосу жана сергек экология менен мүнөздөлүүчү жана ошондон улам “эң сонун Кытайды” курууда бүтүндөй дүйнөнүн көзүн кубанткан зор ийгиликтерге жетишилген өндүрүштү өнүктүрүү менен мүнөздөлүүчү цивилизациялуу өнүгүү жолунда жүрүүгө берилгендигин сактоо менен “акактай суулар жана жашыл тоолор – баа жеткис казына” концепциясын карманууда.

Кытай бардык өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү жана адам менен жаратылыштын таттуулаш жашоосуна көмөктөшүү үчүн бул форум аркылуу жашыл өнүгүү жаатында бардык тараптар менен тажрыйба алмашууларды жана кызматташууну арттырууга үмүттөнөт.

Си Цзиньпин Кытай жакында ШКУдагы ротациялык төрагалыкты алганын, ал эл аралык мамилелердин жана аймактык кызматташуунун жаңы тибинин үлгүсү болуп кызмат кыларын эске салды.

Ал билдиргендей, Кытай “Шанхай демин” өнүктүрүү, ынтымакты жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, жашыл өнүгүүгө көмөктөшүү, жалпы аракеттер менен жалпы өнүгүүнүн жаңы главасын түзүү жана ШКУнун бирдиктүү тагдырынын дагы көбүрөөк тыгыз шериктештигин биргелешип куруу үчүн бардык тараптар менен иштешүүгө даяр.

Ар бир өлкөнүн салымы бар

Форумга катышкан ар бир өлкөнүн өкүлдөрү өз өлкөлөрүндөгү экологиялык иш-чаралар жөнүндө кеңири баяндамаларды жасашты. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райимкулова өз сөзүндө аймактагы учурдагы мөңгүлөрдүн эриши, Арал деңизинин суусунун азайышы, анын айланасындагы территориялардын чөлгө айланышы сыяктуу жалпы көйгөйлөргө токтолду.

Анын пикиринде, өткөн жылы ШКУнун саммитинде уюмга мүчө-мамлекеттердин жетекчилери бир добуштан 2024-жылды ШКУдагы экология жылы деп жарыялоо чечимин кабыл алышканы — аймактагы экологиялык кырдаалга олуттуу жооп болуп саналат жана Уюмга мүчө-мамлекеттердин экология жа на курчап турган чөйрөнү коргоо тармагында кызматташууну бекемдөөгө жалпы умтулууларын чагылдырат. Андан бери жыл ичинде ал чечимдерди ишке ашыруу боюнча мурда болуп көрбөгөндөй аракеттер жасалды.

Астанадагы саммитте кабыл алынган жыйынтыктоочу 25 документтин төртөөсү түздөн-түз бул чөйрөдөгү кызматташууга арналган. Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча биргелешкен аракеттер натыйжалуу боло баштады.

Форумда сүйлөгөндөрдүн дээрлик бардыгы өз өлкөлөрүндөгү курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык иш чаралар, суунун тартыштыгы жана кургакчылык менен күрөшүү, мөңгүлөрдү жана табигый суу булактарын сактап калуу сыяктуу иш-чаралар жөнүндө айтып беришти. Мында айрым өлкөлөрдүн чөлдө оазис түзүү тажрыйбасы да кызыгуу жаратты.

Климаттын өзгөрүүсү жана адам баласынын ишмердигинин анын өзгөрүүсүнө тийгизген терс таасири көптөгөн өлкөлөрдө тынчсыздануу жаратып жатканы ораторлордун сөздөрүндө өзгөчө баса белгиленди.

Дагы белгилеп кетчү маселе – Шанхай кызматташтык уюму бул багытта иштешүүнү каалаган мамлекеттер үчүн эшиги ачык экени айтылганы болду. Бул да туура, себеби, жалпы адамзаттын көйгөйү менен күрөшүү жер шарынын жашоочулары үчүн жалпы болууга тийиш.

***

Айрым фактылар

Форумдун алкагында ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Джанеш Кейн журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.

Ал билдиргендей, 2023-жылы ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара товар жүгүртүү 650 млрд. доллардан ашуунду түзгөн, же 2022-жылдагыга салыштырмалуу 29%га өскөн.

“ШКУнун экология жылы” демилгеси учурдагы климаттын өзгөрүшү жана анын кыйратуучу кесепеттери менен байланышкан планеталык масштабдагы экологиялык проблемалардын өңүтүндө актуалдуу. Анын негизги маңызы – дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Уюмдун экологиялык проблемаларына, ошондой эле ШКУнун экологиялык өлчөөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө буруу.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”,
Бишкек – Циндао – Бишкек

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар