Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

ШКУ өлкөлөрүнөн ММКлардын өкүлдөрү Циндаодо болушууда

Циндао, 8-июль /Синьхуа/ – “Мен бул жерде кандайдыр-бир инновациялык технологиялар колдонулганын ойлогом. Бирок, мынчалык масштабда экенин болжой албаганмын”, – деп “Кыргыз Туусунун” директору-башкы редактору Мырзакат Тыналиев Циндао портундагы /Шаньдун провинциясы, Чыгыш Кытай/ автоматташтырылган контейнердик терминалда болуу менен таң калганын айтты.

Ишембиден шейшембиге чейин Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнөн ММКлардын өкүлдөрүнүн делегациясы Циндао шаарында болууда. Циндао портунда журналисттер автоматташтырылган контейнердик терминалдын курулуш таржымалы жана анын негизги функциялары жөнүндө билишти.

“Мени порттун масштабы өтө таасирлентет. Мында баары автоматташтырылган”, – деди Азербайжандын “Caliber” маалыматтык аналитикалык порталынын башкы редактору Тимур Гусейнов.

Циндао портунун кызматкери Цзяо Ланькундун айтуусу боюнча, бул терминалдын жылдык жүгүртүүсү 5,2 млн. стандарттык контейнерге жетет. “Бул автоматташтырылган контейнердик терминал жумушчу күчүн 80%дан ашуун үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, мындай иштин натыйжалуулугу башка өлкөлөрдүн ушундай терминалдарыныкына салыштырмалуу 50%дан ашуун жогору”, – деп кошумчалады ал.

Армениянын күн сайын чыгуучу “Жоговурд” гезитинин директору Петрос Товмасянга Циндао портунда жаңы технологиялардан тышкары Циндаодогу экологиялык кырдаал да таасир берген.

“Циндаодо өсүмдүктөр өтө көп. Бул мага жакты. Азыркы учурда шаарларда бетон имараттар курулууда, а экология арткы планга кетти”, – дейт ал.

Россиялык “Известия” гезитинин  кабарчысы Асантасия Костина Циндао – бул россиялык туристтер үчүн потенциалдуу жаңы багыт деп эсептейт. “Орто статистикалык россиялык турист үчүн негизги багыт – бул Хайнань. Циндао жөнүндө көптөр укпаган, бирок, бул кооз шаар”, – деди ал.

“Көп жаңы каттамдар жана көбүрөөк жаңы багыттарды көргүм келет”, – деп жыйынтыктады А.Костина.

Эске салсак, ШКУ өлкөлөрүнөн ММКлардын өкүлдөрү үчүн медиа-турдун уюштуруучусу – ШКУнун Жакшы кошуналык, достук жана кызматташуу боюнча Кытай комитети.  ММКнын 20дан ашуун өкүлү 1-9-июлда Шанхай, Пекин жана Циндао шаарларында болушат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар