Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Ошто сел агызган 7 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жети жаштагы кыздын сөөгү Анжияндагы (Өзбекстан) Шахрихан каналында табылган.

ӨКМ дагы төрт адамды (сууга эки баласы менен аккан аял) издеп жатат. Алар «Мөл булак» эс алуу зонасында жолугушкан. Төртүнчүсү болуп борбордук базардан суу агызып кеткен аял изделүүдө.

Оштогу кечээки сел дээрлик 350 үйдү, оорукана, мектеп, бала бакчаны каптаган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар