Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын алдына бир катар милдеттерди койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегиясын катышты.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы фискалдык органдын алдына төмөндөгүдөй бир катар милдеттерди койду:

— салыктарды ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын азайтып жана салык карызы (недоимка) боюнча иш чараларды күчөтүш керек;
— социалдык-экономикалык чөйрөдөгү маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн зарыл болгон көлөмдө салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну камсыз кылуу зарыл;
— салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун бардык элементтерин толук жана сапаттуу ишке киргизүүнү аяктап көмүскө экономиканы азайтып жана контрабандалык продукцияны ташып келүүгө каршы күрөшүү;
— салык төлөөчүлөрдү натыйжалуу жана сапаттуу тейлөө үчүн Салык кызматынын системаларынын ылдамдыгын жана өндүрүмдүүлүгүн жакшыртууга багытталган IT-инфрастүзүмдөрүн өркүндөтүү;
— салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн электрондук кызматтарды өркүндөтүү жана толуктоо боюнча иштерди жүргүзүү;
— салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн салыктык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу үчүн облустук жана райондук борборлордо Төлөөчүлөрдү тейлөөнүн кошумча борборлорун ачуу;
— салыктык башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун, тактыгын жана ачыктыгын жакшыртууга багытталган аналитикалык инструменттерди киргизүү, бул өз кезегинде жыйымдарды көбөйтүүгө жана салыктык жоготууларды кыскартууга өбөлгө түзөт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар