Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Садыр Жапаров Өзбекстандын Хива шаарындагы тарыхый эстеликтерге барды

Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев жубайлары менен Хива шаарына барып, тарыхый эстеликтерди көрүштү.

Алар «Ичан-Кала» коругунун тарыхый-архитектуралык музейинде жана «Нуриллабой сарайы» музейинде болушту.

Ичан-кала — Борбор Азияда сакталып калган жалгыз эстелик шаар. Анда 120дан ашык архитектуралык эстелик жайгашкан.

«Нуриллабой сарайы» XX кылымдын башында курулган. Комплекске медресе, галереялар менен байланышкан 100дөн ашык бөлмө кирет.

Бул шаар 1990-жылдан бери ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинде жана 1997-жылы өзүнүн 2500 жылдыгын белгилеген.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар