Өткөн жумада Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары коомчулуктун, анын ичинде кыргыз интеллигенциясынын кызуу колдоосуна ээ болду. Жашырганда эмне, мурунку президенттердин тушунда чек ара маселеси чечилбей, экономикалык карым-катнаш өнүкпөй, өз ара кыргый кабак мамиледе болуп келген мамлекеттердин ортосундагы – бүгүнкү нукура коңшулук, чын ыкластан сый-урмат мамилелердин артышы, бирин-бири колдогон экономикалык байланыштардын жогорку деңгээлге чыгышы кимди болбосун кубантпай койбойт. Төмөндө, бул боюнча аттуу-баштуу адамдарыбыздын пикирин жарыяладык.
КР УИАнын академиги Сыртбай МУСАЕВ:
“Эки президенттин билдирүүсүндө маанилүү маселелер көтөрүлдү”
-Президентибиздин Өзбек Республикасына мамлекеттик сапары чоң делегация менен коштолду. Маданият чөйрөсүндө иштеген бир топ адамдар да барды. Ушул мамлекеттик визиттин алкагында эки өлкөнүн Президенттери бир катар эки тараптуу пайдалуу документтерге кол коюшту. Визиттин максаты өзүбүздүн коңшу жана тектеш Өзбек Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы социалдык, маданий-гуманитардык, экономикалык карым-катышты мындан ары өркүндөтүү багытында болду. Анткени кол коюлган документтерди карап отурсак, экономикалык жактан соода-сатык алакалардын жана маданияттын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулгандыгы байкалып турат.
Кандай гана мамлекет болбосун, өзгөчө коңшулаш жашаган тектеш мамлекеттер өз ара бири-бири менен тыгыз карым-катышта, бири-бирин колдоо, коргоо багытында иш жүргүзүшү керек. Ушул өңүттөн алып караганда Садыр Нургожоевичтин мамлекеттик сапары учурдун талабына жооп берет жана максатына жетти деген ойдомун. Визиттин алкагында 10дон ашуун документтерге кол коюлуптур, демек буга чейин бул багыттар боюнча көп иштер жүргүзүлгөн дегенди билдирет. Мен атайын визит деп айтып жатам. Анткени иш сапар менен мамлекеттик визиттин ортосунда чоң статустук өзгөчөлүк бар.
Биринчиден, эки мамлекеттин Президенттери биргелешкен билдирүү жасашты. Бул билдирүүдө бир катар маанилүү маселелер жөнүндө сөз болду. Мамлекетти мамлекет кылып турган экономикалык жана маданий жагдай да. Мына ушул эки багыт боюнча бир топ протоколдорго кол коюлду.
Экинчиден, азыр биз кооптуу мезгилде жашап жатабыз. Дүйнөдө коогалаңдар болуп жатат. Мына ушул контексттен алып караганда эки өлкөнүн жетекчилери жашыруун маалыматтарды коргоо жана ошол маалыматтарды зарылчылыкка жараша алмаштыруу жөнүндөгү маселени да көтөрүштү.
Анткени учурда өлкөлөрдүн коомдук-экономикалык, саясий-социалдык, илимий-техникалык өнүгүүлөрүнө карата болгон кызыгуулар барган сайын күчөөдө. Бүгүнкү күндө сыр болгон жашыруун маалыматтарды коргоого, жашырууга мүмкүн болбой турган жагдайда, мамлекетке тиешелүү болгон сырларды, жашыруун маалыматтарды коргоо жана аны өз ара зарылчылыкка жараша алмаштыруу жөнүндөгү протоколго кол коюлушу биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү деп ойлойм. Садыр Нургожоевичтин Өзбек Республикасына болгон мамлекеттик визитинин алкагында кол коюлган документтер мамлекетке натыйжалуу пайдасын берет деген ишенимдемин.
КРнын Президентинин Ош облусу боюнча өкүлү Эльчибек ДЖАНТАЕВ:
“Президенттин мамлекеттик сапары биз үчүн жемиштүү болду”
-Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул жолку сапарыбыз биз үчүн жемиштүү болду. 2024-2026-жылдарга карата эки өлкөнүн ортосунда айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн “Жол картасы” иштелип чыгып, ал документке кол коюлду. Дүйнөнүн булуң-бурчунда канчалаган мамлекеттерде ачарчылык каптап, суунун тартыштыгы жаралып жатат. Мына ушул өңүттөн алганда коңшулаш мамлекеттердин ортосундагы азык-түлүк, айыл-чарба продукциялары менен калкты камсыздоону өнүктүрүү орчундуу маселе. Аны менен катар жолугушуунун алкагында 18-22-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы маданият күндөрү ачылып, бизден барган маданият өкүлдөрүнүн аткаруусунда улуттук ыр-күүлөр жаңырды.
Буга чейин Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү Анжиян облусу менен соода-сатык алакабыз болуп келген. Менимче “Жол картанын” негизинде эки өлкөнүн ортосунда айыл чарба, азык-түлүк продукцияларын жүгүртүү жеңилдеп, соода-сатык алакалары жакшырат жана эки элдин ынтымагы бекемделет. Бул максаттарды ишке ашырууда Кара-Сууда көзөмөл-пункттарын, Дароот-Коргон жана Үч-Коргон жолун ачуунун, ошондой эле көмүрдү Өзбекстан Республикасына экспорттоо жана туристтерди кабыл алуу, аларды тейлөөнү жакшыртуунун үстүндө иш алып баруу тапшырмалары коюлду.
Мамлекеттик сапардын алкагында бизнес-форум өтүп, ага Ош облусунан 31 ишкер катышты. Өзбекстандык өнөктөштөр менен В2В жолугушуусунун жыйынтыгында «Нур Сары-Таш» ЖЧКсы менен «TUYUL Stones» ЖЧКсынын ортосунда Сары-Таш мрамор плиталарын жеткирүү боюнча соода келишимдери түзүлдү.
Ошондой эле «Фермер КЖ» дыйкан чарбасы менен «Плаза» ЖЧКсынын ортосунда 1 миллион долларга жакын мал сатуу келишими түзүлдү. Андан соң, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалы аркылуу Өзбекстанга көмүр жеткирүү боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.
Оштук ишкерлердин өздөрүнүн айтымында, сапар абдан пайдалуу жана жемиштүү болду. Алар Өзбекстандын кондитердик азыктарды чыгарган «Крафферс» ЖЧКсы, ичүүчү суу чыгарган «Оккард» ЖЧКсы, «Голд Мун Ташкент» зер буюмдарын чыгаруучу жана башка бир катар ири өндүрүш ишканаларында болушту.
КР УИАнын академиги Мустафа КИДИБАЕВ:
“Эгемен элибизде алгачкы ачылган автозавод”
-Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылында “Тулпар Моторс” кыргыз-өзбек автозаводу ишке кирди. Бул заводдо жеңил, оор жүк ташуучу автоунаа жана ошондой эле автобустар чыгарылат экен. Ата мекендик өндүрүштөгү автозаводдун ишмердигинин 1-этабында бир жылда 10 000 автоунаа чыгарылары айтылууда. Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешкен макулдашуусунун натыйжасында эгемендикти алгандан бери жергебизде алгачкы жолу мындай автозавод ачылып жатканы, албетте кубанарлык көрүнүш. Коомчулукка жеткен маалыматтарда быйыл 1000дей автоунаа чыгарылары жана ошондой эле автоунаалардын тетиктеринин 20 чакты үлгүсү кошуна мамлекеттен келери жана жарандар автоунааларды “Элдик Банк”, “Айыл Банк” аркылуу алгачкы 20 пайыздык төлөмүн төгүп, кредитке алса боло тургандыгы айтылууда.
Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында автоунаасы эң көп мамлекет экендиги белгилүү. Бирок бизге келген автоунаалардын көпчүлүгү эскилиги жеткен. Шаардын абасын да булгаган мына ошолор. Дүйнө элдеринин суроо-талабын канааттандырып, узак жылдардан бери авто-унаа рыногун ээлеп келген белгилүү монополист автозаводдор бар. Албетте, рынок шартындагы атаандаштыкта биз алар менен дароо эле теңтайлашып алга озуп кете албасак да, бул автозаводдун ишке кириши Борбор Азия чөлкөмүндө, деги эле дүйнөлүк саясий-экономикалык айдыңда Кыргызстандын беделин кайсы бир деңгээлде жогорулатат.
Ошондуктан элибиз ата мекендик өндүрүштүн продукциясын сатып алууга басым жасашы керек. Менимче өзүбүздөн чыккан автоунаалар сырттан ташылып келген автоунааларга салыштырмалуу баасы да алгылыктуу болот деген ойдомун. Мындан сырткары келечекте ата мекендик өндүрүштөгү автоунааларды экспорттоону жолго коюшубуз керек.
Кыргызстан Улуттук Элдик Курултай ассоциациясынын теңтөрагасы Бейшенбек АБДРАЗАКОВ:
“Биздин коңшулук тамырыбыз миң жылдык”
-Эгер соңку 33 жылдагы эки тараптуу байланыштардын өнүгүшүнүн призмасы аркылуу карасак, Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарын — тарыхый окуя деп айтсак болот. Мунун өзүн Өзбекстандын азыркы Президентинин Кыргызстанга болгон сый мамилеси жана биздин мамлекет башчынын салмактуу саясатынын негизинде турмушка ашырылып жатат десек жаңылышпайбыз. А болбосо И.Каримовдун тушунда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер кыйла солгундап кеткени эч кимге жашырын эмес.
И.Каримов «Камбар Ата 1-2» ГЭСинин курулушуна, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна каршы болгон, биздин президенттер болсо, кошуна өлкөнүн президенти менен же тең ата сүйлөшө албай, же тил табыша албай, анын кесепети экономикалык-саясый байланыш, маданий-гуманитардык карым-катышка тийген. Эки мамлекеттин Президенттери алмашышы менен, өлкө башына чыныгы мамлекетчил инсандар келип, чек ара, экономика, саясый ж.б. байланыштар жогорку деңгээлге чыкты.
Өзбекстан менен болгон эки тараптуу байланыштарды комплекстүү караш керек, ал жалаң гана чек ара маселеси эмес. Бул иралды экономикалык ири долбоорлор. Айталы, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу үч тараптуу ири долбоор болсо, Өзбекстан менен Кыргызстан машина куруу боюнча эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырып жатат. Мындай эки тараптуу инвестициялык долбоорлор улана берет деген ишеничтемин.
Өзбекстан менен Кыргызстанды чек аралар гана байланыштырып турбайт, бизди миң жылдарга кеткен тарыхыбыз да байланыштырат. Ал бизге боордош, бир тууган эл. Жакын кошуна. Биз бири-бирибиз менен туугандык жана жакын коңшулук байланыштарды арттыруу менен гана экономикалык жактан кубаттуу өлкөгө айланабыз деген ойдомун.
Өзбекстан менен энергетика, темир жол, унаа завод, текстиль, соода-сатык, өнөр жай, туризм боюнча байланыштарыбызды жылдан жылга арттыра беришибиз керек.
Бетти даярдагандар:
Вера Беделбек,
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”