Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Автокырсыктарды кантип азайтабыз?

“Элибизде сактанганды Кудай сактайт» деген жакшы накыл кеп бар. Тилекке каршы, алдын алууга, сактанууга маани бербегендигибизден ар жылы өлкөбүздө жүздөгөн адамдар жол кырсыгынын курмандыгы болуп келет. Тагыраак айтканда, статистика  боюнча орто эсеп менен ар күнү 2 адам автокырсыктан каза болот. Же болбосо жол кырсыгындагы адам өлүмүнүн саны боюнча Кыргызстан 175 мамлекеттин ичинен 95 орунда турат. Бул бизде жол кырсыктарынын алдын алууга анчалык маани бербегенибизди, унаа айдоо эрежесин, маданиятын сактабагандыгыбызды көрсөтүп турат.

Жоопкерчилиги жок айдоочу коркунучтуу…

Өкүнүчтүүсү, жол кырсыктарынын саны жайкы эс алуу сезонунда жогорулайт. Себеби, жай аларында Кыргызстандын башка облустарынан, айрыкча Чүй облусунан Ысык-Көлдү көздөй транспорт агымы күч алат. Анткени, көлгө барчу негизги жол ушул. Ошону менен айрымдар жеке коопсуздугун, үй-бүлө коопсуздугун эске алып атайын эмгек өргүү убагында Көлгө барышса, көпчүлүк эс алуучулар шашып-бушуп жума күнү түштөн кийин Ысык-Көлгө бет алышат. Жума күнү чыккандар кеч курун ал жакка жетип, бир жарым күн Көлгө эс алып, кайра жекшемби күнү жолго чыгышат. Ал эки күндү кээ бир мекендештер туура пайдаланып жакшы эс алып келишсе, айрымдар эки сутканы ичимдик, Көлгө түшүү менен өткөрөт.

Эс алуучулардын арасында “Ушунча келген соң бир жакшы эс алалы” дешип күнү-түнү уктабай жүргөндөр арбын экенин жакшы билебиз. “Жакшы эс алгандардын” арасында сөзсүз түрдө кесиптештерин, үй-бүлөсүн же досторун алып барган айдоочулар да болбой койбойт. Анан уйкусу канбаган андай “эс алуучулар” үчүнчү суткада Бишкекти көздөй жолго чыгышат. Ошентип маданияттуу эс алганды билбеген мекендештерибиздин айынан да Бишкек – Ысык-Көл автожолунда кырсыктар көп  болууда.

Алсак, 3-июлда Бостериде болгон автокырсыкта эки адам каза болуп, үч жаш жигит оор акыбалда ооруканага түшкөн. Бул автокырсыктын видеосунда калктуу пунктта саатына 130-140 ылдамдык менен келе жаткан  Mercedes үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон кайрылып жаткан Kia K7 автоунаасын сүзүп, анын мотору 30 метр аралыкка учуп кеткен. Териштирүүдө Mercedes автоунаасынын жаш айдоочусу мас абалда экени аныкталган. Бул жерде жогоруда айтканыбыздай кайдыгерлик, кенебестик, чектен чыккандыктын кесепетинен кырчындай үч адам мерт кетип отурат.

4-июль күнү болсо Каракол – Пристан унаа жолунан «Мицубиси – Делика» автоунаасынын айдоочусу О.К. 7 жашар Ы.Айбек аттуу баланы коюп кетип бала ооруканада жан берген. Ошол эле күнү кечке жуук Н.У. “Лексус RX-300” унаасы менен Ак-Суу районунун Челпек айылынан 4 жаштагы К.Керемет аттуу кызды сүзүп, ал ооруканага жетпей көз жумган. Албетте, бул кырсык, Жараткандын сыноосу. Бирок, автокырсыктын көбү жол эрежесин сактабагандыктан жана айдоочулардын толук кандуу эс албагандыгынан же мас абалында машина айдагандыгынан улам болуп жатканы экспертизалык жыйынтыктардан айдан ачык көрүнүп турат.

Оң рулдуу автоунаалардан оолак кач

Элдин 4, 7 жаштагы наристелерге жаны ачып отурганда 5-июль күнү  соцтармактарга Балыкчы – Ананьево – Каракол жолунун 27-чакырымында Honda Odyssey жана Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшүп 7 жаштагы бөбөк, 69 жаштагы бир аял каза болуп, 14 адам ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат чыкты. Бул оор кайгыдан көп өтпөй 17-июлда ушул эле  Балыкчы – Ананьево – Каракол автожолунун 40-чакырымынан (Өрнөк айылы) Toyota Avensis и Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшүп, натыйжада 68 жаштагы  Toyota Avensis автоунаасынын айдоочусу жана анын 68 жаштагы жубайы, алардын 9 жаштагы небереси каза болгону маалым болду. Териштирүүдө каза болгондор белгилүү журналист, экс-депутат, учурда Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана туугандары экени аныкталган. Бул автокырсыкта оор жаракат алып ооруканага жеткирилген маркумдардын неберелери да көз жумду. Азырынча бул автокырсыкта кимиси жол эрежесин бузганы так айтыла элек. Бирок, соц.тармактарда чыккан маалыматтарда  Toyota Avensis унаасынын айдоочусу бурулганда арткы Mercedes-Benz W210 автоунаасы катуу ылдамдык менен келип сүзгөнү талкууланып жатат. Албетте, кимиси жол эрежесин бузса ага мыйзам чегинде баа берилер. Өкүнүчтүүсү, бир үй-бүлєдєн 6 адам каза болду.

Кыргызстандагы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарынын көбү оң рулдуу автоунаалар менен болот. Бирок, оң рулдуу унаа айдаган айдоочулар буга көп учурда макул болушпайт. Эми жогорудагы автокырсыкка учураган унааларды карап көрсөк жарымы сол рулдуу машиналар. Бул жерде айтайын дегеним, Кыргызстандагы жол эрежелери, жол белгилери илгертен сол рулдуу автоунааларга ылайыкталган. Ага болбой эле Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону туш тараптан оң да, сол да рулдуу унааларды киргизе бергенбиз. Натыйжада оң рулдуу автоунаалар саны көбөйүп, чоң трассалардагы автокырсыктарда көбүнесе ошондой унаалар адам өлүмүнүн көбөйүшүнө себепчи болуп калууда.

Айдоочулардын жашына чектөө киргизилсе…

Биздеги жол кырсыктарынын көп болушунун дагы бир себеби, айдоочуулук тажрыйбасы аз жаш балдардын рулга отурушу. Жыл башынан берки эле жол кырсыктарын алып карасак айдоочулары 20-22 жаштын тегерегиндеги жигиттер. Алар миң кыйын болгон күнү да 10-20 жыл машина айдаган айдоочуга салыштырмалуу тажрыйбасы аз. Анын үстүнө жаш айдоочу баары бир курч, шашма болот. Муну эске албай бүтүндөй бир үй-бүлөнүн, жаш балдардын, кары-картаңдардын өмүрүн токтоло элек жаш айдоочунун колуна тапшырып жатабыз. Алар жолго чыгарда кандай эс алганын, унаасын караткан-каратпаганын деле эске алган адам жок.

Экинчиден, Бишкек – Ош, Бишкек – Ысык-Көл автожолу азыркы транспорт агымы үчүн өтө эле тар, кууш. Айрыкча Балыкчыдан ары кеткен жол өтө кууш. Ага карабай ошол жолдо бири-бирине эрегишип, атаандашып жарышкандар, шашып айдагандар көп. Ошондуктан мамлекет адам өлүмүн, унаа кырсыктарын азайтыш үчүн Бишкек – Ысык-Көл жолун кеңейтип, сезон убагында жол коопсуздугун көзөмөлдөө ишин күчөтүшү керек. Ошондой эле буга чейин да айтылып, жазылып келгендей айдоочулук күбөлүк берип жаткан бардык авто мектептердин, окуу мекемелеринин иши, окутуулары дыкат текшерилсе жакшы натыйжа болмок.

Мындан сырткары, автоунаа ай-доочуларынын жашын чектөө боюнча да мыйзам кабыл алуу учур талабы болуп турат. Себеби, азыр 16-17 жаштан 60-70, керек болсо 80 жашта да авто-унаа айдагандар бар. Жогоруда айткандай, жаш айдоочулар жоопкерчиликти билбей адыраңдатып айдашса, улгайган айдоочулардын угуусу, көрүүсү, бир нерсеге ыкчам  реакция кылуусу төмөн болот. Кыскасы, “керкисинде да, кемигинде да бар” дегендей, жол кырсыктарын азайтуу маселесинде маани бере турган жагдайлар арбын.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар