Бүгүнкү күндөгү дары каражаттарынын сапаты, сакталышы, баалары, ошондой эле бул тармактагы жасалып жаткан иштер тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары Канат Бекбоевге бир нече суроолор менен кайрылдык.
– Канат Темирбекович, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин учурдагы ишмердиги тууралуу айтып берсеңиз?
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук бөлүмү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы төмөнкүлөрдү тейлөөчү мекеме болуп саналат:
- дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча;
- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптерине жана эрежелерине ылайык дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу боюнча.
Департаменттин ишмердүүлүгүнүн максаты – дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө, ошондой эле баңги заттык каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу. Ошол эле учурда, Департаменттин милдеттери:
- дары каражаттары жана медициналык буюмдар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган механизмдер аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү жөнгө салуу;
- баңгизаттык каражаттарды, психотроптук аттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө.
– Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү дагы сиз жетектеген департаментке карайбы?
– Ооба, Дары каражаттарынын сапатын мамлекеттик контролдоо системасында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каттоо негизги орунду ээлейт. Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасында фармацевтикалык продукциянын 10281 аталышы катталды, анын ичинен дары каражаттары – 6969, ал эми 678 дары каражаты ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн; медициналык буюмдар – 3312, анын ичинде 86 медициналык буюмдар ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн.
– Дары каражаттарын жана медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо жана бааларын коюу иштерине дагы токтоло кетсеңиз?
– 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата 14818 фармацевтикалык продукциясына сапаты боюнча корутунду берилди, алардын ичинен 8484 дары каражатттарына жана 6434 медициналык буюмдарына.
Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүдө 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын бажы аймагына дүң жеткирүүчүлөр тарабынан төмөнкү фармацевтикалык продукциялар ташылып келинген:
– Кыргыз мамлекетинде Фармацевтикалык уюмдар өтө эле көп болсо керек…
– Бүгүнкү күндө республикада 3900 фармацевтикалык уюмдун лицензиясы бар. Алардын ичинен 841 дарыкана, 2267 дарыкана пункттары, 197 дарыкана күркөлөрү, 40 дарылоо алдын-алуу уюмунун дарыканасы, 338 дарыкана кампалары. Чектелген түрлөр үчүн 165 дарыкана кампалары, 4 медициналык буюмдардын кампалары, 48 фармацевтикалык өндүрүштүк уюмдар.
Фармацевтикалык ишмердүүлүк менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттердин эң көп саны Бишкек шаарында – 30,0%, Чүй облусунда – 13,0%, Жалал-Абад облусунда – 14,0%; Ош шаарында – 11,0%, Ош облусунда – 15,0%, Ысык-Көл облусунда – 5,0%, Талас облусунда – 3,0%, Баткен облусунда – 7,0%, Нарын облусунда – 2,0% түздү.
– Сиз жогоруда психотроптук заттар жана прекурсорлор, баңгизаттар тууралуу айтып кеттиңиз, аларды мыйзамдуу жүгүртүүгө көзөмөл жүргүзүү иштери колго алынганбы?
– Баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин мамлекеттик реестри жөнүндө маалымат бере кетсек, 2024-жылдын 30-июнуна карата Реестрге 661 юридикалык жана жеке жактар (ишкердик субъекттери катталган. Алардын 363ү баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын мамлекеттик реестринин субъекттери, 298и прекурсорлордун субъекттери болуп саналат.
*Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө 39 лицензия берилген.
*6 субъект берген арыздардын негизинде мамлекеттик реестрден чыгарылган.
*18 лицензия берилген арыздардын негизинде токтотулган;
*1 лицензия убактылуу токтотулган.
Отчеттук мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жана белгиленген квотанын чегинде контролдонуучу заттарды Кыргызстанга алып келүүгө жана алып чыгууга лицензия/уруксат берүү жүргүзүлүп, импортко 53 уруксат берилген:
*Прекурсорлорду Кыргызстанга алып келүүгө 25 уруксат;
*Кыргыз Республикасына баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып келүүгө 26 лицензия;
*Баңги каражаттарын алып келүүгө 1 уруксат;
*Кыргыз Республикасына прекурсорлорду экспорттоого 1 лицензия;
* психотроптук, баңгизаттык каражаттарды, алардын аналогдорун жана препараттарды рецепти жок саткан адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү.
Баңгизаттык каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, ошондой эле күчтүү таасир берүүчү заттарды мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен 2024-жылга карата биргелешкен ыкчам алдын алуу иш-чараларынын планы түзүлдү.
– Акыркы убакта Фармацевтикалык уюмдарды текшерүү иштери колго алынганын билебиз, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен мораторий киргизилгенин баса белгилеп кетким келет. Сиздердин иш-аракетиңиздер кандай болууда?
– 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында фармацевтикалык ишмердүүлүк менен алектенген чарбалык субъектилерге 38 пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлүп, 77/1-беренесине ылайык айыптар салынган (Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу), Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 284/1-беренесине ылайык (Милдеттүү түрдө лицензия алуу каралган мыйзамда лицензиясыз (уруксатсыз) ишкердик ишти жүргүзүү) жалпы суммасы – 1 040 500 сомго айып пул салынган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы №1 2025-жылдын 1-январына чейин “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде учурда рейддик текшерүүлөр жүргүзүлбөй жатат.
Ал эми фармакокөзөмөл боюнча айта кетсек, 2024-жылдын I-жарым жылдыгында фармакокөзөмөл жана жарнама бөлүмүнө 128 карта келип түшкөн – дары препараттардын терс таасирлери жөнүндө маалымат болуп саналат.
Бул маалыматтардын минималдуу талап кылынган кабардын бар-жоктугуна валидация жүргүзүлдү, андан кийин жагымсыз реакциялардын учурларын илимий баалоо үчүн маанилүү болгон кошумча толук маалыматты алуу үчүн толук эмес маалымат боюнча иштер жүргүзүлдү. Упсала Мониторинг борборунда VigiBase Vigiflow программасы аркылуу 128 тастыкталган билдирүүлөр эл аралык маалымат базасына жөнөтүлдү.
– Дары каражаттарын байкоо жүргүзүү системасы тууралуу айта кетсеңиз?
– Дары каражаттарынын айкындуулугун жана талапка ылайык сапатын камсыз кылуучу, ошондой эле жарандарды сапаттуу, коопсуз жана эффективдүү дары каражаттары менен камсыздоого көмөктөшүүчү дары көзөмөлдөө системасы киргизилүүдө.
2023-жылга болгон маалыматка ылайык, медициналык буюмдардын 9 миң 395 түрү катталып, 32 миллиард сомго дары каражаттары жана медициналык буюмдар импорттолгон, 36 миң аталыштын сапаты бааланган, 485 фирмалык аталышка баалар жөнгө салынган, 2 миллиондон ашык таңгак жүгүртүүгө чыгарылып, 900 миң таңгак дары-дармектер алынып салынган.
– Дарыларды көзөмөлдөө системасын иштетүүдө этаптарга бөлүнүптүр, кененирээк айтып берсеңиз?
– Ооба, дары каражаттарын көзөмөлдөөнү ишке ашыруу 4 этапка бөлүнгөн. Биринчи этапта, курамында наркотикалык, психотроптук жана күчтүү таасир берүүчү заттарды камтыган 28 түрү киргизилген. Ишке ашыруу мөөнөтү: 2023-жылдын мартынан – 2023-жылдын июнь айына чейин.
– Экинчи этапта жогорку технологиялар фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагында колдонулган дары-дармектер киргизилди. Экинчи этапты ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылдын июлунан 2023-жылдын ноябрына чейин;
– Үчүнчү этапта ЖМДКТ дарылар киргизилген. Ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылдын ноябрынан 2024-жылдын мартына чейин.
– № 1, № 2, № 3 этаптарга кирбеген бардык башка дары каражаттары 2024-жылдын июлунан баштап байкоо жүргүзүлө баштады.
2024-жылдын 17-июлуна карата дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасында 265 саламаттык сактоо уюмдары, 1380 дарыкана иштеп жатат. Дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасында 526 дары каражаттарынын аталыштары жана 5 857 204 ашык дары каражаттарынын таңгагы жүгүртүүгө киргизилип, 1 287 664 жүгүртүүдөн чыгарылган.Байкоо жүргүзүү системасы аркылуу дары каражаттарын кайсыл дарыканада бар экендигин, бардыгын «Дары-Дармек» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн көрүүгө болот.
– «Дары-Дармек» мобилдик тиркемеси эл колдоно турган тиркеме турбайбы?
– Албетте, калк үчүн «Дары-Дармек» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты, ал дарынын статусун, электрондук базага расмий түрдө импорттолгондугун текшерүүгө мүмкүндүк берет. Тиркемени жаңылоо пландалууда, анда дарыларды издөө жана майыптар үчүн үн жардамчысы камтылган.
Тиркеме бардык дарылардын статустарын көрсөтөт. Мисалы, сатыкка жарай турган, сатылып кеткен жана системага кирбеген коддор. Учурда, пилоттук режимде төмөнкү иштер аткарылууда:
- Дары каражаттарын жеткирүүчүдөн акыркы керектөөчүгө чейин көзөмөлдөө.
- Электрондук рецепт жана амбулатордук карта менен интеграция.
- Медициналык буюмдарды көзөмөлдөө.
- Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды тесттик режимде каттоо.
- Оорукананын камылгасынын мониторинги.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасы тууралуу аткарылган иштер?
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасын ишке ашыруунун биринчи беш жылдык этабын аяктагандыгына байланыштуу Программанын шарттарына ылайык 2024-2030-жылдарга бул Программаларды ишке ашыруунун экинчи этабын бекитүү зарылчылыгы келип чыкты.
2024-2030-жылдарга Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан, анын ичинде кыска жана орто мөөнөткө иш-чаралар белгиленген, дары каражаттары менен камсыз кылуу тармагында кошумча тапшырмалар каралган.
– Бизде дары каражаттарынын баасынын туруктуулугун жөнгө салуучу токтом иштейби? Себеби, ар бир дарыканада бир эле дарылар ар кандай айырма менен сатылат.
– Экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында дары каражаттарына бааны жөнгө салуу киргизилди.
Дары каражаттардын баасын жөнгө салуу эрежеси КР МК 2023-жылдын 31-майында №292 «Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекилген.
Бул дарылар тобунун баалары катталбайт:
Алардын ичинде:
- наркотикалык жана психотроптук дары (дефицит болбош үчүн);
- ата мекендик өндүрүшчүлөрү тарабынан өндүрүлгөн (ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында);
- рецепти жок берүүчү дары каражаттары (Рецепти жок дары-дармектердин баасын жөнгө салган өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул практика фармацевтикалык рынокто мындай дары жетишсиздигине алып келет.
Мисалы, Казакстанда 2020-ж. бааларды жөнгө салуу бардык дары-дармек каражаттарына жайылган, учурда бааларды жөнгө салуудан рецептти дары-дармектерди алып салуу жүргүзүлүүдө).
- 100 (жүз) сомго чейин баада ташып келүүчү дары каражаттары (фармкомпаниялар бул топтогу дарыларды алып келүүгө кызыкдар эмес).
Бүгүнкү күндө дары каражаттарынын 612 фирмалык аталышына максималдуу дүң жана чекене баалар катталган.
Жашоого маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген дарылардын баасы кескин көтөрүлгөн учурда биздин бааны жөнгө салуу жана мониторинг бөлүмүнө жарандар кайрылса болот.
– Сиз жетектеген мекемеде фармацевтикалык уюмдарды текшерүү, фармацевтикалык иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерин текшерүү, Ош базарындагы дары сатуучулардын иштерин текшерүү иштери жолго коюлганбы?
– Маселен, 2024-жылы пландан тышкаркы текшерүүгө – 19 жазма эскертүү кабыл алынды, 17си текшерилип, салынган айып пулдардын жалпы суммасы 507 000 сом болду. ДК жана МБны мыйзамсыз сатуу Ош базарында катталган. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы: 7500 сом болду.
Ал эми Бишкектеги Ош базарында мыйзамсыз дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатууга бөгөт коюу максатында 7 рейд жүргүзүлдү.«Берекет-Универсал» соода борборундагы «Ош» базарынын аймагында тиешелүү лицензиясы жок жана мыйзамда белгиленбеген жерлерде (контейнерлер жана лавкалар) жеке жактар тарабынан дары каражаттарын сатууга бөгөт коюу максатында, Ленин райондук администрациясынын жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы «Берекет – Универсал» соода борборунда рейддер жүргүзүлдү. Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жок кылуу боюнча жалпы суммасы 49 478 697 сомду түзгөн 19 текшерүүгө чыгуу жүргүзүлдү. Анын ичинен саламаттык сактоо уюмдары – 99 230,65 сом.
Учурда, Бишкек шаарындагы Ош базары, «Берекет» соода борбору жана Кулиев көчөсү аймагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу максатында Бишкек шаарынын мэриясы, Ленин райондук мамлекеттик администрациясы, Ленин райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте 2024-жылга карата иш-чаралардын планына ылайык биргелешкен рейддер тынымсыз жүргүзүлүүдө.
– Укук бузуулар аныкталганда кандай жазалар колдонулат?
– 30 адамга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин (милдеттүү түрдө алуу мыйзамда каралган лицензиясы (уруксаты) жок ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү жөнүндө) 284/1-беренесине жана (Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу жөнүндө) 77/1-беренесине ылайык жалпы суммасы 205 000 сомду түзгөн протокол түзүлдү.
Ысык-Ата райондук сотунан келип түшкөн каттардын негизинде 3 жаранга Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 77/1-беренесине ылайык жалпы суммасы 30 000 сомго протокол түзүлдү. Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен ДК жана МБ жок кылуу боюнча 241 801 424,44 сомду түзгөн 49 текшерүүгө баруу жүргүзүлдү. Алардын ичинен саламаттык сактоо уюмдары – 9 655 106, 94 сом.
Учурда, Бишкек шаарынын Ленин райондук мамлекеттик администрациясы, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатуу фактыларына бөгөт коюу максатында рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
–Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча/кыргызча-орусча даярдалган сөздүгү тууралуу да айта кетсеңиз?
– Тил мыйзамынын кабыл алынышы менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү да мекемебизде жигердүү жүрүп жатат. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Лингвистикалык экспертиза сектору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 510 «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын» алкагында жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын аткаруу максатында орусча-кыргызча медициналык терминдер сөздүгүн: «Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча/кыргызча-орусча сөздүгүн» даярдаган. Сөздүк 5000ге жакын сөз түшүнүгүн камтып, фармация тармагындагы адистерге, медицина кызматкерлерине, медицинага кызыккан жарандарыбызга арналат.
Сөздүктү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору» талкуулап, редакция-лап, басып чыгарып беришти. 2024-жылдын 2-июлунда аталган мекеменин конференция залында сөздүктөрдүн бет ачаары болуп өттү. Фармация тармагында мындай сөздүктүн биринчи жолу жарык көрүшү мекеменин жетишкендиктери да деп ойлойбуз.
– Азыркы тенденцияда мекеменин ишмердиги мамлекеттик тил болушу керек деген талаптар болуп жатат, сиздерде тармак боюнча иш-кагаздар кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатабы?
– Албетте, кыргыз тилинде 2024-жылдын 8-январынан 25-июнга чейин 515 (2810 б.) дарыны медицинада колдонуу нускамасы экспертизаланып, 28 дары каражаттарынын күбөлүктөрү которулуп бекилди, 16 макет текшерилип берилди. ЕАЭБ боюнча 50 нускама текшерилип, бекилди. 261 (846 б.) медициналык каттоо күбөлүктөрү которулуп, бекилди. Мекемеде эки топ менен 38 кызматкер мамлекеттик тил курсун окуп, сертификатка ээ болушту. Кызматкерлер кат алышууда кыргыз тилинде жазып жатышат.
Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”