Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери болуп депутат Динара Ашимова шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.
Буга чейин «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясын депутат Нуржигит Кадырбеков жетектеп келген.