Улуу, кичүү дебей баарыбыз уюлдук телефонсуз жашай албай калдык. Социалдык түйүндөр жашообузду бир топ жеңилдеткени менен терс таасирин да тийгизүүдө. Атүгүл кичинекей балдарды упчу менен эмес, телефон менен алаксытып калдык. Телефонду көп колдонуу баланын психологиясына канчалык зыянын тийгизет жана баланы интернетке болгон көз-карандылыктан кантип сактаса болот? Биз ушул суроолорго жооп алуу үчүн балдар психологу Дүйшеева Айгүл Бекиновна менен маектештик.
– Учурда ата-энелер кичинекей балдарын алаксытуу үчүн телефондон мультфильм коюп берип коюшат. Жаш балага телефонду көп карматуу анын ден-соолугуна канчалык терс таасирин тийгизет?
– Азыр балдар керелден-кечке телефон кармап, өзү менен өзү болуп алаксып жатпайбы? Айланасындагылар менен мамилеси жок, башка балдар менен ойнобой калышты. Ошону үчүн өзүнүн ой пикирин кеңири айта албайт, кекечтенет же тилинин чыгуусу (сүйлөөсү) бир аз кечеңдеп жатат.
Бизде 6 айлык бала деле телефонду тиктеп калып жатпайбы. Ушуга көндүрбөө керек. Бул баланын өз алдынча ойлонуусуна да кедергисин тийгизет. Жаш балдар телефонду көп колдонгону үчүн түнт өсөт. Экинчи жагынан “Маша и медведь” мультфильмин көп көрүшүп, ошону туурап гиперактивдүү болуп жатышат, анын кыргызчасын тентек дейт. Мультфилимдердин балдарга пайдасы менен кошо зыяны дагы тийүүдө. Башкача айтканда балдардын тентек болуп калуусуна интернеттин дагы салымы болуп жатат.
– Телефонду балага такыр эле карматпоо керекпи же кандайдыр бир кыска мөөнөткө берсе болобу?
– Бүгүнкү балдарга кантип телефон карматпай кое аласың, баланын өнүгүүсү үчүн гаджеттер керек. Бирок телефондун бала үчүн пайда жагы дагы көп, аны менен кошо зыяны да бар. Баласы интернеттен өзүнө пайдалуу нерсени көрүп жатабы же зыяндуу нерселерге алаксып жатабы ошону ата-эне карап турушу зарыл.
Азыркы ата-энелер балдары тынч отурса болду деп телефонду берип коюп, өздөрүнүн ишин кылып жүрө беришет. Бала ошого көнүп алат да аябай талапчан болуп, колуна телефон бербей койсоң тополоң салып, кыйкырып ыйлап, өзүнүн айтканын аткартууга аракет кылат.
Балага телефонду убактысы менен берип, акыл-эсинин өнүгүүсүнө салым кошо турган видеолорду тандап коюп берсек болот. Электрондук китепкана деп баарын интернетке жайгаштырып коюшкан, менин оюмча бул туура эмес. Балага биринчи сүрөт тартканды, китеп окуганды үйрөтүш керек.
Телефонду узак убакыт кароо баланын психологиясына эле эмес, көзүнүн көрүүсүнө дагы зыяны көп экенин унутпашыбыз кажет. Азыркы 3 жаштагы балдардын көзүнүн көрүүсү начарлап жатат. Бул жагынан окулист дарыгерлер да маселе коюп келишүүдө.
– Ошону менен баланы интернетке болгон көз-карандылыктан кантип сактоо керек? Ошондой эле интернетке көз-каранды болуп калган баланы кантип айыктырса болот?
– Бала интернетке көз-каранды болуп калбашы үчүн ага туура багыт берип, аны менен чоң кишидей сүйлөшүү керек. Телефон менен маалымат алат, окуйт, аны пайдасыз нерселерге колдонбош керектигин акырын айтып түшүндүрүш зарыл. Балага жеткиликтүү кылып туура багыт берсек, бала аны кабыл алат.
Ал эми интернетке көз-каранды болуп калган баланы дароо чектебеш керек. Андай баланы акырындык менен башка нерселерге кызыктыруу зарыл. Эшикке алып чыгып балдарга аралаштырып, ар кандай спорттук оюндарга кошуп, телефондон акырындык менен алыстатуу керек. Анын телефонго байланып калганына ата-эненин да түздөн-түз күнөөсү бар. Баласынын айланасындагы адамдар менен аралашпай жатканын байкап турушу керек. Азыркы балдар эшикке чыгып топ теппей, кыздар оромпой (скакалка) ойнобой калды.
Султанбек Аманбеков, “Кыргыз Туусу”