Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Азамат Байышбеков “Meken” брендиндеги ноутбуктарды Ала-Тоо Эл аралык Университетине тапшырды

2024-жылдын 6-сентябрында “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун вице-президенти Азамат Байышбеков “Meken” брендиндеги ноутбуктарды Ала-Тоо Эл аралык Университетине тапшырды.

Университеттин проректору Салидин Калдыбаев университет өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша улам өнүгүүгө кадам таштап жаткандыгын, алдыда электрондук китепкана ачуу өңдүү бир топ пландарды ишке ашырууда ноутбуктар керектелерин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык уланарын, буга чейин да Ала-Тоо Эл аралык Университетинин студенттери “Кыргызиндутрия” ААКнун ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышканы айтылды.

Аталган университеттин өкүлдөрү “Meken” аталыштагы ноутбуктун пайда болушу өлкөнүн илим-билим тармагына чоң салым кошот деген ишеничтерин билдиришти.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар