whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешЖогорку Кеңештин төрагасы Токмок шаарына иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Токмок шаарына иш сапары менен барды

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Токмок шаарына иш сапары менен барды.

Пармламенттен билдиришкендей, алгач төрага А.С.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын абалы менен таанышты. Алсак, аталган мектеп-гимназия Токмок шаарында курулган алгачкы окуу имараттарынын бири болуп эсептелет. Тагыраагы, билим берүү мекемеси негизги имараты 1953-жылы ишке киргизилген. 850 окуучуга ылайыкташканы менен учурда 2245 окуучу билим алат. Ага ылайык, агартуучулар Жогорку Кеңештин Төрагасынан кошумча жаңы окуу корпусун курууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Нурланбек Шакиев билимдүү коом болмоюн өнүккөн өлкөнү куруу мүмкүн эместигин белгилеп: “Андыктан, акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, келечек ээлерине керектүү бала бакчалар, мектептер салынууда. Айрыкча аймактардагы айыл-шаарларда жаңы окуу имараттары арбын курулуп, агартуучулардын да айлык маянасы эселеп жогорулатылууда. Албетте, баарын бир заматта жаңылап салуу мүмкүн эмес. Өлкө экономикасы азыркыдай өнүгө берсе, кыска убакыт аралыгында билим берүү тармагын жаңы деңгээлге чыгарабыз деген терең ишеничтемин”, – деди.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар