Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү келди.
Алар алгач Бишкектеги Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшкан.
Бүгүн ЖККУ ПА Кеңешинин алдындагы Коргоо жана коопсуздук комитеттеринин төрагаларынын координациялык кеңешмесинин жыйыны болот.
Эртең союздаш өлкөлөрдүн эл өкүлдөрү Балыкчыда ЖККУнун “Өз ара аракеттенүү-2024” машыгуусун көрүшөт.