Бүгүн энергетика министри иш сапарынын жүрүшүндө Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттик достук тобунун төрагасынын орун басары Эндо Тосиаки менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын ноябрь айында Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын өлкө башчысы менен болгон сүйлөшүүлөрүн ишке ашыруу, Кыргызстандын энергетикалык потенциалы, учурдагы ири долбоорлор, долбоорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу тууралуу сүйлөштү.
Жолушуунун жыйынтыгында Эндо Тосиаки Кыргызстандын президентине, министрлер кабинетине Япония тараптан жөнөтүлгөн катты кабыл алгандыгына жана эки өлкөнүн кызматташуусун тереңдетүү максатында энергетика министри Таалайбек Ибраевди жибергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Министрдин ар бир сунушун кабыл алып, кызматташууга даяр экенин билдирди.