«Түндүк электр» айрым мамлекеттик мекемелердин жарыгын өчүрөт

«Түндүк электр» ишканасы Бишкек шаарындагы 17 мамлекеттик мекемелердин жарыгы 30-майда өчүрүлөрүн эскертти. Бул тууралуу аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык электр энергиясына ири карызы бар уюмдарга ушундай чара көрүлмөкчү. Алардын эң азы 122 миң, эң көбү 877 миң сомдон ашуун бересе. Тизмеде Ички иштер министрлигинин Каржы-чарбалык башкармалыгы, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы, Улуттук хирургия борбору, Илимдер академиясы, Маңзатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, мамлекеттик цирк жана башка мекемелер жазылган.