Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Төраганын улуу кошуна өлкөгө сапары

13-16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Кытай Эл Республикасында расмий сапар менен болду. Делегация курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Садырбаева, Айсулуу Мамашова, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков жана Алишер Козуев бар.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин Төрагасы Ван Хунин менен жолугушту.

Жолугушууда эзелтен коңшу жашаган эки элдин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышын бекемдөө маселелери талкууланып, анын ичинен Жогорку Кеңеш менен Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Төрага Н.Шакиев акыркы жылдары кыргыз-кытай кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканына токтолуп: “Мында мамлекет башчыларынын салымы өтө чоң. Ал эми биз, эл өкүлдөрү, эки өлкө ортосунда жетишилген келишимдерди, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү ар дайым колдой беребиз. Кытай менен калыптанган байланыштарды кеңейтүү маселеси Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыкка ээ”, – деди.

Соода-экономикалык алакалар тууралуу Н.Шакиев бизде мүмкүнчүлүктөр өтө чоң, экономикалык байланыштардын негизин түзгөн энергетика, тоо-кен, логистика өңдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор арбын экенин баса белгиледи. Ал көп жылдан бери айтылып, бирок, ишке ашпай келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунунун курулушуна тиешелүү макулдашууга быйыл кол коюлганын, достук алакаларды арттырууда маданий байланыштардын маанилүүлүгүн, билим берүү жаатындагы кызматташтык да активдүү жүргүзүлүп жатканын эске салды.

Өз кезегинде Ван Хунин Төрага Н.Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын Бээжинге расмий сапар менен келиши тарыхый окуя экенин белгилеп, эки өлкөнүн алакасы соңку жылдары жигердүү өнүгүп жатканын, Кытай өзүндөгү өндүрүштүк ишканалардын филиалдарын Кыргызстанда ачууга кызыкдар экендигин маалымдады.

***

Ушул эле күнү Төрага Нурланбек Шакиев Бээжин шаарында Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушту.

Жолугушууда эки мамлекеттин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Н.Шакиев соңку жылдары эки өлкөнүн ортосундагы алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп: “Биз негизги стратегиялык өнөктөш өлкө катары Кытай менен калыптанган кызматташтыкты жогору баалайбыз жана мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”, – деди.

Аталган багыттагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине токтолгон Төрага кыргызстандык оор жүк ташуучу унаалардын Кытай мамлекетинин аймагында жүрүүсүнө байланышкан айрым чектөөлөрдү алып салууну сунуштады.

Муну менен катар Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, анын ичинен салык саясатын жөнгө салуу жана инвесторлорго керектүү шарттарды түзүү багытында алгылыктуу иштер жасалып жатканын кошумчалады.

“Кытай мамлекети жана кытайлык ишкерлер менен биргелешип ишке ашырган долбоорлорубуз арбын. Айрыкча, энергетика, тоо-кен, логистика өңдүү маанилүү тармактарда жана инфраструктураны жакшыртуу жаатында жигердүү кызматташып келебиз. Мындан ары да аталган багыттарда кытайлык өнөктөштөр менен иштешүүгө кызыкдарбыз”, – деди ал.

Жолугушууда Төрага маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселесине да токтолду.

Өз кезегинде Чжао Лэцзи айтылган ар бир сунуш-пикир маанилүү экенин белгилеп: “Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан менен кызматташуу биз үчүн өтө маанилүү. Эки өлкөнүн соода байланышын дагы жигердүү улантып, айрыкча сиздерде өндүрүлгөн айыл чарба продуктыларын Кытайга экспорттоо боюнча биргелешип иш алып баруубуз кажет. Энергиянын жаңы булактарын ишке киргизүү, машина куруу жана заманбап технологияларды жайылтуу жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң”, – деди.

Ошондой эле Чжао Лэцзи Төрага Н.Шакиев айткан оор жүк ташуучу унаалардын каттамына байланышкан маселе боюнча ошол эле жерден тийиштүү жетекчилерге тапшырма берип, оң багытта чечилүүсүнө көмөктөшүүнү убада кылды.

***

15-сентябрда Төрага Нурланбек Шакиев Циндао шаардык Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин партиялык тобунун катчысы Ван Люмин менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосунда кызматташтыкты арттыруу, андан сырткары аймактар аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланып, аталган багытта эл өкүлдөрүнүн жасай турган иштери тууралуу сөз болду.

Төрага Кытай Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп өттү. Муну менен катар Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп: “Азыркы учурда саясий туруктуулук орноп, салык саясаты жөнгө салынып, мыйзамсыздыкка жана коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүп, чет өлкөлүк ишкерлер менен инвесторлорго толук шарт түзүлүүдө. Андыктан, кытайлык инвесторлорду, анын ичинен Циндао шаарынын ишкерлерин кыргызстандыктар менен кызматташып, экономикалык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга чакырабыз”, – деди.

Өз кезегинде Ван Люмин: “Жылдан жылга Кыргызстан менен Циндао шаарынын соода байланышы жогорулап келет. Ортодогу мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдаланып, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрө турган болсок, көп ийгиликтерге жетише алабыз”, –  деди.

***

16-сентябрда Төрага Нурланбек Шакиев Циндао шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык соода-экономикалык борборуна барды.

Циндао шаары географиялык жактан алганда деңиз жээгинде жайгашып, суу аркылуу жүк ташууга ыңгайлуу порттору менен да белгилүү. Андыктан, 2019-жылы ишин баштаган борбор Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн ичинде гана эмес, башка мамлекеттерге карата да соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү максатын көздөйт.

Учурда борбордо Кыргызстанга таандык павильон да жигердүү иштеп, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, айрыкча инвестиция тартуу багытында иш жүргүзүүдө. Былтыр эле көргөзмө борбордун көмөгү менен кыргызстандык ишкерлер чет өлкөлүк инвесторлор менен 40тан ашуун келишимге кол коюп, ири инвестициялык долбоорлор ишин баштаган.

Соңку жылдарда Кыргызстанга Циндао шаары жайгашкан Шаньдун провинциясынан заманбап тиричилик техникалары, жүргүнчү ташуучу көп орундуу коомдук унаалар арбын ташылууда.

***

16-сентябрда Төрага Нурланбек Шакиев расмий сапарынын алкагында өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен да таанышты.

Анын ичинен Төрага Циндао шаарындагы темир жол транспортторун чыгаруучу ишканага барды. Алсак, 1900-жылы ачылган ишкана азыркы тапта заманбап темир жол унааларын, алардын катарында жаңы муундагы ыкчам жүрүүчү “Фусин” поезддерин жасап чыгарат. Ылдамдыгы саатына 350 чакырымды түзгөн заманбап поезддер Кытайда гана эмес, дүйнөнүн алдыңкы калааларында колдонулууда.

Ишканадагы өндүрүштүк процессти көрүп жатып Төрага изденип иштеп, талыкпай эмгектенген кытай элинин учурдагы дараметин ушундай өндүрүштүк жайларынан көрүүгө болорун айтып, дүйнө элинин катарында кыргызстандыктар да кытайлыктар менен тажрыйба алмашып, кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстанда акыркы жылдары темир жол каттамдарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын мисал кылган Төрага бул жаатта кытайлык өнөктөштєрдүн тажрыйбасынан өрнөк алуу өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.

Т.ИСХАКОВ

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар