Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Көлүбүздү көздүн карегиндей сактайлы

Ар бир кыргыз баласы Ысык-Көл жердин бермети деп билет. Ысык-Көлдү ыйык көрүп, аны Ыйык Көлүбүз дейбиз, ага кол тийгис мамиле жасагыбыз келет. Бирок, анын баары сөз гана, кооз сөздөр гана. Иш жүзүндө такыр башка.

Жыл башынан бери Ысык-Көлдө тазалоо иштери жүрүп, анын натыйжасында көлдүн жээги ондогон тонна таштандыдан тазаланып, кийинки айларда эле 13,55 тонна таштанды чогултулуп жана 32,7 км. синтетикалык балык уулоо-чу тордон арылтышты. Бул ишти колуна алган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда быйылкы таштандынын көлөмү былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу алда канча көп. Министрлик мунун себептерин эс алуу жайларына карата айтылган алдын ала эскертүүлөр жана тазалык эрежелери сакталбай жаткандыгы, эс алуучулардын санынын көбөйгөндүгү менен байланыштырат.

Суучулдар көл жээгин таштандыдан тазалоону, ошондой эле балык уулоочу тордон арылтууну азыр да улантып жатышат. Мында муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларынын тушундагы көлдүн түбүндө таштанды өзгөчө көп болуп жаткандыгын белгилеп коюуга тийишпиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өткөн жылдын ноябрь айындагы маалыматына таянсак, былтыр жыл башынан кеч күзгө чейин Ысык-Көлдүн жээктеринен 22 тонна 506 кило таштанды чыгарылып, көлдүн түбү 162 км 300 метр балык уулоо-чу тордон тазаланган.

Ысык-Көлдүн жээгин тазалоого мамлекет башчысы айрыкча көңүл буруп, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдү сактап калуу, экологиялык көйгөйдү болтурбоо үчүн көлдүн жээгин жана айланасын масштабдуу тазалоого  өзгөчө тапшырма бергени баарыбызга белгилүү. Мунун натыйжасында, Көлдү тазалоо иштери туруктуу мүнөздө жүрүп, улам бир жээктен кийинки жээкке өтүп, ырааттуу иш алып барылууда. Быйыл март айынан акваториянын үчтөн бир бөлүгү – 214 895 гектар тазаланып, 12,2 тонна таштанды чыгарылды. Мында таштанды тазалоочуларды кыйнаганы эле балык уулоочу торлор. Эски торлор менен жаңы торлор чаташып калган учурлар да кездешет.

Белгилеп койчу нерсе, айрым эс алуу жайлары көлдүн экологиясына астейдил мамиле жасап, эс алуу жайынын айлана-тегерегин, көлдүн жээгин таштанды кылбай, уламкы таштандыны улам сорттоп тазалап турса, айрым эс алуу жайларында таштандылар тоо болуп үйүлүп жатат. Мындай эс алуу жайларында көлдүн жээги да таштандыга толуп, желим бөтөлкөлөр көлдүн үстүндө калкып жүргөнүн да көрүүгө болот.

Өткөн жылдары Чоң-Сары-Ой айылындагы пляждардын биринде көрүнгөн жерге ташталган таштанды жайлары пайда болсо, Койсарынын жээги таштандыга толуп калганын көрүүгө болоор эле. Качан гана эс алуучулар нааразычылык билдиргенден кийин барып тазаланган. Айрым учурда жергиликтүү эл эс алуучулардын көрүнгөн жерге таштанды ыргытканына нааразы болуп, аларга көл жээгинде ичип-жегендерин ошол жерге чачып кете бербей, өздөрү менен кошо алып кетүүнү өтүнгөн учурлары да жок эмес.

Ысык-Көлдүн айланасындагы таштандылар чет элдиктерди да таңдандырып, алар да таштанды тазалоого катышкан учурлар кездешет. Дегинкисинде, Көл жээгиндеги таштандыларды тазалоо жана дегеле Ысык-Көлдүн айланасын таштандыдан арылтуу маселеси кийинки жылдарда жалпы элдик ишке айланган.

Мектеп окуучуларынан баштап, ар кандай коомдук уюмдарга чейин өз демилгелери менен жаратылышты коргоо жана көлдү көздүн карегиндей сактоо иш-чараларына катышып турушат. Мындай коомдук уюмдардын катарына футболисттер ассоциациясын кошсок болот. Өткөн жылы августта FHI коомдук кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Биринчи май жана Ысык-Ата райондорунун окуучулары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине жардамдашып, Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы көл жээгин таштандыдан тазалоого жардам беришкен. Балык уулоочу торлор алынган.

Быйыл сентябрь айынын башында Ысык-Көл облусунда масштабдуу ишембилик болуп, ал иш-чарага 36 миң киши катышып, 700 тоннадан ашуун таштанды чогултулду. Жашылдандыруу иштерине көңүл бурулуп, 1 миң 155 көчөт отургузулду.

Көйгөй жараткан таштандылардын бири желим баштыктары жана желим бөтөлкөлөр. Акыркы жылдарда Ысык-Көл облусунун аймагында желим баштыктарын колдонууга тыюу салынган. Антип облус ичинде желим баштыктарды сатууга тыюу салынган менен сырттан кирген желим баштыктар аз эмес. Ошол эле учурда желим бөтөлкөлөр желим баштыктардан да өткөн баш оору экени айтпаса да түшүнүктүү. Көлдүн түбүнөн да негизинен табылган буюмдар бул желим бөтөлкөлөр.

Ысык-Көл Кыргызстандын бермети экенин, көлгө кол тийгис мамиле жасоо керектигин жүз жолу айтып же кайталап кереги жок. Ал айтпаса да түшүнүктүү. Болгону биз Көлгө болгон мамилебизди өзгөртүшүбүз керек сыяктуу.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар