Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист Бермет МАТКЕРИМОВА “Кыргыз Туусуна” бүтүндөй өмүрүн арнаган калемгерлерибиздин бири. Төмөндө кабарчыбызга берген кызыктуу маегин окурмандарыбызга сунуш кылабыз.
– Бермет эже, бул гезитте көп жыл иштеген экенсиз, кандайча келип калдыңыз эле?
– Бул гезитке келип иштеп калганымдын чакан тарыхы бар. Ал кезде мамлекеттик «Советтик Кыргызстан» гезити деп аталчу. 1981-жылы Кыргыз улуттук университетинде окуп жүргөндө бул гезитке практикага жиберишти. Практикадан өтүп жүргөндө эле штатка ишке алышты. Ошону менен бул гезитте толук 37 жыл иштедим.
«Советтик Кыргызстан» гезити партиянын гезити болгондуктан партиянын органы катары эсептелип, ар бир үйгө барчу. Ар бир үйдөгү мугалим болобу, эмгекчи болобу бардыгы жазылып окучу. Бир учурда гезиттин тиражы 160 миңге чейин чыккан. Анда редакцияда 70тен ашык киши эмгектенчү. Бир чети кызыктуу, бир чети түйшүктүү, күрдөөлдүү иштеген эмгек жамааты менен иштештим.
– Ошол кездеги гезит чыгаруу түйшүгүн кыскача айтып берсеңиз.
– Ал кез менен азыркы заманды салыштырып карасак, гезит чыгаруу түйшүгү да таптакыр башка эле. Ал учурда бүт машинка менен басылчу. «Советтик Кыргызстанда» 8 машинистка иштечү. Ошончо машинканын үнү угулбасын деп атайын кездеме менен кабинетти каптап коюшчу. Эгерде бир барак материалдан 5-6 ката басып алса, машинистка аны кайрадан басчу. Ушул түйшүктү элестетүүнүн өзү эле кандай? Басылып чыккандан кийин жазган журналист өзү окуп, каталарын карайт. Андан соң бөлүм башчы окуп, редакторго берет. Ал окугандан кийин басмаканага жиберилчү. Анда гезит «Эркин Тоо» басмаканасынан басылып чыкчу. Чоң-чоң машиналар болор эле. Темирден ариптерди куюп, атайын столго алып барып гезиттин макетин жасап, линейкалар менен ортолорун бөлүп кагазга чыгарышчу. Андан соң аны корректорлор окуп, дежурный редакторго беришет. Ал окугандан кийин башкы редактор окуйт. Ошентип миң түйшүк менен гезит чыкчу.
Гезит жумасына 5 жолу чыккандыктан, тегирмен биякта эле калсын материалдарды жутуп турчу. Кабарларды республиканын туш тарабына жиберилген кабарчылар же өзүбүздүн атайын кабарчылар барып жазып келишчү. Азыр маалыматты интернет аркылуу 1 мүнөттө эле алууга мүмкүн болсо, ал кезде бир материалды даярдоо үчүн жайлоого барууга, сугатчы болсо талаага барып жанында жүрүп даярдаганга туура келчү. Азыр ойлоп көрсөм ошондо кабарчылар өздөрүн, үй-бүлөсүн унутуп жалаң эле журналисттик түйшүк менен болушчу экен.
Редакцияда күндүр-түндүр иш болчу. Гезит кээде таңкы саат 4тө чыкчу. Эсимде, 1-май күнкү номерди чыгарганда эртең мененки 9-10дорго чейин иштегенбиз. Эшикке чыксак элдин баары кызыл желектерди көтөрүп алып майрамдап жүрүптүр.
Редакцияга мүшөк-мүшөк каттар келчү. Ар бир катта адамдын тагдыры тургандыктан, аларды жоопсуз калтырбашыбыз керек деген ой турчу. Каттар жарыяланабы, текшерүүгө жиберилеби же гезитке чыгарууга болбойбу деген критерийлер менен каралып, ар бир катка атайы жооп жазылчу.
Азыр эми өнүккөн технологиянын жардамы менен гезит чыгаруу түйшүгү кыйла жеңилдеди. Аны менен катар журналисттердин материалдарды чагылдырууда, эл аралык стандарттарды кар-моодо, окурмандарга маалыматты жеткиликтүү берүү ыкмаларында да чоң өзгөрүүлөр бар.
– “Советтик Кыргызстанда” иштеп жүргөндө кайсы белгилүү адамдар менен маектешип, интервью алып калдыңыз?
– «Советтик Кыргызстан» рес-публикадагы бирден-бир гезит болгондуктан, биздин муундагы журналисттерге Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Күлүйпа Кондучалова, Ишенбай Абдуразаков, Майрамкан Абылкасымова, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов өңдүү кыргыздын интеллигенциясынын каймагы менен жолугушуу, алар менен баарлашуу бактысы туш келди. Ошолордон бир экөөнү эскерип айтып берейин.
Турдакун Усубалиев бир жылдары ушул имаратта иштеген экен. Кийин ал кишини атайын редакцияга баарлашууга чакырдык. Ал кезде бир топко эле чыгып калган. Кичине жөлөп-таяп чыгарып коёлу десе, «Жок, мен өзүм эле чыгам» деп өзү эле чыгып келди. Ал кишинин өзүнүн да ушул имаратка сагынычы бар экен. «Бир кезде мен дагы ушул жерде иштедим эле, чакырганыңарга, ошол кездерди эстеткениңерге рахмат» деп жетине албай чечилип, жан дили менен кызыктуу маек куруп берген. Чек ара маселеси боюнча да бир топ суроолор берилген. Ошондо ал кишинин эс тутумуна баа бердик. Ар бир санды, ар бир күндү эстеп, так-даана айтып берген.
Кийин Чыңгыз Айтматов менен жолугушуу өткөрдүк. Айтматов да: «Силердин гезит – туңгуч гезит, коомго тийгизген таасириңер зор» деп абдан жакшы маек куруп берген. Ал кезде көбүнчө белгилүү кишилерди чакырып күндүн орчундуу, көйгөйлүү маселелерин талкуулаган жолугушууларды көп уюштурчубуз.
Ишенбай Абдуразаковдун билими, ой жүгүртүүсү, интеллекти аябай кенен болгондуктан, Кыргызстандын чегинен ашып-ташып тургандай сезилчү. Аны менен баарлашкандан кийин канат байлап чыккандай сезимде калчусуң. Ошондой эле Калый Молдобасанов, Насыр Давлесовдун үйлөрүнө барып, маектешип калдым. Бул кишилер да өзүнчө касиети бар, тубаса таланттар эле. «Гимн кантип жаралган, экөөңүздөр тең залкар болсоңуздар кантип чогуу жаздыңыздар?» деп сураганда, Насыр Давлесов: «Бул жерин сенден алалы, жакшы чыгыптыр, бул жерин менден алалы деп акылдашканбыз. Силер байкайсыңарбы гимнде «Манастын» мотиви бар», – деп айткан эле. Гимн жаңырып атканда дайыма Насыр Давлесовдун сөзү эсиме келип, «Манастын» мотивин издей берем.
Бир жолу Салижан Жигитовдон интервью алмай болуп калдым. Ал киши келегой деп эле интервью берчү эмес. “Адегенде суроолоруңду жөнөт, суроолоруң жакса анан интервью берем”, – деди. 16 суроо түзүп алып бардым. Интервью берди. Кетип баратканда: “ªз алдыңча чыгарып ийсең таарынба. Мен билем журналисттерди. Силер сабатсызсыңар, ката жазасыңар”, – деди. Канча жыл иштеп калсам да 1-класстын окуучусундай болуп, жазганым жакпай калса же андан жайнаган ката тапса эмне болом деп ойлонуп келдим. Интервьюм 6,5 беттей болду. Алып барып көрсөтсөм 3 бетке чейин ката тапкан жок анан «өх» дедим. «Ой сен кыйынсың го. Алым Токтомушев да менден жакшы интервью алчу эле, катасыз», – деп коёт. Үч беттен кийин анан 3-4 ката таап, «бул жерин мындай кыл, ал жерин мындай деп кыскарт» деп оңдоп анан чыгарганбыз. Журналисттерге ар бир киши менен маектешүү, ар бир кишинин мамилеси, акыл туюму кадимкидей таасир берет.
– Гезитке мүшөк-мүшөк каттар келчү деп калбадыңызбы. Демек, гезит карапайым адамдардын арыз-муңун угуп, көйгөйүн чечкен милдетти да орундаптыр да.
– “Советтик Кыргызстан” кезинде сын макала жазган фельетонисттер бар болчу. Ал кезде гезитке сын макала чыга турган болсо анын таасири бомбадай эле күчтүү болчу. Заматта ал республикага тарап, ошол сындалган киши иштен алынып, партиядан чыгарылып же соттолуп кетчү. Ошон үчүн баары коркуп турушчу.
«Кыргыз Туусунун» социалдык саясат бөлүмүн көп жыл жетектеп иштедим. Эсимде, 1994-1995-жылдары «Кыргыз Туусунун» эшигинин алдына баласын ээрчиткен, боюнда бар аялдар көп келээр эле. “Күйөөм мени үйдөн кууп чыкты, жетим өскөм, барар жерим жок, мага жардам бергиле”, деген аялдар аябай көп келди. Жүздөгөн аялдардын тагдырына өзүм күбө болдум. Ал кезде ар бир райондо аялдар комитети боло турган. Аларга байланышып, жагдайды түшүндүрүп, жардам берип коюусун суранып, айрымдарын төрөтканаларга жаткырган күндөрүбүз болду. Мындайча айтканда, райондун социалдык маселелерин биздин гезит чечкен учурлары болду.
«Кыргыз Туусу» элдин турмушуна жардам бергенге, маалымат алышына, адамдардын жеке өнүгүүсүнө чоң салым кошту. Республикада саналуу эле гезит болсо, ошолордун сап башында “Кыргыз Туусу” турду.
– Маалымат технологиялары өнүккөн бүгүнкү доордо гезиттин орду, келечеги кандай болушу керек деп ойлойсуз?
– Эгемендиктен кийин гезитке да абдан күч келди. Мурда гезитти бюджеттен каржылап келсе, эгемендиктен кийин «Кыргыз Туусу» өз алдынча чыкканга, мамлекеттин көзүн карабай, өзүн-өзү каржылаганга өттү. Биздикине эле окшош коңшу Казакстандын «Эгемен Казакстан» гезитин мамлекеттин карамагынан чыгарбай казактар сактап калды. Кезинде “Кыргыз Туусунан” журналисттер ал жакка барып гезит иши менен таанышып келгенбиз. Басмаканасын баш кылып, каражатын, журналисттердин эс алуу жайынан бери мурда кандай болсо ошондой сактап калышыптыр. Азыркы күнгө чейин эле ошондой сакталып келе жатат. Эмне үчүн сактап келе жатышат деп салыштырып карасак, бул тарыхты сыйлагандары экен.
“Кыргыз Туусу” – эң биринчи чыккан туңгуч гезитибиз болгондугу, элге эң биринчи маалымат жеткиргендиги, кат-сабаты жоюла элек элдин алиппеси болгондугу менен маанилүү. Ошол кезден ушул кезге чейинки 100 жылдык тарыхты карап көрсөк, Кыргызстанда эмнелер болду, эмнелер ишке ашты баарын сыдыргыга салгандай гезиттин бетинен тапсак болот.
Мисалы, гезитти жаап салуу оңой. Бирок, 100 жылдык тарыхы бар гезитти бир күндө жаап салуу менен биз тарыхыбызды үзүп, жок кылабыз. Эмне үчүн казактар, америкалыктар, “Эгемен Казакстан”, “Нью-Йорк таймс”, “Вашингтон пост” сыяктуу гезиттерин бүгүнкү күнгө чейин аттарын өзгөртпөй, аларды жок кылбай сактап келе жатат? Алар муну менен тарыхын сактап келе жатат. Жүз жылдык тарыхты бар гезитибизди биздин чоң тарыхыбыздын бир бөлүгү, элибиздин башынан өткөргөн окуяларынын күбөсү, эл турмушунун энциклопедиясы катары сактап калуу бул муундардын, мамлекеттин милдети деп ойлойм.
Бул гезит кайсы бир топтун же бир адамдардын гезити болгон эмес, бул жалпы элдин гезити. Ишеналы Арабаев гезитке «Эркин Тоо» деп ат койгондо өзбек туугандар «карачы, кыргыздар гезитине кандай сонун ат таап алышты» деп суктанган экен.
«Эркин Тоо» деп жөнөкөй эле угулганы менен бул – элибиздин эркиндиги, азаттыгы, эгемендиги, көз карандысыздыгы дегенди туюндуруп турат. Жалпы «Кыргыз Туусунун» окурмандарын, дегеле биздин тарыхыбыз деп гезитти сыйлагандарды, туңгуч гезитибиздин 100 жылдыгы менен куттуктайм. Туубуз колдон түшпөй, дайыма эркиндикте өсүп-өнүп, Кыргызстандын ооматы ашып-таша берсин.
Айгерим Качкынбекова, “Кыргыз Туусу”