Билим берүү жана илим министрлиги II чейректен тартып мектептер үчүн мамлекеттик электрондук күндөлүктү ишке киргизерин билдирди. Бул окуу процессин башкаруу, билим берүүнүн сапатын баалоо жана окуу материалдарын бириктирген биринчи улуттук портал болмокчу.
Электрондук күндөлүктү колдонуунун негизги артыкчылыктары: Маалыматка оңой жетүү. Электрондук күндөлүк ата-энелерге жана окуучуларга реалдуу убакыт режиминде окуу жетишкендиктерин, үй тапшырмаларын жана сабактын жүгүртмөсүн көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бардык белгилүү платформаларда жеткиликтүү боло турган мобилдик тиркемеден колдонуучулар каалаган убакта, каалаган жерден маалымат ала алышат.
Мындан сырткары, окуу процесстери ачык болот. Ата-энелер жүгүртмөдөгү ар кандай өзгөртүүлөр же балдарынын жетишкендиктери жөнүндө билдирүүлөр менен ыкчам кабардар болуп турушат. Бул мугалимдер менен болгон өз ара мамилени жакшыртып, алардын билим берүү процессине активдүү катышуусуна шарт түзөт. Бул бир платформа материалдарды жана үй тапшырмаларды ыңгайлуу пайдаланууну камсыз кылат.
Ошондой эле, маалыматтар автоматташтырылат. Жеке идентификациялык номерлердин (ПИН) негизинде окуучулардын жана мугалимдердин тизмеси автоматтык түрдө түзүлөт. Бул каталарды жок кылат жана мектеп администрациясынын ишин жөнөкөйлөтөт. Бул система ошондой эле маалыматтардын тактыгын, анын актуалдуулугун жана уруксатсыз кирүүдөн коргоону камсыздайт.
Электрондук күндөлүк – бул билим берүү тармагында санариптик башкарууга толук өтүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.
Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан электрондук күндөлүк окуучулар жана алардын ата-энелери, мектептер үчүн акысыз болот.
Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”