Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Тарбиянын ушундай да жолдору бар

Айылда балдарда эрте туруп, мал-келди кароо, чөп чаап, огороддогу иштерди жасоо сыяктуу түйшүктөр да көп болот эмеспи. Ал үчүн эрте туруш керек.

Мындай зарылчылыктан улам, апам биз бала кезде эрте тургузуунун эң сонун жолун тапкан окшойт.

Ал: “Дайыма эрте тургула! Эртең менен азанда Кудай таала бардык адамдарга тегиз ырыскы чачат экен. Эрте тургандар ырыскыдан мол алып, кеч тургандар, уктап калгандар ырыскыдан куру калышат экен”, – деп айтчу.

Ошондон улам эрте туруп көнүп калганбыз. Бул адамдын өзү үчүн да пайдалуу эмеспи.

А атам Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болчу. Ал 1943-жылы аскерге чакырылып, согуш аяктагандан кийин да 1950-жылга чейин Берлиндеги советтик аскердик комендатурада кызмат өтөгөн. Ошол жерде жүрүп, немистердин тактыгына, тазалыгына, коомдук жайлардагы тартибине күбө болуп, кийин тоодо кой кайтарып калганда мага айтып берип жүрдү.

Ошондон улам совет мезгилинде согуш жөнүндө кинолордо немистердин баары фашисттер, мыкаачылар, баскынчылар катарында көрсөтүлгөнүнө карабастан, менде немис калкы жөнүндө жакшы пикир калыптанып калган.

Муну айтып жатканым, бала кезде алган таасирлер эң күчтүү болот экен. Алган фобиялар да, жакшы көрүүлөр да өмүр бою сакталып калат тура. Ошондуктан, балдарыбызга кичинекейинен туура багыт берүүгө аракет кылалы.

Т.ИСХАКОВ

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар