Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Абдывахап НУРБАЕВ: “Билим менен гана өнүгүп өсө алабыз”

Билимдүү Кыргызстан улуттук демилгесинин жетекчиси Абдывахап Нурбаев менен Кыргызстандагы билим берүү системасындагы көйгөйлөр тууралуу баарлаштык.

-Абдывахап мырза, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында көптөгөн демилгелерди көтөрүп, эл үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн күйгөн депутат катары таанылдыңыз эле. Азыр эмне иш менен алексиз?

– Кыргызстандын билим берүү системасына терең анализ жүргүзүп, билим берүү тармагын реформалоо зарыл экенин түшүндүк. Бардык көйгөйлөрдү аныктап, эл аралык тажрыйбаларды, Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Россия, Эстониянын алдыңкы тажрыйбаларын талдап чыктык. Атайын жумушчу топ аракеттеги билим берүү мыйзамын кайра иштеп чыгып, 2 жыл бою мугалимдер, адистер, эксперттер менен Кыргызстандын бардык аймактарында талкууланды. Жыйынтыгында, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнүн жана жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусунда мыйзам долбоору кабыл алынып, Президент кол койду. Бул мыйзамда өтө көп прогрессивдүү демилгелер камтылган.

– Прогрессивдүү демилгелер камтылган деп өттүңүз. Эмнелерди назарга тутуп жатасыз? Эң маанилүү бир-экөөсүнө токтолсоңуз.

– Кыргызстандагы билим берүү тармагындагы көрсөткүчтөр кошуна өлкөлөрдөн бир топ айырмаланып калыптыр. Айталы, Казакстанда балдар бакчасы менен камсыздоо 90%дан жогору болсо, Өзбекстанда 70%дан өйдө. А бизде 26%. Балдарыбыздын көпчүлүгү окуганын түшүнбөйт, айтып бере албайт, жөнөкөй математикалык эсепти чыгара албаган абалда экен. Жалпы 18 млн. окуу китеби керек болсо, азыр 17 млн. ашуун китеп жетишпейт. Эми буга окшогон көйгөйлөр көп. Билим берүүдөгү эң негизги максат – баланын адамдык аброюн сактап, коргоп өстүрүүгө багытталыш керек.

Прогрессивдүү демилгелерди киргизүүгө жол ачкан беренелер боюнча айтсам, андагы эң негизги нерсе мугалимдердин академиялык эркиндиги жана аларга болгон терең ишеним. Биз аларга балдарыбызды окута алат деп ишенип тапшыргандан кийин, ошол эркиндикти толугу менен берип, окуу китептерин, методдорун, сабак өтүүнүн форматтарын эркин тандоо укугу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдүн ар түрдүүлүгүн камсыздап беришибиз керек. Албетте, эмнени окутуш керектиги мамлекеттик билим берүү стандарттарында бар. 1,5 миллионго жакын окуучунун кабыл алуусу ар түрдүү. Алардагы кызыгууну, ынтызарлыкты ойготуу аркылуу билим берүүнү мугалимге калтырсак. Бул жаңы мыйзамдагы мугалимдерге эркиндик берген эң негизги жаңылык. Мындан сырткары, ваучер системасын киргизүү, окуучулардын билимин баалоо сыяктуу жаңылыктар бар.

– Дурус демилгелер экен. Мурунку чакырылышта жарандык авиация, экология, экономика тармактарында демилгелерди көтөрүп, мыйзамдарды демилгелеп келгендей болдуңуз. Бул багыттардагы өлкөбүздө бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан иштерге көз карашыңыз кандай, аракеттериңиз уланып жатабы?

– Бул тармактар мамлекетибиз үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү деп эсептейм. Жарандык авиация тармагында инфраструктураны жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди колдойм. Эми коопсуздук стандарттарын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маанилүү. Мурдагы чакырылышта “Ачык асманды” демилгелеп, ал ошол кездеги өкмөттүн шалаакылыгынан толугу менен ишке ашкан жок. Бирок, эл аралык каттамдардын көбөйгөнү жана аэропорттун бюджетинин эселеп өсүп жатканына күбө болуп жатабыз.

Экологияга келсек, абанын булгануусу – чоң шаарларыбыздагы эң негизги көйгөйлөрдөн. Мурдагы чакырылышта шаарлардагы абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча бир топ демилгелерди көтөрүп, сунуштарды өкмөткө айтып турдук. Бүгүн бул багытта аракеттер көрүлүп, конуштарды газдаштыруу, электрдик унаа-ларга жеңилдиктерди жаратуу, газ менен жүргөн коомдук транспортту көбөйтүү боюн-ча өтө жакшы иштер жасалды. Менимче, быйылкы кышта Бишкек, Ош шаарларындагы абанын тазалыгы бир топ жакшырат.

Ошондой эле, чакан жана орто бизнес-ти колдоо боюнча бир катар демилгелерди көтөргөнбүз. Анткени, бул сектор өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткычы болуп саналат. ЧОБ жумуш орундарын түзүүдө жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Бирок, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнеске жеткиликтүү каржылоо, жеңилдетилген шарттар жана ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн ыңгайлуу укуктук-экономикалык чөйрө зарыл.

Азыркы шартта биз чакан жана орто бизнести колдоого багытталган саясатты күчөтүшүбүз керек. Жеңилдетилген насыяларды берүү механизмдерин жакшыртуу, бизнеске салынган салыктык жана административдик жүктү азайтуу, ошондой эле аларга технологиялык колдоо көрсөтүү – бул чакан жана орто бизнеске туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзгөн кадам.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар