Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштады

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жүрүү акысын көтөрүүнү сунуштады. Ага ылайык, накталай төлөм үчүн жол кире акысы 40 сомго чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин орун басары Бакытбек Сарымсаков ЖМКларга берген комментарийинде мындай кадам жүргүнчүлөрдү накталай эмес төлөмгө өтүүгө стимул берүү үчүн жасалып жатканын айткан.  Ал эми накталай эмес төлөм үчүн 17 сомдук тариф өз күчүндө калтырылууда.

Жаңы тариф ишке кире турган болсо, жүргүнчүлөр бир жолу жол кире төлөгөн соң, 1,5 сааттын ичинде дагы эки жолу акысыз жүрө алышат.

Мэриянын бул сунушу ишке аша турган болсо, жарандар жапырт түрдө электрондук төлөмгө өтүшүп, айдоочуларга да тоскоолдуктар азаят болчу. Накталай акча колдонгондон көрө онлайн акчаны иштетүүнү жашообузга адат катары киргизүүчү убакыт келди.

Жыл башында эле жол кире кымбаттаган болчу

Үстүбүздөгү жылдын 30-январында накталай эмес төлөм системасы ишке кирген. Ошол тариф боюнча учурда накталай эмес төлөм 17, накталай төлөм 20 сомду түзүүдө. Накталай төлөгөн жарандарга бир жолу колдонулуучу билеттер берилет. Аларды көзөмөлдөө үчүн мэрия атайын кызматкерлерди жалдаган. Бирок, автобустагы көзөмөлдөөчүлөр азырынча толук кандуу иштеше элек.

Айдоочуларга сын көп

Жума сайын автобустун катышуусундагы кырсыктар катталып жатат. Кечээ жакында эле жолдон өтүп бараткан кызды автобус сүзүп кетип, ал ооруканада каза болду. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, көпчүлүк айдоочулар орой айдашат. Жолдо баратканда автобустун айдоочулары тарабынан авариялык кырдаалдар көп түзүлүүдө. Буга, балким, айдоочулардын жол кире алуусу, жүргүнчүлөр менен сүйлөшүүсү жолдон алагды болуусуна да себеп болуп жүрбөсүн?

Шаардыктардын пикири

Мэрия жарыялаган бул маалыматтан кийин социалдык түйүндөр аркылуу шаардыктардын пикирин билип көрдүк. Көпчүлүк жарандар жол кире акысынын кескин көтөрүлүшүнө нааразылыгын билдиришүүдө. Айрымдары 40 сом эмес, азыркы 20 сом деле кымбат болуп жатканын айтышса, дагы бирлери дароо эле 50-100 сомго көтөрүп салбайлыбы деп какшык ирээтинде жазып чыгышты.

Улуу муундагыларга ыңгайсыздык жаралбайбы?

Жаштар го ансыз деле төлөөлөрдө электрондук капчыктарды колдонуп калышты. Алар үчүн эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Бирок, улуу муундагылар көбүнчө нак акча менен жүрүшөт. Аларга карта менен төлөө бир аз ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Ошолор үчүн кандайдыр бир жеңилдиктерди кошо карап кетүү керек окшойт.

Эл өкүлдөрү эмне дешет?

 Парламент депутаты Советбек Рустамбек уулу 40 сомго көтөрүү туура эместигин, 30 сомго чейинки бааны койсо болоорун айтууда: “Эгерде электрондук төлөмгө өтсөк, чынында айдоочулардын сол чөнтөгүнө кетип жаткан акчалар тыйылат. Электрондук төлөмдүн жакшы жери ар бир тыйындын эсеби чыгып турат. Бирок, 40 сомго көтөрсө, студенттер кыйналып калышат. Менин жеке оюмда 30 сомдун тегеригинде болсо жакшы болмок”, – деди.

 Эл өкүлү Балбак Түлөбаев шаардыктарды электрондук төлөмгө өткөрүү үчүн жол кире акысын көтөрүү туура эмес деген пикирде:

“Элди электрондук төлөмгө өткөрүүгө стимул берүү үчүн жол кире акысын көтөрүү керек дегенге каршымын. Лотерея уюштурабы же дагы башка жолдорун караштырабы, айтор жол кирени көтөрүү менен нак-талай эмес төлөмгө элди өткөрөбүз дегени такыр туура эмес”, – деди Түлөбаев.

 Дагы бир депутат Винера Раимбачаева электрондук төлөмгө өтүүнү колдой турганын айтты.

“Менин оюмча, бул жакшы сунуш. Себеби акча жеке контролердун же айдоочунун чөнтөгүнө түшпөй түз, ачык мэриянын бюджетине түшөт. Айдоочуларыбыз дагы ким төлөп чыкты, ким төлөбөдү деп алагды болушпайт. Бирок, 40 сом эмес, 25 сом болсо жакшы болмок”, – деди ал.

Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар