Акыркы жылдарда ички миграциядан улам Бишкек, Ош шаарларында, облус борборлорунда батир маселеси биринчи орунга чыкканы белгилүү. Айрыкча, Россия, Украина согушу күчөп, жалпы мобилизациялоо башталганда Россиядан агылып келгендер арбын болуп, натыйжада Бишкекте, анын айланасындагы микрорайондордо батир акысы эки-үч эсе көтөрүлгөн. Андан көп өтпөй борбор калаанын айланасындагы жаңы конуштардагы батирлер да кескин кымбаттап кетти. Батир бизнеси кирешелүү экенин көргөн жеке ишкерлер, катардагы жарандар эки жылдан бери жарыша чакан үйлөрдү, кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди ижарага беришүүдө. Ошол эле учурда батир бизнесинде, ижарага берүүчү менен алуучунун ортосундагы мамилелерде өтө чоң көйгөйлөр бар. Андыктан батир көйгөйүнө баш оорутуп көрдүк.
Ийкемдүү саясат болсо ийге келмек
Эске салсак, былтыр Салык кызматы батирлерди ижарага берип, мамлекетке салык төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн өлкө боюнча атайын рейд жүргүзгөн. Натыйжада, бир топ батир ижарага берүүчүлөр аныкталып, алардын салыгынын эсебинен өлкө казынасына 7 айда 20 миллион сомдон ашык каражат түшкөнү маалым болгон. Бирок, батирди ижарага берүүчүлөрдү аныктоо оңой эмес болгондуктан бүгүнкү күндө да мамлекетке тиешелүү салыкты төлөөдөн качкандардын саны арбын. Аталган кызматтын мындай рейддеринен соң айрым батир ээлери салык шылтоосу менен ижара акыларын мурдагыдан да жогорулатканы белгилүү болду. Алсак, шаар четиндеги бир бөлмөлүү жана эки бөлмөлүү батирлер быйыл күзүндө 4-5 миң сомго, ал эми шаардын ортосундагы батирлер 8-9 миң сомго чейин кымбаттаган. Өкүнүчтүүсү, мындай рейддерди бетке кармоо менен мамлекетке бир тыйын салык төлөбөгөн ижара берүүчүлөр да бааны жогорулатып алышкан. Мындан сырткары азыр ижара берүүчүлөрдүн көбү таштандыга, сууга, электр энергиясына жана башка майда чыгымдарга батирчилерден өзүнчө акча чогултушат.
Ал эми ижара берүүчүлөрдүн айтымдарында, батир акысынын жогорулашына курулуш материалдарынын, коммуналдык кызмат акыларынын, электр энергиясы менен муздак, ысык суу тарифинин кымбатташы себеп болгон. Ошондой эле батир берүүчүлөр батирлерди оңдоп-түздөөдө баалардын жогорулагандыгын айтышат.
Ачык келишим жок, арты бүдөмүк
Салык кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, батирин ижарага берүүчү өз каалоосу менен салык режиминин үч түрүнүн бирин тандап алса болот. Тактап айтканда, батир ээси салыкты патенттин, бирдиктүү салыктын же жалпы режимдин негизинде төгө алат. Эгер батир ээси батирин ижарага берсе бир чарчы метрине 30 сомдон, а жеке турак-үй болсо бир чарчы метрине 40 сомдон салык төлөшү керек. Эгер ижарага берилген батирдин жалпы аянты 50 чарчы метр болсо бир айлык патентке 1500 сом жана 2300 сом социалдык камсыздандыруу полисине төлөнөт. Ошондой эле кимдир бирөөнүн батиринде анын бир тууганы, жакындары, досу жашап жаткан болсо андан салык талап кылынбайт. Албетте, айрым адамдар жакынына батирин бекер бериши мүмкүн. Бирок, батирде жашап жаткандар үй ээсинин тууганы, жакыны, таяке же бөлөсү экенин Мамлекеттик салык кызматы кантип аныктайт? Буга азырынча так жооп жок.
Экинчиден, патентке төлөнүүчү 1500 сом менен полиске төлөнүүчү 2300 сомду батир ээси автоматтык түрдө батир акысына кошпосуна ким кепилдик берет? Жогоруда айтканыбыздай ал сумма кайра эле карапайым ижарачылардын капчыгынан алынары турган иш. Үчүнчүдөн, өнүккөн өлкөлөрдө батирди ижарага берүүнү, ижарага алууну, ижара акысынан мамлекетке салык төлөөнү Салык кызматы эмес, кыймылсыз мүлк агенттиктери ишке ашырат. Мамлекеттик салык кызматы алар менен түздөн-түз иштешет. Агенттиктер ижара берүүчү менен ижара алуучунун ортосунда эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске ала турган келишим түзөт. Аны менен бирге келишимде салык, камсыздандыруу төгүмдөрү, ижара алуучуга түзүлүүчү шарттар, анын милдеттенмелери, ижара берүүчүнүн милдеттемелери да так көрсөтүлөт. Ошондо мамлекеттин да, ижара берүүчү менен ижара алуучунун да кызыкчылыктары корголот. Тилекке каршы, бизде азырынча мындай система жок жана кыймылсыз мүлк агенттиктери батир ээсине батирчини таап берип, ал үчүн акы алуу менен алектенишет. Ошондон улам азыр Бишкекте, анын айланасында канча үй батирге берилип, ким кандай киреше таап жатканы боюнча так маалымат жок.
Мамлекет көзөмөлдөсө болобу?
Студент кезинен бери батирлеп жүргөн Айжаркын Төлөбек кызы (аты атайын өзгөртүлдү) учурда Бишкекте батирлер абдан эле кымбат болуп жатканын айтат. “Азыр курбум экөөбүз шаардын ортосундагы эки бөлмөлүү батирге 40 миң сом төлөйбүз. Кожоюн 20 миң сом депозит алган. Мындан сырткары кайтарууга, эшиктин алдын тазалаганга өзүнчө 1800-2000 сомдон беребиз. Негедир батир кожоюндарынын көбү келишим түзүүдөн качышат. Азыркы кожоюнубуз бирөөлөр текшерип келсе биз анын тууганыбыз деп айткыла деген. Ошондон улам, булар мамлекетке салык төлөшпөйт окшойт деп ойлойм. Азыр бир бөлмөлүү батирлердин эң арзаны 30-35 миң сом. Шаардын ортосундагы көп кабаттуу эски үйлөрдөгү шарты начар батирлерди деле 40-45 миң сомго беребиз дегенде таң калам. Бишкектин чет жактарындагы элита делген үйлөрдүн баалары бир аз арзаныраак”, – дейт 6-7 жылдан бери батирлеп жашап келе жаткан Айжаркын.
Кыргызстандагы орточо маяна 20-25 миң сом болуп жатканда батирдин 35-40 миң сом болушу чынында кымбат. Бул сумманы студенттер, эки-үч баласы бар жаш үй-бүлөлөр, пенсионерлердин төлөшү кыйын. Батир акысынын кымбаттыгы аз келгенсип, ижарачыларга ар кандай кысым көрсөтүп, коркуткан батир ээлери да жок эмес. Ошол себептен мамлекет батир берүүчүлөрдөн салык төлөтүп эле тим болбостон, ижарачылардын да укугун коргошу керек.
Манаптык мамилеге чек коюлушу керек
Сөз башында кеп кылганыбыздай, азыр шаар ичиндеги эски үйлөрдү ири суммага сатып алып, ал жерге чакан эки-үч кабаттуу үйлөрдү куруп, бөлмөлөрүн батирге бергендер да бар. Мындай үйлөрдүн кожоюндары көп жылдардан бери миллиондогон кирешелерге ээ болсо дагы мамлекеттик казынага арзыбаган тыйын төгүп келишет. Себеби, ал үй мамлекеттик каттоодо бир эле турак үй катары катталган. А иш жүзүндө алар коммерциялык жай катарында киреше алуу максатында пайдаланылып жатпайбы!
Азыр Бишкектин ортосунда, чет жакаларында салынган мындай үйлөрдүн бир бөлмөсү 15 миң сом болсо, эки бөлмөлүүлөрү 20 миң сомго чейин ижарага берилет. Ага кошумча кожоюндар ар бир ижарачыдан электр энергиясы, суу, таштанды, оңдоо иштери, короону тазалоо үчүн өзүнчө акча чогултат. Мындай кошумча акча каражатын чогултууга макул болбогондорду үй ээлери ойлонбой туруп кышында батирден чыгарып койгон учурлар да бар. А мыйзам боюнча эгер ижарачы түзүлгөн келишим шарттарын аткарбаган учурда, батирди начар абалга алып келсе же катары менен эки-үч айдын ижара акысын төлөбөсө гана батирден чыгарылат. Өкүнүчкө карай мындай ижарачылар дагы жок эмес. Өз үй-бүлөсүнө, атүгүл батир кожоюнуна тынчтык бербеген адамдар да бар. Андайларды, албетте, ким болбосун тезирээк үйүнөн чыгарууга шашат. Бирок, айрым учурда үй ээсине каяша же сын айтып койгону үчүн да батирден чыгарылып калган фактылар көп. Демек, батир бизнесинде мыйзамдык-укуктук документтер да иретке келтирилип, ижарачыларга манаптык мамиле кылгандарга жана батир ээсине зыян келтиргендерге да катуу чара көрүлө тургандай мыйзамдар кабыл алынышы керек.
Ипотека менен маселе чечилеби?
Акыркы жылдарда так ушул калкты турак-жай менен камсыздоо көйгөйүн жеңилдетүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) линиясы боюнча бардык аймактарда кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Учурда Бишкекте 12 миң жаран МИКке ипотекалык батир алуу боюнча арыз жолдогон болсо, Кыргызстан боюнча 32 393 адам МИКтин кезек баракчасында катталуу. А арыз жазгандардын көбү чынында батирлеп жашаган үй-бүлөлөр. “Ипотекага батир берилсе 30-35 миң сомду батир акысына төлөгөнчө, ай сайын ошол акчаны келечектеги өз батирибизге төлөмөкпүз. Бирок, жеке сектордо иштегендиктен көп документтерибиз ага туура келбей калып жатат”, – дешет алар.
Мындан сырткары, МИКтин маалыматы боюнча, 2023-жылдан тарта мамлекет ипотекалык каржылоого кетүүчү каражатты “акырындык менен сатып алуу ижарасы” системасы боюнча курулуучу үйлөргө жумшоону чечкен. Бул система боюнча батир алуучу кардар мурдагыдай банктарга көп документ тапшырбай МИК менен түздөн-түз кызматташат. Демек, банк аркылуу батир алганга караганда ипотекага батир сатып алуу арзаныраак жана жеңил болот.
Министрлер Кабинети 4-5 жылда шаардыктардын турак үй маселеси толук чечилет деп билдирип келет. Ошол эле кезде турак-жай боюнча эксперттер мамлекет сырттан аз үстөк пайыз менен көп жылга берилүүчү насыяларды алып, көп кабаттуу үйлөрдү көбүрөөк курбаса жакынкы жылдарда батир көйгөйүн чечүү мүкүн эместигин айтышат. “Калктын саны жылдан жылга өсүп жатат. Бишкек, Ош шаарларында жылыга 150 миңдей шаардык бала жарык дүйнөгө келет. Демографиялык божомол боюнча 2028-жылы бул шаарларда жылына 180 миң бала төрөлө баштайт. Калктын саны 1990-жылдарга салыштырмалуу кыйла көбөйдү. Андыктан жакынкы 5-10 жылда кыргызстандыктардын турак үйгө болгон муктаждыгы төмөндөбөйт”, – дейт экономист Элдар Абакиров.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»