1969-жылы Токтогул ГЭСинин курулушуна байланыштуу Токтогул районунун айылдары тоо этектерине жаңы конушка көчүп чыгууга мажбур болушкан. Анткени ГЭСтин курулушуна 33 миң гектар жерди бошотуп берүү зарылчылыгы келип чыккан. Суу сактагычты курууда келтирилген зыянды компенсациялоо үчүн “Электр станциялары” акционердик коомунан түшкөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемеси жүргүзөт.
Атайын эсепке түшкөн каражат социалдык-маданий объекттерди, өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга, курулуш техникаларын алууга, жерлерди өздөштүрүү жана жакшыртууга жана ошондой эле суу чарба жана жерлерди мелиорациялык жакшыртуу, ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүүгө пайдаланылат. Аталган мекеменин аткаруучу директору Замирбек АБДЫКАДЫРОВ тогуз айда аткарылган иштер тууралуу окурмандарга маалымат берди.
Кетмен-Дөбө айыл аймагы
Мазар-Суу айылындагы ФАПтын капиталдык оңдоп-түзөө иштери айыл өкмөт тарабынан жалпы сметалык баасы 4500, 0 миң сомдук түрткү берүүчү (стимгрант) долбооруна киргизилип, анын ичинен 1939,4 миң сом өздүк салым катары айыл өкмөткө которулуп берилген.
Чолпон-Ата айылындагы “Ак-Тилек” балдар бакчасын калыбына келтирүүдөгү оңдоо курулуш иштерине жалпы суммасы 608,2 миң сомдук курулуш материалдары алынып берилди.
Токтогул райондук бириккен музейлердин имаратын оңдоо үчүн айыл өкмөтүнө 100,0 миң сом которулуп берилди.
Токтогул мэриясы
Арал айылындагы кичи футбол аянтчасын толугу менен бүткөрүү үчүн 1499,5 миң сом сарпталган, же болбосо курулуштун 80% аткарылган.
Токтогул шаарындагы Бөкөнбай көчөсүндө жайгашкан муниципалдык спорт комплексинин курулушуна 5000,0 миң сом которулган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 60%га аткарылды.
Абды Суеркулов айыл аймагы
Сары-Сөгөт айылындагы Жаңы-Арык каналын калыбына кел-тирүүдөгү оңдоо курулуш иштеринин 2-этабын аягына чыгарууда 9000,0 миң сом сарпталып, жумуш 75%га аткарылды.
Көтөрмө айылындагы курула турган “Кемпир-өлдү” каналына жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө Мамлекеттик акт, жерди трансформациялоо контурларын тактоо иштери боюнча айыл өкмөткө 313,8 миң которулуп берилип, аталган жумуштар толугу менен аткарылып, долбоорду мамлекеттик экспертизадан өткөрүү үчүн долбоорлоо компаниясына өткөрүлүп берилди.
Көтөрмө айылындагы сугат суу менен камсыз кылуу үчүн “Кемпир-өлдү” каналынын долбоордук-сметалык иш кагаздарынын (ПСД) топографиялык иштери, геологиялык-инженердик иштери, гидрологиялык изилдөө, архитектура жана экология, мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө тендердик табыштаманын негизинде “Geoconsult LTD” ЖЧКсы менен 1615,0 миң сомго келишим түзүлүп, алдын ала 323,0 миң сом, же болбосо 20% которулуп берилген. Азыркы учурда долборлоо-сметалык иш кагаздары мамлекеттик экспертизадан өткөрүү алдында турат.
Толук айыл аймагы
Алмалуу айылындагы курулуп жаткан кичи футболдук аянтчанын курулуш иштерин аягына чыгаруу үчүн быйылкы жылдын эсебинен 500,0 миң сом которулуп берилди. Бүгүнкү күндө темир каркастарын орнотуу жумуштары аткарылууда.
Кең-Колот участкасына балдар ойноочу аянтча куруу үчүн айыл өкмөт тарабынан жалпы сметалык баасы 1300,0 миң сомдук түрткү берүүчү (стимгрант) долбооруна киргизилип, анын ичинен 150,0 миң сом өздүк салым катары айыл
өкмөткө которулуп берилген. Азыркы учурда курулуш иштери жүрүп жатат.
Айыл өкмөткө экскаватор алуу үчүн Жалал-Абад өнүктүрүү фондусунун иш планына киргизилип, өздүк салым катары 2550,0 миң сом которулуп берилди. Бүгүнкү күндө айыл өкмөт тарабынан тендердик конкурс жарыяланып, келишим түзүү күтүлүүдө.
Сары-Камыш айыл аймагы
Бос-Талаа айылынын жолдорун шагылдоо үчүн айыл өкмөт тарабынан жалпы сметалык баасы 2938,0 мин сомдук түрткү берүүчү (стимгрант) долбооруна киргизилип, анын ичинен 510,0 миң сом өздүк салым катары айыл өкмөткө которулуп берилген. Аталган жумуш боюнча жалпы 1,8 км шагыл төшөө иштери толугу менен аткарылды.
Үч-Терек айыл аймагы
Үч-Терек айылындагы Саргата, Үч-Терек айылдарындагы сугат суу менен толук камсыз кылуу боюнча Сары-Таш өзү агып келүүчү суу түтүгүнө кошуу үчүн кошумча насостук бекеттин курулушун аягына чыгаруу үчүн айыл өкмөткө 498,7 сом которулуп берилип, курулуш иштери толугу менен аткарылды.
Кызыл-Ураан айылындагы Бекназар орто билим берүү мектебинин айнек-терезелерин алмаштыруу үчүн айыл өкмөт тарабынан жалпы сметалык баа-сы 3237,4 миң сомдук түрткү берүүчү (стимгрант) долбооруна киргизилип, анын ичинен 752,6 миң сом өздүк салым катары айыл өкмөткө которулуп берилген. Аталган жумуштар толугу менен аткарылган.
Э.Иманалиев айыл аймагы
Айыл өкмөткө грейдер алуу үчүн Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун планына киргизилип, өздүк салым катары айыл өкмөттүн эсебине 850,0 миң сом которулуп берилген.
А. Ибраимов атындагы мектепке кичи футбол аянтчасынын курулушун аягына чыгаруу үчүн 939,5 миң сом “СК РАЙН” ЖЧКсына которулуп берилип, курулуш иштери толугу менен аткарылган.
Чоргочу айылындагы 100 м3 суу кампанын курулушуна 850,0 миң сом айыл өкмөттүн эсебине которулуп берилди.
Чеч-Дөбө участкасына таза суу тартып келүү үчүн курулуш материалдарын сатып алып берүүгө 888,5 миң сом сарпталып, курулуш материалдары толугу менен айыл өкмөттүн карамагына өткөрүлүп берилди.
Жазы-Кечүү айылы
Жазы-Кечүү айылындагы курулуп жаткан бала бакчанын курулушуна өздүк салым катары Жазы-Кечүү айылына 1000,0 миң сом которулуп берилген.
Мекеме-уюмдарга берилген каражаттар
Токтогул райондук “Кара-Каш” карылар үйүнүн ички оңдоо иштерине 886,1 миң сом сарпталып, толугу менен курулуш иши аткарылып, аталган мекемеге акт менен өткөрүлүп берилди.
Токтогул РИИБне имаратынын курулуш материалдары “Амир-Сервис” ЖЧКсы тарабынан сатылып алынып, 592,9 миң которулуп берилди.
Токтогул райондук мамлекеттик архивинин имаратын оңдоо иштери үчүн Жалал-Абад мамлекеттик архивине 95,2 миң сом которулуп берилип, курулуш иштери толугу менен аткарылды.
Жалпы суммасы 2000,0 миң сомдук темир бетон (Ж/Б) электр мамыча 114 даана жана 1 даана 250кВА, 1 даана160 кВА үлгүсүндө трансформаторлор тендерге жарыяланып, алынып келип айыл аймактарга таратылып берилери күтүлүүдө.
Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылындагы 120 орундуу мектептин курулушуна 1700,0 миң сом “Строитель 777” ЖЧКсына которулуп берилген.
Токтогул районундагы кыян, сел ташкынынан жабыр тарткан айыл аймактарга жана мекемелерге жалпы 769,7 миң сомдук дизелдик күйүүчү май алынып, таркатылып берилди.
Токтогул мэриясына караштуу Жаңы-Жол айылында жайгашкан мамлекеттик кызматтык үйлөрдүн кошумча (тосмо суу түтүкчө, канализация жана очоккана) куруу иштерине “Империум” ЖЧКсына 2128,5 миң сом каражаты которулуп берилип, курулуш иштери толугу менен аткарылды.
Э.Иманалиев айыл аймагындагы Чаргынов атындагы орто мектебинин ашканасынын кошумча аткарылган жумуштарына 422,155 миң сом “МЖА Лтд” ЖЧКсынан которулуп берилип, аткарылган жумуштар айыл өкмөттүн карамагына өткөрүлүп берилди.
Токтогул райондук “Кыргыз Почта” мекемесине караштуу Саргата айылындагы Саргата байланыш бөлүмүнүн курулуп жаткан имаратынын ички жана сырткы жасалгалоо жумуштары жалпы суммасы 417,7 миң сомго “Улук Строй” ЖЧКсы тарабынан толугу менен аткарылып, тиешелүү мекемеге өткөрүлүп берилди.