whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.03.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарБаткендиктер 2 күн акысыз медициналык кароодон өтө алышат

Баткендиктер 2 күн акысыз медициналык кароодон өтө алышат

Өзбекстандан келген Республикалык адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык, ошондой эле медициналык реабилитация борборунун директорунун орун басары медицина илимдеринин доктору, профессор Абдукаххор Фозилов баштаган дарыгерлерди Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Дарыгерлер сапарынын максаты — эки тараптуу кесиптик гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу, эки өлкөнүн жарандарына медициналык жардам көрсөтүү.

Дарыгерлердин курамында тажрыйбалуу онколог, эндокринолог, онкогинеколог дарыгерлери бар. Алар бүгүндөн тарта, эки күн ичинде Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, Баткен облусунун жарандарын акысыз медициналык кароодон өткөрөт.

Маруфхан Тулаев өз сөзүндө, дарыгерлердин бул сапары кыргыз-өзбек элинин бир туугандык, жакын кошуналык ынак мамилесин дагы бир ирет далилдеп, бекемдерин белгилеп, облус жетекчилигинин жана Баткен элинин атынан ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, бул сапардын алкагында, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен Өзбекстандын Республикалык адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык, медициналык реабилитация борборунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул иш аракеттер эки өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу кызматташуу боюнча жетишилген макулдашууларынын иш планынын жана жол картасынын негизинде ишке ашууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар