Вторник, 24 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Түркиядагы террактта жабыркагандарын арасында кыргызстандыктар жок

Түркиянын Кахраманказан районундагы түрк аэрокосмостук компаниясынын объектисиндеги жардыруу болуп, 22 адам оор жаракат алган. Бул тууралуу Анадолу маалымат агенттигинен кабарлашты. 

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая жардырууга террористтик уюмдардын тиешеси бар экендигин, кол салгандардын ичинен эки террорист жок кылынганын айтты. Ошондой эле Йерликая алардын бирөөсү аял болгонун белгиледи.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады.

«Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктардын жарандары жок», — деп айтылат маалыматта.

Терракттан кийин Анкаранын башкы прокуратурасы иликтөө башталгандыгын Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч маалымдады.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар