whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү"Кыргызстандын экономикалык ландшафтын түзүүдө Соода-өнөр жай палатасы негизги ролду ойнойт"

«Кыргызстандын экономикалык ландшафтын түзүүдө Соода-өнөр жай палатасы негизги ролду ойнойт»

25-октябрда Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Ага Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Минкаб төрагасы маараке менен куттуктап, экономиканы өнүктүрүүдө жана ишкерлерди колдоодо Соода-өнөр жай палатасынын маанилүү миссиясын белгиледи.

“Мен бул маанилүү институттун атын – “соода”, “өнөр жай” жана “палата” деп үч бөлүккө бөлүү менен, анын терең маанисине көңүл бургум келет. Бул үч элемент бир механизмди түзөт. Соода өсүштү камсыз кылуу жана рыноктун суроо-талабын канааттандыруу үчүн сапаттуу өндүрүлгөн товарларга муктаж. Өнөр жай өз кезегинде өндүрүштү кеңейтүү жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн өнүккөн соода тармактарын жана жаңы рынокторду талап кылат. Ал эми палата соода менен өнөр жайдын кызыкчылыктарын байланыштырган, алардын өз ара аракеттенүүсүн колдогон жана жалпы экономиканын өсүшүнө салым кошкон координациялык борбордун ролун ойнойт”, — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, Минкаб төрагасы өлкө экономикасынын тез өзгөрүшүн жана өсүүсүн белгилеп, өткөн жылы өлкөнүн ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашканын, ИДПнын орточо өсүү темпи акыркы үч жылда 7,5% түзгөнүн айтты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар