Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Садыр Жапаров Мединадагы Пайгамбардын мечитинин имамы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 25-октябрда Сауд Аравиясынын Медина шаарындагы Пайгамбардын мечитинин имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр менен жолугушту. Алар диний билим берүү жана руханий байланыштарды чыңдоо жаатында кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы Сауд Аравиясынын кыргыз жарандарына, анын ичинде зыяратчыларга жана эмгек мигранттарына жасаган меймандос мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандан жылына Мекке, Медина шаарларына ажылык зыяратына 6000 киши барса, 50 000 киши умра сапарына барып жатканын айтты.

Президент имамдын сапары кыргыз аалымдарына, дин кызматкерлерине пайдалуу болоруна жана алар анын тажрыйбасынан баалуу билим ала аларына ишеним билдирди.

Салах бин Мухаммад Аль-Будейр Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы кызматташтык стратегиялык мүнөзгө ээ экенин жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, дин жана кайрымдуулук долбоорлору жаатында эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү ырааттуу тереңдетүүгө багытталганын белгиледи.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар