Жогорку Кеңеште Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана анын тунгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Төрага Нурланбек Шакиев аталган маарекелердин мааниси тууралуу сөз кылып: Мындан туура 100 жыл мурун эгемендикти эңсеген элге үмүт берген чоң бурулуш болгон. Тагыраагы, азыркы кайрадан калыбына келген көз карандысыз мамлекетибиздин алгачкы пайдубалы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндө түптөлгөн. Албетте, автономиялуу облус да жеңил эле түзүлө койгон эмес. Бул үчүн көптөгөн көсөмдөрүбүз күрөшүп, улуттубуздун ысымы жазылган автономиялуу облусту түзүү үчүн көп эмгек жумшашкан. Алардын катарында Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев өндүү даанышман аталарыбыз турган”, – деди.
Иманалы Айдарбековдун өмүр жолу көпчүлүккө үлгү экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусунда аталган инсандын салымы зор. Анын жетекчилиги менен алгачкы мамлекеттик органдар түзүлүп, борборубуз Ташкенттен Бишкекке көчүрүлгөн. Ошондой эле ал туңгуч жетекчи катары өлкөбүздөгү бардык жаңылануулардын башында туруп, эл чарбасын түптөөгө, экономикабызды өнүктүрүүгө, калктын социалдык турмушун жакшыртууга бардык күч-аракетин жумшаган”, – деп кошумчалады.
Эскерте кетсек, иш-чарага окумуштуулар, тарыхчылар жана коомдук-саясий ишмерлер дагы катышты.