28-октябрдан баштап Кыргызстанда «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, масштабдуу иш-чара Кыргызстанда 2015-жылдан бери Улуттук банк тарабынан координацияланып, мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана башка катышуучулардын көмөктөшүүсү менен ишке ашырылып келет.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн негизги максаты — калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 28-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкек шаарында жана аймактарда мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен биргеликте ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.
Финансылык кызматтар боюнча консультация берүү жана банктык, микрофинансылык жана башка финансылык кызматтар жөнүндө маалымат берүү максатында 2024-жылдын 31-октябрында саат 10:00-14:00гө чейин Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү 547 дареги боюнча Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде финансы-кредит уюмдары жана мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулуп жаткан финансылык жарманке өтөт. Финансылык жарманкеге бардык каалоочулар катышса болот.
Иш-чаралар тууралуу кененирээк маалымат Финсабат маалымат-билим берүү порталынын https://finsabat.kg/ «Жаңылыктар» бөлүгүндө жайгаштырылган.