Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калган.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери, тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылган.
Кошумча маалымат берилет.