(Башталышы өткөн санда)
Мисалы, бир эле шаар институционалдык экономикасы турдүүчө болгон эки өлкөнүн бийик дубал менен тосулган чек арасында жайгашсын дейли. Алардын жашоо-чуларынын ата-тектери деле бир. Ал турсун, географиясы менен климаттык шарттары окшош. Маданияты менен салттары жалпы. Бирок, экөөнүн жашоо-турмуштарындагы айырмачылык асман менен жердей болуп жатпайбы?! Биринчиси бай, экинчиси кембагал. Эмне үчүн? Бул эки элдин жашоо сапаттарынын түрдүүчө болуп жаткандыгынын себеби ошол тосмонун эки тарабындагы жашоочулар түрдүү институционалдык экономикага тушугушканында. Байлар жашашкан жагында экономикалык институттар сапаттуу билим алууга, кесип тандоого, киреше алууга шарт түзгөн инвестициялык климатты жакшыртууга кам көрөт экен. Бирдиктүү улуттук идеологияны орнотот. Ал эми саясий институттары болсо, канааттандыраарлык эмес иштер көбөйүп бара жатса, мыйзам жолу менен андай бийликти дароо алмаштырып салууга же каталарды тез арада оңдоп кетүүгө мажбур кылат тура!
Ал эми ошол эле шаардын шору каткан кедей тарабында билим алуу начар же пара алып көрүнгөндү туураган, илим изилдөө иштеринин ордуна фанатик динчилдердин арам ойлоруна жол берген, тууганчылык, карындаш-урук менен жердешчиликти алдыңкы орунга койгон, улутту бириктирүүнүн ордуна уруу-уруулардын кыйраткыч идея-ларын колдогон, кайдагы бир байыркы жомокторго жетеленген саясатты жактырган жашоо болуп жатпайбы? Анан кайдан өнүгүү болот? Дал ушундай мисалдарга таянган быйылкы экономист-нобелиаттар, ийкемдүү экономикалык моделдери менен ийгиликке жетишип отурушат.
Анда суроо туулат. Эмне үчүн кээ бир өлкөлөрдө ошол эффективдүү экономикалык институттар иштеп кеткен, ал эми калгандарында иштей албайт?
Мунун себебин, каармандарыбыз 500 жыл илгери орун алган европалыктардын Улуу географиялык ачылыштары менен тыгыз байланыштырышат. Авторлор мурда колония болуп келген 60ка жакын өлкөлөрдү изилдешкен. Ал эми ошол колонияларды тарыхтагы табигый эксперимент катары карашкан. Европалыктар өздөрүнүн колонияларында түрдүүчө эрежелерди колдонушкандыктары белгилүү эмеспи? Алардын кээ бирлеринде азыр мода болуп калган демократиялык түзүлүштөр орун алса, кээ бирлеринде диктатура орногон. Мындай айырмачылыктар кээ бир колонияларда жашоого ынгайлуу шарттарга жараша болот. Ал жактарга европалыктар көп санда көчүп бара башташкан. Натыйжада ал жерлерде жеке менчик укуктары корголуп кеңейтилген жана көп адамдар экономикалык активдүүлүгүн иш жүзүнө ашыра алышкан.
Башка аймактар анчалык жагымдуу болбосо, ал жерлерде европалык келгиндер аз санда болушуп, бирок, так ошолор өзгөчө элиталык топторду түзүп алышып, диктатура орнотушкан. Жер ресурстарын каалаганча ээлешкен.
Ошол эле учурда, ээлеген аймактардагы Европадан барган адамдардын орточо жашоо өмүрлөрү дагы эске алынган. Жергиликтүү ооруларга туруштук бере албаган аймактарга, албетте, миграция аз болгон. Мисалы, Түштүк Америка, Индия. Ал эми жагымдуу чөйрөлөргө европалык колонизаторлор жулунуп, көп санда барышкан. Мисалы, Түндүк Америка, Австралия, Жаңы Зеландия. Анан калса, жергиликтүү аборигендердин саны дагы таасир берет. Андай жерлер кен-байлыктарга бай экендиги анык. Ошондуктан колонизаторлор аларды аскердик күч менен багынтышып, тез эле жомоктогудай байышкан. Аз сандагы бас-кынчылар жергиликтүү элди кырышкан, калгандарын кул катары кара жумуштарга чегеришип андан бетер байышкан. Алтын, күмүш баштаган бардык кендерди ээлешкен. ахта, кант, нефть сыяктуу ресурстарды каалашынча пайдаланышкан. Жергиликтүү элдин турмушун азапка салышкан. Ал эми жаратылыш ресурстары аз аймактар мындай азаптан оолак болушкан.
Натыйжада, Аджемоглу, Джонсон жана Робинсон экономика илимине “инклюзивдик” жана “экстрактивтик” институттар түшүнүгүн сунуш кылып отурушат. Инклюзивдик саясий институттарда элдин көпчүлүгүнүн кызыкчылыгы эске алынат, ал эми саясий элитаныкы болсо, мыйзам аркылуу чектелет. Экстрактивдик институттар үстөмдүк кылса – тескерисинче! Мындай илимий моделдин кайсынысына биздин Кыргызстан туура келет? Муну биздин эбегейсиз сандагы “экономист-окумуштууларыбыз” жана “гениалдуу чиновник-адистерибиз” жооп издеп таап, кеңири айтып беришээр?!
***
Тынчтыкты коргоо. Альфред Нобелдин осуяты боюнча тынчтык маселесине зор маани берилип, дүйнө элдерин жакындаштыруу, согуштук армиялардын санын азайтуу жана тынчтыкка үндөгөн демилгелерди колдоо максатында “Нобелдик тынчтык сыйлыгы” уюштурулган. Кийинчерээк бул сыйлыкка көрсөтүлгөн баалуулуктар кеңейди. Эми номинанттарга гуманитардык жардам, этникалык конфликттерге же климаттык коркунучтарга каршы күрөш, адам укуктарын коргоого жана демократияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн делген талаптар дагы коюла баштады.
Бирок, бул сыйлык саясатка жакын болгондуктанбы, жыл сайын лауреаттардын айлана-чекелеринде айгышкан талаш пикирлер орун алып келет. Канткен күндө дагы, бул сыйлыктын зоболосун көтөрүшкөн чыныгы улуу инсандар болушкан. Мисалы, ядролук сыноолорго каршы күрөшкөн физик жана химик Лайнус Полинг (АКШ, 1962-жыл), расалык теңсиздикке каршы кайраттуу күрөшүүчү Мартин Лютер Кинг (АКШ, 1964), аппартеидге каршы курөштө жеңүүчү болгон Түштүк Африканын лидери Нельсон Мандела (1993), кыйраткыч суутек термоядролук бомбаны жасап алып, бирок, анын колдонулушуна чечкиндүү каршылык көрсөткөн гениалдуу физик Андрей Сахаров (1975), элдер менен диний конфессиялардын теңдиги үчүн күрөшүшкөн Тереза апа (Индия, 1979) жана 14-Далай Лама (Индия, 1989). Бул инсандардын аттары адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калаары бышык!
Бирок, ушундай эле сыйлыктардын берилишин эл аралык коомчулук күмөн катары кабыл алынган учурлар да жок эмес. Айталы, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык маселеси канча жылдардан бери курч болууда. Ошого карабастан эл аралык конъюнктуралык кызыкчылыктардан соң Нобель сыйлыгын алууга жетишкен адамдар дагы болушту. 1978-жылы Египеттин президенти Анвар Садат жана Израилдин премьер-министри Менахем Бегин Египет менен Израилдин ортосундагы тынчтыкты камсыз кылган аракеттери үчүн сыйланышкан. Бирок, бекем тынчтык ушул күнгө чейин орногон жок! Ал турсун нааразы болгон аскерлердин бир тобу 1981-жылы Анвар Садатты Каирдин чок ортосунда залп менен атып өлтүрүп отурушат!
Ушундай эле көрүнүш Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотушту деп Палестинанын лидери Ясир Арафат бир жактан жана Израилдин премьер-министрлери Шимон Перес менен Ицхак Рабин экинчи жактан 1994-жылы Тынчтык Нобель сыйлыгын алышкан. Анан эмне болду? 1995-жылы еврей улутундагы радикал Ицхак Рабинди “чак түштө” атып салды! Ал эми Израиль менен Палестинанын ортосунда тынчтык өкүм сүрмөк турсун, бүгүнкү күндө 3-дүйнөлүк согуштун себепкерлери болгону жүрүшөт! Газа секторунда эле бир жылда 40 миңге жакын адам набыт болуптур!
Ошондуктан, Нобель Комитети кийинки учурларда сыйлыгын белгилүү инсандарга жалгыздап эле ыйгара берүү ыкмаларынан кайткандай. Мына быйыл, атактуу сыйлык япониялык “Nihon Hidankyo” кыймыл-уюмуна бир добуштан ыйгарылып отурат. Менимче абдан адилеттүү чечим болду. Эмне үчүн? Башында жазганымдай, азыр бүт дүйнө ядролук катаклизмдин барымтасына кептелип калды. Бул эч кимге пайда алып келбей турган эл аралык конфликтке түздөн-түз бир нече термоядролук куралы бар өлкөлөр илешип алышты. Алар АКШ, Россия, НАТОнун мүчөлөрү болушкан, ядролук державалар – Франция менен Англия. Ал эми Жакынкы Чыгышта болсо, атом бомбасы бар Израиль менен Иран (буларда дагы ядролук курал бар экендиги айтылып жүрөт) бетме-бет түрдүү конструкциялардагы ракеталар менен атышууга өтүштү! Чыгыш Азияда Түндүк Корея менен Кытайда да ядролук арсенал жетиштүү санда бар. Индия менен Пакистанды айтпай эле коёюн. Алар азырынча тынч отурушат, Кудайга шүгүр! Бирок, “ядролук жин” каалаган учурда бөтөлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн да! Ушундай кырдаалды эске алып Нобель Комитети мындан дээрлик 80 жыл илгери АКШ тарабынан япон шаарлары Хиросима менен Нагасакиге ыргытылган атом бомбаларынын курмандыктары болушкан жүз миңдеген адамдардын элестерине арнап, сыйлыгын берип отурат.
Комитеттин корутундусуна ылайык, Nikon Hidankyo Хиросима менен Нагасакинин бомбалоолоруна туш болгон курмандыктардын бирикмелери катарында “ядролук куралдарды тыюу салуу жолу менен, аларды адамзат эч качан колдонбоосун камсыз кылууга арналган аракеттери” үчүн деп сыйланып жатат. Бул япон уюмунун мүчөлөрү өздөрү жабыр тарткан тозок экинчи бир да адамдын башына түшпөсүн деген тилек менен “ак эткенден так этип” келишет. Аталган уюм 1956-жылы түзүлүп, атом бомбасынын залакасынан майып болуп калган адамдарга (аларды “хибакуся” деп аташат) медициналык жардам көрсөтүп келет. Мындан сырткары бул бирикме ядролук куралдарды жасоо жана колдонуу аракеттерине катуу каршылык көрсөтүп жүрөт! Япония өлкөсү термоядролук курал боюнча 3 принципти катуу карманат: ядролук куралга ээ болуу идеясынан баш тартуу, аны өндүрүүгө тыюу салуу жана өз өлкөсүнүн аймагына ядролук куралды киргизбөө.
Япон элинин ушундай ыйык жана асыл максаттарына тилектеш болгон дүйнөлүк күч барбы? Менин күмөнүм чоң. Анткени, азыркы күндөрү согушуп жатышкан өлкөлөр, тескерисинче, ядролук куралдарын булгалашып, бири-бирин коркутууга өтүп алышты! БУУ уюмунун аракеттерин тоготпой булкунган мамлекеттер да бар, аттиң! Ошондой болсо дагы адамзат эң жогорку аң сезимдин ээси катары, акылына келээр деген үмүт чоң!!!
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, физика-математика илимдеринин доктору,
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор